Майк Помпео: Орусия менен кызматташпоо америкалыктарга коркунуч туудурат
БЧБ (Борбордук чалгындоо башкармасынын) директору Майк Помпео эгер терроризмге (Исламга) каршы күрөштө Орусия менен кызматташпасак, АКШ жарандарынын өмүрү коркунуч астында калышы мүмкүн деп билдирди. Помпео бул тууралуу бейшемби күнү АКШ Конгрессиндеги Сенат межлисинде демократтардын жетекчиси Чарлз Шумерге жиберген катында маалымдады.
Орусиянын “Тасс” агенттигинин кабарлашынча, Помпео өзүнүн билдирүүсүн АКШ менен Орусиянын чалгындоо кызматтарынын жетекчилери жакында өткөргөн жолугушуулар тууралуу Шумердин баянаттары негизинде жиберген.
“Биз терроризмге (Исламга) каршы күрөштө орус разведкасы менен иштешүүгө этибарсыз карасак, америкалыктарды чоң коркунуч астында калтырган болобуз”,- деп айтылат БЧБ директорунун катында.
Помпео өз сөзүндө АКШ менен Орусия разведка жетекчилери ортосундагы алакалар үзгүлтүксүз алып барылып жатканына этибар каратты.
Бирок, АКШ Терроризмге каршы күрөш аты менен Исламга каршы күрөшүүдө Орусиядан өнүмдүү пайдаланып келсе да, Вашингтон Москваны өзүнө дос деп билбейт. АКШнын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги өкүлү Никки Хейли АКШнын Виржиния штатында Республикачылар партиясынын мыйзамчыларына сүйлөгөн сөзүндө бул тууралуу ачык билдирди.
“Москва менен Вашингтон ортосунда кызматташтыктын бир нече багыттары бар болсо да, бирок Орусия Американын досу эмес”,- деди Никки Хейли.
Хейлинин ырасташынча, Орусия АКШ менен дос болушу үчүн айрым позицияларынан баш тартышы керек. Эгер Орусия өкмөтү учурдагыдай өзүнүн позицияларына катуу жабышып алса, Орусия менен АКШ ортосундагы достук ийгиликтүү боло албайт.
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…
Басма сөз баянаты ﴿وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡ﴾ «Яхудий жана насронийлер…
Басма сөз баянаты Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп…
Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…