Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмон менен жолукту
Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков 1-февраль күнү Тажикстанга үч күндүк расмий сапар менен барды. Жээнбеков Дүйшөмбү шаарында Эмомали Рахмон менен жолугуп, тар жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жээнбеков сүйлөшүү учурунда, Кыргызстан менен Тажикстандын эли чегаралардын делимитация кылынып бүтүшүн күтүп жатканын билдирди.
“Көптөгөн маанилүү маселелер боюнча көз караштарыбыз жана позициябыз окшош болгону кубандырды. Кызматташуунун бардык багыттарында эки тараптуу механизмдердин натыйжалуулугун ашыруу керек. Ошондуктан, кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркация иштерин жүргүзгөн өкмөт аралык комиссия туруктуу ишин алып барышы керек. Биздин эл көп жылдан бери чек ара сызыгынын такталышын күтүп жатат. Бул келишимге кол коюу менен биз чек арадагы райондордун байланышын жана коопсуздугун бекемдей алабыз.”, – деди Сооронбай Жээнбеков.
Анын айтымында, өкмөттөр аралык жумушчу топтор ишти тездетүү жана жакынкы убакта Кыргызстан-Тажикстан чегарасын аныктоо, укуктук негиздерди жыйынтыктуу түрдө макулдашуу үчүн жолугушуу өткөрүшү керек.
Президенттин пикиринде, мамлекет чегараларын бекемдөө менен терроризм, экстремизм, наркотрафикке каршы биргелешип күрөшүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүү зарыл.
Мындан тышкары, Жээнбеков Кыргызстан Тажикстан менен товар алмашууну көбөйтүү ниетин билдирди.
Анын сөздөрүнө караганда, соода-экономикалык кызматташтыкты ишке салуу жана Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы товар алмашуунун өлчөмүн көбөйтүү үчүн жеңил шарттарды жаратуу зарыл.
“Мен өкмөттөргө, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүн жана ВСП+ макамын эсепке алган абалда, товарларды экспорт, импорт, а түгүл реэкспорт кылуу тармагында кызматташуу механизмдерин иштеп чыгууну сунуш кылам”,- деди Жээнбеков.
Кыргызстан президенти жакынкы убакта Тажикстан ишкерлеринин катышуусунда Бишкекте бизнес-форум өткөрүү сунушун алга сүрдү.
Мындан тышкары, жарандардын өз-ара сапарлары жана туризмди өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды жаратуу максатында, Бишкек-Душанбе-Бишкек багыты боюнча мамлекеттер ортосундагы каттамдардын саны көбөйтүлөт.
Эмомали Рахмон болсо сүйлөшүү учурунда энергетика, экономика, чегаралар делимитациясы, Борбор Азия аймагындагы коопсуздук маселелерине катуу көңүл буруу маселелер каралганын билдирди.
Анын айтымында, сүйлөшүүлөр өз-ара түшүнүшүү менен өткөрүлдү. “Өткөн 25 жыл ичинде мамилелерибиз жакшы түс алды. Өз ара пайдалуу кызматташтык түзүлдү. А түгүл буга укуктук негиз да бар. Өз-ара кызматташуунун эки тараптуу механизмдери жаралды”,- деди Эмомали Рахмон.
“Биз бардык даражадагы дайымий байланыш маанилүү экенин билдик. Муну менен бирге, экономикалык тармактын маанилүүлүгүн карадык. Соңку жылдарда товар алмашуу дээрлик эки эсе өстү. Суу ресурстарынан натыйжалуу пайдалануу о.э CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу маселелерин талкууладык. Ишеним толук, бул башка тармактарда да кызматташтыкты бекемдейт”,- деп белгиледи Эмомали Рахмон.
Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…