Кабулов: “Ислам мамлекети” уюуму Орто Азияга кол салат

Кабулов: “Ислам мамлекети” уюуму Орто Азияга кол салат

Москва, “ИШИМ” уюмунун согушкерлери Орто Азияга кол сала турган болсо “кайдыгер калбоого” чакырды. Мындай сценарийдин коркунучу күчөп жатат. Бул тууралуу Орусия президентинин атайын өкүлү, ТИМдин Азия боюнча Экинчи департаментинин директору Замир Кабулов бейшемби күнү билдирдиргенин, “РИА новости” кабар агенттиги маалымдады.

Кабулов, “ИШИМ” уюму Афганистанга америкалыктарга каршы жихад кылууга эмес, андан ары Орто Азияга экспанциясын кеңири жайылтуу үчүн майдан даярдоого келгенин баса белгиледи.

“Бул олуттуу маселе. Мен алар Орто Азияга кол салышууда деген жокмун. Алар ушуга даярдык көрүп жатышат. Эгер биз ушул убакта кайдыгер болсок, анда биз чыныгы чоң күчтүн каршысында калабыз. Натыйжада Аму дарыя бойлогон чегарадан тартып, Пянж дарыясын бойлогон ири күчтөр менен биздин ЖККУ, КМШ сыяктуу союздаштардын күчтөрүнөн пайдаланууга мажбур болобуз”,- деп билдирди Кабулов.

Түркистон:

Орто Азия тууралуу айтылган жогорудагы тахлил, түпкүлүгүндө атайын багытталып жаткан долбоор десек туура болот!

АКШ – Орусия, Иран, Түркия, Саудия, ЕБ жана башка эл аралык, аймактык саясатка таасир өткөрө алышы мүмкүн болгон бардык мамлекеттердин башын бириктирип, Шамда баш көтөрүп жаткан исламий вужудга каршы коалиция түздү. Максаты, Исламдын Мабдаъ (башкаруу системасы) катары көөдөлөнүшүнүн алдын алууга каратылган! Бул үчүн дүйнөлүк куфр коалициясы, а түгүл “ИШИМ” сыяктуу ислам никабы астындагы бир катар согушчан уюмдардан да өнүмдүү пайдаланууда. Алардын бул максаттары “ИШИМ” уюмунун атынан Голливуддан атайын видеолорду даярдап, дүйнөдө исламий уюмдар ушул сыяктуу коркунучтуу иштерди кылат деген маанидеги бир тараптуу маалыматтык согуш алып барышынан белгилүү болду! Алар “ИШИМ” уюмун Ислам жана мусулмандарга каршы багыттап, күтүлүп жаткан исламий Халифалык мамлекети ушундай жырткычтыктарды кылат деп, мусулмандарда исламий мамлекетке карата жек көрүүнү пайда кылмакчы болушту. Бирок, Ислам дүйнөсү аларды да, алардын “ИШИМ” аты менен алып барып жаткан алдамчылыктарын да түшүнүп жетишти! Ошондуктан, куфр эл аралык саясаты, Сирияда мусулмандарга каршы аскерий баскынчылыктарды алып барууга мажбур болушту. Анткени Сирияда, куфр системасын кайрадан калыбына келтирүү өтө кыйын болуп калды!

Ошондуктан, АКШ Афганистанда кайрадан туруксуздук пайда кылууга аракет кыла баштады. Мындан бир нече максаттар көздөлгөн. Бул максаттардын бири, Шамда болуп жаткан аскерий баскынчылыктарынан үммөттү чалгытуу үчүн маалымат согушун алып баруу. Дагы бири болсо, Орто Азияны коркунучка салуу менен аймакта аскерий кубаттарын күчөтүп алуу.

Түпкүлүгүндө, Орто Азияда Ислам жана мусулмандардан күтүлө турган эч кандай коркунуч жок! Чыныгы коркунуч, куфр эл аралык саясатынын дүйнөлүк кызыкчылыктарынан келип жатат. Башкача айтканда, алар алып барып жаткан ыплас услубдарын биринчисин экинчиси менен жабуу негизине курулган стратегияларынан күтүлөт! А түгүл, алар жакынкы келечекте, исламий согушчан уюмдар атынан төңкөрүштөрдү уюштурса да, бул иштер өздөрү же аларга ыктаган күчтөр тарабынан ишке ашырылган болот!

Путиндин режими, Орусияда күтүлүп жаткан президенттик шайлоого өтө жагымсыз абалда кирип барууда. Орусиянын саясий, экономикалык жана башка дээрлик бардык тармактары кыйроо абалында турат. Орус режими, мамлекеттин ичинде мурункудай жасалма жардырууларды жасай албай калды! Себеби Орусиянын ички саясатындагы абал мурункудай эмес. Орусия жарандары Путинге болгон ишенимин жоготуп койду. А түгүл, анын өлкө ичинде жасалма жардырууларды баштоосун күтүп турган коомдук рух жана оппозициялык күчтөр бар. Демек, Путиндин режими АКШны ыраазы кылуу үчүн ар кандай тапшырмаларды аткарууга даяр! Анткени, эл аралык саясатта АКШ жападан жалгыз жетекчи болуп калды. Путин болсо ички саясатта жасалма жардырууларды пайда кылуу менен калк ичинде коркунуч жаратуу сыяктуу саясат жүргүзө албай калды. Ошондуктан, мамлекет сыртындагы өзүнө моюн сунган өлкөлөрдө жасалма коркунучтарды пайда кылууга аракет кылат. Муну менен ички саясатында экономикалык көйгөйлөрдөн улам жарандарында пайда болгон кескиндик жана жек көрүүнү, жасалма коркунучтарга буруп жибермекчи.

Бүгүнкү күндө мусулмандар мурункудай адашып, бир куфрдан кутулуу үчүн башка куфрга кайрылуу аракеттери пайдасыз! Куфр дүйнөсү Ислам жана мусулмандарга каршы бир фронт менен бир жетекчи артында туруп аракеттенишүүдө. Эми мусулмандар Аллахтан башкага таянуудан башка чарабыз жок экенин түшүнө баштады! Албетте Аллахтан башкага сүйөнбөө жолунда тикендер төшөлгөн. Ошондуктан, айрым мусулмандар бул жолдун ордуна адашуу жолун тандап, куфрдун “мутадилдик” (мээлүүндүк) мазхабын тандашууда. Натыйжада, алар да жогорудагы куфрдун Ислам жана мусулмандарга карата жалган коркунучтарын күчөтүп көргөзө турган болуп калды! Аллах сактасын, алар өтө жаман жолду тандап алышты!!!

turkistonkg

Recent Posts

Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда

Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…

1 day ago

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

3 days ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

7 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

2 weeks ago