Трамп: Талибан менен сүйлөшүүлөр болбойт

Трамп: Талибан менен сүйлөшүүлөр болбойт

 АКШ президенти Дональд Трамп Кабулда жүз берген бир катар террордук кол салуулардан соң талибдер менен сүйлөшүүлөр болбой турганын билдирип, аларды «түгөтүү» тууралуу убада берди. “Америка үнү” сайты кабарлашынча, бул теракттардан жүздөгөн адам курман болуп, жаракат алган.

 Трамп Ак үйдө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин элчилери баштаган делегациялар менен болгон жолугушуудан соң, согушкерлерди жеңүү үчүн дагы эмне кылуу керектиги жөнүндө маселе көтөрүп, “Талибан менен сүйлөшүүлөр болбойт”,- деп билдирди. Муну менен Трамп Афганистандагы жаңжал дипломатиялык жол менен чечилбестигин аныктап койду.

 “Алар бардык жерде адамдарды өлтүрүшүүдө. Айыпсыз инсандар курман болуп, бүткүл Афганистанды бойлоп жардыруулар жүз берүүдө. Ошондуктан, биз Талибан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү каалабайбыз. Балким сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн, бирок азыр эмес”,- деди Трамп.

Түркистон:

Америка бийлиги керек болгондо саясий манёврлар аркылуу мүмкүнчүлүк калтыруу үчүн ар кандай уюм же мамлекет менен мамиле кылып жатканда эки жүздүү саясат жүргүзүшү баарыбызга маалым. Расмий Вашингтон Талибанга карата кудум ушул эки жүздүү саясатын жүргүзүп келет.

АКШ президентинин расмий өкүлү Эрик Шульц 2015-жылдын 29-январында журналисттер менен болгон жолугушууда “Ак үй афган Талибанын террорист эмес, балким куралдуу көтөрүлүшчүлөр”,- деп эсептей турганын билдирген. Анын айтымында, мындай өзгөрүү америкалык аскерий кызматчы Боуи Бергдалдды Гуантанамо абагында сакталган бир нече адамга алмаштыруу убагында маанилүү болгон.  

 Шульцтун ырасташынча, соңку жылдарда барымтага алуу көбөйгөндүктөн, президенттин жардамчысы Лиза Монако башчылыгында бул мамиле кайрадан каралып жаткан. Ошентсе да, АКШ бийлигинин салттуу террорчулар менен болгон сүйлөшүүдөн баш тартуу өз күчүн жоготпогон. Шульц, Бергдалдды айырбаштоо учурунда “Афганистанда согуш бүткөнү” жана АКШ президенти Барак Обаманын “ал жерде кайсы бир америкалык аскерийди таштап коюуну каалабаганы” да эсепке алынганын айтып өткөн.  

 АКШ каржы министрлиги тарабынан Афганистан Талибан кыймылы террорчу уюмдардын тизмесине киргизилип, ага каршы санкциялар коюлган. АКШнын террорго каршы күрөшүү борбору да Талибанды террордук уюм деп эсептейт.

 Бирок, АКШнын мамлекеттик департаментинин “чет элдик террордук уюмдар” тизмесине Талибан кыймылы киргизилбеген. Демек, АКШ Афганистанда өзүнө керектүү учурда Талибанды террордук уюм катары көргөзгөн саясат алып барса, кээде аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн саясат алып барат.

turkistonkg

Recent Posts

Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда

Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…

16 hours ago

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

3 days ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

6 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

2 weeks ago