Трамп: АКШ экономикалык кризистен соң кайрадан өнүгө баштады

Трамп: АКШ экономикалык кризистен соң кайрадан өнүгө баштады

АКШ президенти Дональд Трамп Швейцариянын Давос шаарында болуп өткөн 48-дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөгөн сөзүндө, АКШ экономикасын көккө көтөрүп мактады. Билдирүүсүнүн негизги бөлүгүн глобалдык ишкерлер АКШга инвестиция жаткырышы үчүн аларды кызыктырууга арнады. Трамптын билдиришинче, АКШда бир нече жылдардан бери уланып келе жаткан кризистен соң мамлекеттин экономикасы кайрадан өнүгө баштаган.

“Биржа бара-бара рекорддук даражага көтөрүлүүдө. Шайлоодон бери биржалар мамлекетибизге 7 триллион доллардан ашык байлык алып келди”,- деди АКШ президенти.

Трамп АКШда аялдар жана Африкадан келген америкалыктардын арасында жумушсуздук тез арада азайганын белгилеп, президенттик мөөнөтү башталгандан бери эки миллиондан ашык адам иш менен камсыздалганын кошумчалады. Анын айтымында, АКШ азыр да инвестиция жаткыруу үчүн эң ыңгайлуу доордо турат. Себеби, анын экономикасы дүйнөдө эң алдыңкы экономикага айланган жана Америка жаңыдан атаандаштыкка туруштук бере турган абалга көтөрүлгөн.

Трамп өзүнүн сөзүндө “терроризм” тууралуу да токтолуп, коалицияга мүчө мамлекеттердин жардамы менен ИШИМдин колундагы аймактар дээрлик 100% кайтарып алынганын айтты. Ал бүгүнкү күндө коопсуздукту камсыздоо максатында АКШ армиясы үчүн “тарыхый каражат” бөлүнгөнүн да кошумчалады.

Трамп, “Коопсуздукту сактабай туруп, кадыржамдыкка жетише албайбыз”,- деп сөзүн аяктады.

turkistonkg

Recent Posts

Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда

Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…

4 hours ago

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

2 days ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

6 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

2 weeks ago