Исфарада 45 Мечит жабылды
Тажикстандын Сохд облусундагы Исфара шаарында жана анын айланасында жайгашкан 45 мечиттин ишмердүүлүгү токтотулду. Буга мечиттердин санитардык нормаларга жооп бербеши жана шарттары ыңгайсыз экени себеп болгон. Исфара шаарынын жетекчиси Жабборий Дилшод Расулзоданын билдиришинче, калктын бала-бакчага, социалдык мекемелерге жана медициналык жардам көрсөтүү пункттарына муктаждыгы бар. Ошондуктан, мечиттердин жабылышынан ордуна башка мекемелерди салуу жана жарандардын башка талаптарын кандыруу максат кылынган.
“Азия Плюс” маалымат агенттигинин кабарлашынча, Исфара шаарынын жетекчиси Дилшод Расулзода, 25-январда жылдык эсеп тапшыруу ырасымында 45 мечит жабылганы тууралуу буйрукту жарыялаган.
“Жергиликтүү калктын талабына ылайык, жабылган мечиттер социалдык жардам көрсөтүү мекемелерине, бала-бакчаларга жана медициналык кызмат көрсөтүү пункттарына айландырылат. Бирок, бул мекемелер оңдоп-түзөөгө муктаж жана мамлекеттик Дин комиссиясынын уруксаты керек. Учурда Исфара шаарында 113 мечит иштеп жатат. Калк ичинде 154 киши чет элдик медреселерде диний таалим алчу. Өкмөттүн буйругу менен алардын баары мекенге кайтарылды”,- деди Исфара шаарынын жетекчиси.
Расулзоданын сөздөрүнө караганда Орто Азиянын бардык мамлекеттериндей эле Тажикстандын Исфара шаарынын жарандары да Ирак жана Сирия тарапка жол тартып, “адашкан жихадий топторго” кошулуп кетишкен. Бирок, алар негизинен эмгек мигранттары болуп, исламий өлкөлөргө Орусия аркылуу барып калышкан.
“Биз муну четке кага албайбыз. Исфаралыктар да жихадий топторго кошулуп, согуштарга катышууда. Улуттук жетекчи Эмомали Рахмондун пикиринде, диний жетекчилер, айрыкча жихадий топтордун сабына кошулгандардын арасында дал ушул Исфара шаары биринчи орунда турат”,- деп билдирди шаар жетекчиси.
Акыркы жылдарда Тажикстандын түрдүү аймактарында мечиттердин ишмердүүлүгү токтотулуп, тигүүчү, эс алуучу, майрамдык иш чаралар өткөрүлө турган жайларга айландырылууда.
Сохд облусунда эле үч жыл ичинде 100 мечит жабылып, башка мекемелерге айландырылган. Эл аралык адам укуктарын коргоо уюмунун билдиришинче, Тажикстан мазхаб эркиндигине карата кайдыгер мамиле кылууда. Америка тышкы иштер министрлиги Тажикстанды 10 көйгөйлүү мамлекеттин катарына кошкон. Себеби, Тажикстанда диний мазхабдардын эркиндиги чектелген.
Ал эми Тажикстан ИИМи мечиттердин санын кыскартуунун негизги себеби мазхабдар аралык талаш-тартыштын алдын алуу болуп саналат деп түшүндүрдү. Ушундан келип чыгып, аймактардагы бири-бирине жакын жайгашкан мечитттер жабылып жаткан имиш.
Баарынан таң калычтуу жагдай ушул, мазхабдар аралык талаш-тартыштар мамлекеттин түштүк бөлүгүндө күзөтүлүп, бирок Сохд облусунда, айрыкча Исфарада мындай абал эч качан болбогон. Демек, илманий өкмөт түрдүү шылтоолор менен динге болгон кысымды күндөн-күнгө күчөтүүдө.
Ушуну да эстетип өтүү керек, Тажикстандын Исфара шаары Кыргызстандын Лейлек жана Баткен райондору менен чектешкен аймакта жайгашкан. Эки мамлекеттин ортосунда визасыз мыйзам бар болуп, эки элдин калкы ар күнү соода иштери менен беймарал алектенишет. Тажикстандын түштүк тарабына караганда, Исфарада тиричилик үчүн жакшыраак мүмкүнчүлүктөр бар. Буга кошумча, аймактын калкы мурунтан Ислам динин бекем карманып келет. Демократиялык баалуулуктар мамлекеттин түштүк бөлүгүнөн айырмаланып, Исфарада кең таркалган эмес. Ал жердин аял заты ынсаптуу-ыйбаалуу болуп, мамлекеттин хижабга каршы күрөш кампаниясында катуу сыноолорго туруштук беришти. Натыйжада өкмөттүн катуу каршылыгына, куугунтуктарына кабылышты. Чындыгында ыкластуу Исфаралык мусулмандар өздөрүнө жат маданият жана урф-адаттарды өз турмушунда колдонуулары мүмкүн эмес. Мына ушул абал илманий системанын негизги маселесине айланган. Ошондуктан, өкмөт калкынын чет жактан диний сабак алуусуна тосук коюп, хужра-медреселерди жаап, жаштарды мечиттерден тосуу иштерин көбөйтүп жатат. Себеби динге, ыйманий мухитке чаңкаган жүрөктөр мечиттердеги баяндар жана насыйкаттардан ырахаттанып, таасирлениши табигый көрүнүш.
Мунаввара
Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…