Түркиянын Афринге болгон “Зайтун бутагы” аталышындагы аскерий жүрүшүнүн артында эмне турат?
Суроо:
Эрдогандын Сирияда “Евфрат калканы” аталышындагы аскерий иш аракетинен кийин Халабды Башар бийлигинин колуна тапшырып бергенди. Кийин анын Сириядагы аракети басаңдай түшкөн. Бирок, акыркы мезгилде 2018. 01. 20 Сирия жергесинде “зайтун бутагы” аталышындагы аскерий жүрүшүн кайрадан баштады. Бул аскерий иш чарада абадан жана кургактыктан чабуул коюлду. Түркиянын генштабы 2018. 01. 21 мындай деп билдирди: “ишемби күнү башталган “зайтун бутагы” аталышындагы аскерий жүрүш план боюнча туруктуу уланууда. Кургактыктан чабуул коюу жекшемби күнү эртең менен башталды. (“Түрк Press” 2018. 01. 21) Бул аскерий жүрүш токтобостон уланууда. “Зайтун бутагы” аталышындагы аскерий жүрүштүн артында эмне турат? Аллах сизге изгилик берсин.
Жооп:
1. Буга анализ жасоодон мурда зарыл болгон ишке назар салуубуз зарыл. Антени, бул иш азыркы учурда Түркия саясатынын борбордук огун түзөт жана Түркия саясаты ушул иштин айланасында жүргүзүлөт. Анын натыйжасында Эрдогандын аракети, билдирүүлөрү да ачык айкын түшүнүлөт. Маалым болгондой, Түркия-Эрдоган Америкага малайлык кылууда. Эрдоган бул иш аракеттерди бийлик күрсүсүн сактап калуу үчүн Америкага кызмат кылууда. Анткени, аны Америка бийлике алып келген эле. Буга далалат кылып турган нерсе Түркиянын өкмөтүн колдоочу “Сабах” гезитинин 2017. 04. 18 чыккан макаласында айтылат: “Америка президенти Түркия президенти Эрдоган менен өткөн түнү телефон аркылуу байланышты. Сүйлөшүүдө, Трамп Эрдоганды президенттик башкарууга өтүү үчүн конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумдун жыйынтыгы менен куттуктап мындай деди: “Бул референдумду жасоодо жакшы кампания алып барылды. Мен биздин достугубузга өтө маани берем. Биз биргеликте чече турган өтө маанилүү иштер бар”. Мына ушундайча Эрдогандын Сириядагы саясаты Америка кызыкчылын ишке ашырууга каратылган. Ошондой эле Башардын бийлигин чыңдоо жана Башар режими үчүн маанилүү болгон аймактардан козголоңчуларды чыгаруу үчүн аларга кысым өткөрүүгө каратылган. Халабды жардамсыз таштап Башар бийлигин ал жерде орношуп алышына өбөлгө түзүп берүү ишинин изи али өчө элек. Эрдоган “Евфрат калканы” аталышындагы аскерий жүрүш уюштуруп Халабдагы козголоңчулардын негизги бөлүгүн сыртка алып чыгып кеткен эле. Ошол маалда Башардын күчтөрү Халабга карата борборлошкон чабуулга өтүп жаткан. Чындыгында бул учурда “Евфрат калканы” аталышындагы аскерий жүрүшү Американын батасы менен дээрлик аягына чыгып калган. Түркия 2016-жылы Жароблис аймагына Американын көргөзмөсү менен кирип барган. Американын мурунку вице-президенти Жозеф Байден Анкарага иш сапары менен келип 2016. 08. 24 Түркия аскерлеринин Сирия аймагына киришин колдогон билдирүүсүн берди. Ошондой эле, “Күрд элдик кошуунун” Түркиянын “Евфрат калканы” кошуунуна бетме-бет келбестен аймактан чыгып кетүүсүн талап кылды. 2016-жылдын 25-сентябрында келген суроо-жоопто буга токтолуп өткөнбүз. Анда мындай делген: “Американын планы ийгиликтүү ишке ашышы үчүн, Халабды кайрадан камоого алуусу зарыл. Халабды камоого алуу үчүн Америка иши эки октун негизинде алып барылат. Биринчиси, Сирия түндүгүнө Түркия аскерлерин киргизүү жана аскерий жүрүштү Жароблис аймагынан баштоо. Түркия “Евфрат калканы” аталышындагы аскерий жүрүшү менен Халабдын түштүгүндөгү өзүнө ыктаган козголоңчуларды ИШИМ менен согушуу үчүн Жароблис аймагына алып чыгат. Тактап айтканда, Халабдын согуштук фронтторунун күчтөрүн алсыратуу жана козголоңчулардын ич ара кагылышууларын жандандантуу. Ошондой эле Халабдагы козголоңчуларды мүмкүн болушунча согуштук фронттон оолактатуу иш чарасы!” Мына ушундай жол менен Эрдоган өзүнө ыктаган козголоңчуларды Аль Баб аймагына алып чыгып кетти жана Халабды жардамсыз таштады. Ал жерде аз гана көлөмдөгү согуштук фронт калды. Калган ири көлөмдөгү согуштук фронт Эрдогандын “Евфрат калканы”аталышындагы чакырыгына жооп берип, Халабдан чыгып кетишти. Эрдоган бул кыянаттыгын кайрадан кайталап жатат.
2. Бул кыянаттык аракеттер уланууда. Тагыраагы, Идлибдеги маанилүү аймактарды Башар бийлигинин көзөмөлүнө өткөрүп берүү мүмкүнчүлүктөрүн жаратуу аракеттерин уланууда. Кийин болсо Америка менен макулдашып өзүнө лаббей деген куралдуу жамааттарды, Башардын күчтөрү Идлибге карай сойлоп келе жаткан бир убакта Афринге чогулта баштады. Калп эле кабагына каар жаадырып, Америкага ыктай турган жаңы куралдуу блокту пайда кылып жатса да, Америка менен Түркия ортосунда келишпестик бардай түр жараттууда! Маалым болгондой, Америка Түркия аркылуу Сириядагы өзүнө ыктаган жамааттарды куралдандырды. Анын ичинде Күрд элдик кошууну да бар. Алардын көпчүлүгү Америкага ыктаган “Сирия демократиялык куралдуу күчтөрүнүн” ичине кирет. Эрдоган Американын бул аскерий иш чараларын жүзөгө ашыруу үчүн Инжирлик базасын ачып берген… Мына ушундайча Эрдоган Халабга Башардын күчтөрү жеңил кирүүлөрү үчүн “Евфрат калканы” маселесин кайра кайра козгоду. Эми болсо Башардын күчтөрү Идлибге жеңил желпи кирип келүүсү үчүн “Зайтун бутагы” аскерий жүрүшүн ишке салды. Башардын күчтөрү Идлибге карай кадам таштады. Абу-Дахура аэропортун курчоого алды. Эрдоган болсо Афринде согуш уюштуруу менен алек! Бул аскерий иш чарада Сириянын 25 миң оппозициялык күчтөрү катышууда. “Файлак Шам” куралдуу жамаатынын жетекчиси Ясир Абду Рахиим мындай деп тастыктады: “Сириянын эркин аскерлеринин” 25 миң аскери Африндеги Түркиянын аскерий жүрүшүнө катышууда…” ( “Россия сегодня” 2018. 01. 23) Мунун баары Американын макулдугу менен ишке ашты. Түркиянын ТИМи Мевлюд Чавуш уулу 2018-жылдын 15-январында Канадада Американын коргоо министри Жейм Матис менен Сирия кризисин жана чек арадагы коопсуздук маселесин талкуулады. Ошондой эле 2018-жылдын 16-январы кечинде Канаданын Ванкувер шаарында Корея жарым аралындагы коопсуздук меселеси тууралуу эл аралык министрлер жыйынынын алкагында Америка ТИМи Тиллерсон менен жолугушту. Чавуш уулу мындай деди: “Америка коргоо министри Матис Сириянын түндүгүндө жаңы аскерий блокту түзүү тууралуу таралып жаткан маалыматка ишенбөөгө чакырды. Ошондой эле ишти өз көзөмөлүнө алаарын жана биз менен байланышта болооруна басым жасады” (“ Анадолу” агенттиги 2018. 01. 17)
3. Африндеги “Зайтун бутагы” аскерий иш чарасы тууралуу чыгып жаткан Американын билдирүүлөрү муну тастыктап жатат. Ошонодой эле Түрк аскерлери менен “Сирия эркин аскерлеринин” жүрүшү АКШнын ыраазылыгы жана каалоосу менен ишке ашып жатат. О.э бул аракеттерге Американын макулдугу менен Сирияга кирген Орусиянын ыраазылыгы да бар.
Жума күнү кечинде Афринде Түркиянын аскерий жүрүшү башталгыч этапта болсо да күчтүү түс алгандай башталды. Африндеги белгилүү аймактарга карата артиллериялык аткылоону күчөттү. Бейшемби түнү жана жума күнү жогорку темпте аткылашты. Ошол эле маалда Африндеги жана анын айланасындагы Орус куралдуу күчтөрү чыга баштады. Бул тууралуу Түркия коргоо министири Нуреддин Канекли: “кургактыктан чабуул башталды” деп билдирүү берди. Бул тууралуу “Аль жазира” телканалы менен “Аль арабий жадид” маалымат кызматы Түркия маалымат булагына таянуу менен кабар таратты: “Түркия менен Москванын мунасага келүүсүнүн натыйжасында шаарды башкаруу Түркия тарапка өттү”. Түркия өкмөтү Евфрат калканы аймагына кирген жерлердин көпчүлүк бөлүгүн кайра калыбына келтирүү кепилдигин мойнуна алат. Ошондой эле, Сочи конференциясы ийгиликтүү болушу үчүн Сирия оппозициясы конференцияларга келишине кысым өткөрүү ишин дагы Түркия кепилидигине алат. Ошол эле маалда Орусия, Түркия шаарды башкарууну колго алгандан кийин кайра аны Сирия бийлигине өткөрүп беришин жана шаарда бир да оппозициялык күч калбашын катуу талап кылды. Ошондой эле Сирия бийлиги Идлибдин калган аймактарын да басып алышына мүмкүндүк берүүсүн талап кылды. Түркиянын коргоо министри Нуреддин Канекли телеканалда берген маегинде мындай деди: “Билебиз Орусия Сирия бийлигин жогорку деңгээлде колдоого алат…” Түркиянын бул аскерий иш чарадан күткөн нерсеси тууралуу “Арабий жадид” мындай баяндады. “Бул аскерий иш чара беш-алты ай уланышы күтүлүп жатат.” Булак дагы кошумчалап, “дипломатиялык каналалдар Вашингтон менен байланышта” ( “аль арабий жадид” 2018. 01. 20 )
Орусиянын ТИМи чыгарган баяндамада: “Январдын жыйырмасында Түркия куралдуу күчтөрү Сириянын түндүк-батышындагы Африн аймагына кирди. Москва бул иш чарадан тынчсызданып жатат. Москва кырдаалга тыкыр көз салат.” Дагы кошумчалап: “Орусия Сириядагы жаңжалды чечүүдө өз позициясында калат. Сириянын бүтүндүгүн жана анын бийлигин колдойт”. (“РИА” 2018. 01. 20 )
Америка Түркиянын аскерий аракети белгилүү аймактарга чектелип калуусун каалап жатат. Аныгыраагы жарандардын өмүрүн сактоо максатында “сабырдуулук” менен иш алып баруусун каалады. Америка мамлекеттик департаментинин пресс-катчысы Хизер мындай деди: “жарандарга залака тийип калуудан сактоо максатында Түркияны аскерий жүрүштө белгилүү бир аймактарда сабырдуулук менен иш алып барууга чакырдык.” Жекшемби күнү Американын коргоо минстри Жеймс Матис Түркия аскерий иш чарасын баштоодон мурда Вашингтонго кабар бергенин тастыктады. Вашингтон Анкара менен кырдаалдын жүрүшүнө жараша байланышып тураарын билдирди: “Орусиянын ТИМи Лавров жана Американын ТИМи Тиллерсон Сириянын түндүгүндө туруктуулукту сактоо максатында анын жол жоболорун талкуулашты. Түркиянын ТИМи Америка ТИМи менен аскерий иш чара тууралуу талкуулашты. Бирок эмне тууралуу эки тараптуу талкуу болгондугу ачыкталган жок. (“Би би си”арабий 2018. 01. 22)
Амеркинын ТИМи Тиллерсон мындай деди: “Анкара коопсуздук муктаждыктарын канааттандыруу максатында, Сириянын түндүк батышында коопсуз аймак түзүү тууралуу Америка менен сүйлөшүү өткөрүүгө ниеттенип жатат.” Америка куралдуу күчтөрүнүн генштаб жетекчиси генерал Жозеф Фотил, Түркия Афринде аскерий иш чара баштоодон мурда Вашингтонго кабарлагандыгын тастыктады. Ал шаар Америка аскерий иш чарасы алкагына кирбегендигин да ишаара кылды… Американын коргоо министри: “Түркияны кырдаалды курчутуп жибербөөгө чакырып, аймакта Түркиянын коопсузудугуна залал келип калышынан да эскертти. ( “Россия сегодня” 2018. 01. 23)
Америка куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы, Түркия Сириядагы Африн шаарында аскерий жүрүшү тууралуу алдын ала аларга кабар бергендигин билдирди. Ошол эле маалда Африн шаары Америка аскерий иш чара алкагына кирбестигин да баса белгиледи. Борбордук командачылыктын жетекчиси Генерал Жозеф дагы кошумчалап: “Америка Түркиянын аймактагы аскерий жүрүштөрүнө өзгөчө деле көңүл бурбайт”,- деди. (“Куддус пресс” 2018. 01. 21)
Америка ТИМи Тиллерсон мындай деди. “Анкара коопсуздук муктаждыктарын канааттандыруу максатында, Сириянын түндүк батышында коопсуз аймак түзүү тууралуу Америка менен сүйлөшүү өткөрүүгө ниеттенип жатат.” Американын бул билдирүүсү Түркия куралдуу күчтөрү менен Сирия эркин аскерлер күчтөрү Сириянын Африн аймагында “Зайтун бутагы” аталышындагы аскерий жүрүш баштагандан үч күндөн кийин болду. Америка ТИМи дагы кошумчалап: “ Биз Түрк жооптуулары жана аймактагы кээ бир күчтөр менен биргеликте кырдаалды тынчтандыруу, Анкаранын коопсуздук көйгөйлөрүн канааттандыруу тууралуу талкуулашабыз.” (“ Түрк пресс” 2018 01 23)
Америка ТИМи Тиллерсон Американын “чек араны коргоо” максатында 30 миң адамдан турган аскердик блок түзүү ниети Анкаранын кыжырын келтиргендигин билдирди. Ал Америка учагынын бортунда журналисттерге комментарий берип мындай деди: “Америка Сирия чек арасында эч кандай аскерий блок түзүүгө чечим кыла элек”.
Анадолу агенттиги, Тиллерсон Түркиянын Сирия менен чектеш аймагында аскердик блок түзүү тууралуу түшүндүрмө бергендигин кошумчалады.
Ушул эле жаатта Хизер мындай деди: “Биз жериликтүү күчтөр жана Түркия менен кызматташуу тууралуу ой бөлүштүк. Жергиликтүүлөр ИШИМ жок кылган коопсуздукту кайра калыбына келтирүүчү негизги күч.” (“Orient Net” 2018. 01. 19)
Өткөн экинчи күнү Пентагондун пресс-катчысы Эрик Баон мындай деди: “Сириянын чек арасындагы аскердик блок түзүү планынан Түркия кооптонуп жаткандыгын Америка жакшы түшүнөт.” Бул маселе Түркия жооптуулары менен талкууланышын билдирген Баон, суроолорго жооп берип жатып Америка Түркия жана НАТО менен дайым тыгыз байланышта деп жооп берди. Анадолу агенттигинин кабарчысы Эрик Баон суроолорго жооп берип жатканда “болжолдонгон чек ара коопсуздук күчтөрү” тууралуу да жооп бергенин билдирди. Ал эми төртүнчү күнү Американын ТИМи Тиллерсон, Американын Сирия чек арасында коопсуздук күчтөрүн түзүү тууралуу аракетине карата жооп берип жатып Америка Сирия чек арасында эч кандай коопсуздук күчтөрүн түзүүгө ниеттенбей турганын билдирди: “Бул иш туура эмес иштелип чыккан жана кээ бир адамдар тарабынан туура эмес айтылган. Чек арада эч кандай аскердик блок түзүлбөйт”. (“Йени шафак арабий” 2018. 01. 17)
Жогоруда айтылып өтүлгөн билдирүүлөрдө ачык көрүнүп тургандай, “Зайтун бутагы” аскерий иш чарасы бул Түркиянын Америка жана Орусия менен маакулдашуусу аркылуу кылып жаткан Түркиянын аскерий жүрүшү. Америка башталышында Сирия чек арасында 30 миң адамдан турган коопсуздук күчүн түзүү ниетин билдирүүсү, Түркиянын Афринде аскерий амалиятарды баштоосун актоочу фактор болуп калды. Кийин Америка Сирия чек арасында коопсуздук күчтөрүн түзүү ниети жоктугу тууралуу ачык билдирүүлөрдү бере баштады. Анткени анын максаты ишке ашты, Түркия Афринге согуш отун тутантып оппозициялык күчтөрдүн көпчүлүк бөлүгүн Идлибден ал жакка тартты жана Идлибге Башардын күчтөрү кирип келишине жол ачты.
4. Мына ошондуктан, Түркиянын Сириядагы аракеттери Америка долбоорлорун ишке ашырууга каратылган. Ошондой эле Сирияда Башардын илманий бийлигин чыңдоого каратылган. Эрдогандын Америкага, Башарга каршы куу сүрөөнү адамдарды алдоо үчүн гана болуп жатат. Ал буга окшогон билдирүүлөрүн мурдатан бери берип келет. Биз экинчи Хаманын болуусуна мүмкүндүк бербейбиз деди. Бирок, Башар режимине Хамага окшогон ондогон шаарларды тапшырды. Ошондой эле натыйжа чыгарбаган жасалма аракеттер да адамдарды алдоого каратылган. Трамптын Куддусту Израилдин борбору кылган чечимине каршы сүйлөгөн сөздөрү, аракеттеринин баардыгы адамдарды акыйкаттан алыстатуу жана алдоо үчүн гана. Эрдоган эгер Америка тарабынан Куддус “Израил” үчүн борбор кылып бериле турган болсо “Израил” менен алакасын үзө тургандыгын да билдирип жиберди. Бирок коопсуздугу Америка тарабынан камсыздалган “Израил” менен да, Куддусту “Израилге” борбор кылып чечим чыгарган Америка менен да алакасын үзгөн жок. Тескерисинче, Америка долбоору болгон Палестинанын 80% жеринен баш тарта турган эки мамлекет чечимин колдоого чакырды. (Чыгыш Куддусту) Палестинанын борбору кылып белгилөөгө чакырды. Ошентип ал Сириядагы иштерин дагы деле улантып жатат. Балким кыянатчылдыгын дагы да көбөйттү. Үммөттүн душманы болгон Орусиянын, Американын, Сирия режиминин турумдарын күчтөп жатат. Халабды тапшыруу менен болобу же, Америкага база ачып берүү менен болобу же, Түркия аба майданын Орусия учактарына ачып берүү мененби же, Астана сыяктуу жыйналыштарга Сирия оппозициясын тартуу мененби же, куралдуу жамааттарга кысым кылуу мененби же, аларды башка аймакка чыгарып, Халаб, Идлиб сыяктуу маанилүү шаарларды Сирия режимине бошотуп берүү мененби айырмасыз, Америка кызыкчылыгын ишке ашырып берип, малайлык кылууда. Эми болсо “Зайтун бутагы” аталышы астында Идлибди Сирия режимине бошотуп берүү аракетин көрүүдө.!
Сөз акырында биз баардык куралдуу жамааттарга кайрылуу жасайбыз! Эрдогандын аракеттерине алданып калбагыла! Идлибди режимге бошотуп бербегиле! Халабда кандай абалда калганыңарды эстен чыгарбагыла! Халабды бомбалоо астында Түркияны ээрчип кеткен сыяктуу Идлибди бомбалоо астында Түркияны ээрчибегиле! Балким, Бухарий риваятында келген хадисти эстегиле! Абу Хурайра (р.а.)дан риваят кылынган хадисте Пайгамбар (с.а.в.) айтты: “Момун бир ийинден эки жолу чактырбайт.” Оо момундар! Эми кайра кайра чактырууга жол барбы? “Албетте бул нерседе кимде уга турган кулак, туя турган жүрөк болсо эскертме-үлгү бар”.
2018. 01. 24. Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рушта
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…