Путин: Медресе бүтүрүүчүлөрүн башка тармакка кетишине жол бербөө керек
Орусия президенти Владимир Путин, медреселердин бүтүрүүчүлөрүнө ылайык жумуш сунуштап, алардын башка тармактарга кетишине жол бербөө керектигин айтты.
Путин Татарстандын мурдагы президенти Минтимер Шаймиев менен болгон жолугушуусунда, “Медреселердин бүтүрүүчүлөрү башка тармактарга өтүп кетпеши керек, керектүү жерге барып иштөөлөрү лаазым”,- деди.
Путин менен Татарстандын учурдагы жетекчиси Рустам Минниханов ооруканада дарыланып жаткан Шаймиевди көрүп кетишти.
Путин о.э ислам таалим мекемелеринин өнүгүп жатканын билдирди. Шаймиевдин айтышынча, аларда магистратура да, аспирантура да бар. Студенттер толук кандуу маалымат алышына шарт түзүлгөн.
“Жүрөк кубанууда. Баары биз пландаштыргандай баратат. Жакшы кадрлар өсүп чыгууда. Албетте, бул долбоорду дагы да кеңейтүү тууралуу ойлоп көрөбүз”,- деп айтты Путин.
Түркистон:
Куфр өкүлдөрү өз кызыкчылыгы жолунда алгач Ислам дүйнөсүндөгү жетекчилерди өз тарабына оодарып алуу иштерин жүргүзүшөт! Бул үчүн алар коомду идеологиялык (ар бир иш аракетти исламий акыйда негизине байлоо жана ошол чекиттен баа берүү) дүйнө карашынан үзүп, мусулмандарды дүйнөлүк кызыкчылыктар менен кызыктырып, акырет кызыкчылыктарынан узакташтырып алышат. Акыреттеги кызыкчылыкты жогору коюп, куфр жалганчыларына ишенбей аткан мусулмандарга, “террорист, экстремист, радикал” деген атамаларды берип, аларды коомдон күч менен болсо да четтетүүгө аракет кылышат!
Кыргызстанда да мечит уламалары атайын даярдалган программанын негизинде теологиялык даярдоо курсу боюнча окутулууда. Максаттары, ар бирибизди өздөрүнүн айтканын аткара турган маңкурттарга айландырып алуу. Алар түзүп алмакчы болуп жаткан “мээлүүн исламчылар” армиясы, куфрга моюн сунбаган мусулмандарга каршы күрөш башталганда, куфрдун аракеттерин жасалма усул фикх өкүмдөрү менен колдоп барат!
Куфр албетте жеңилет! Алардын өнөктөш, жакындары да жүзү кара болуп, эки дүйнө пайдасынан кур калышат! Оо мусулман бир туугандар! Куфр дүйнөсү алып кирип келе жаткан үлкөн тузактардан этият бололу! Аманатка кыянаттык кылууда Алладан коркуп, Ага такыбаалык кылалы! Анын азабынан кутулууга, бул дүйнө жана акыреттеги сыйлыгына шашылалы!
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…