Таъзия
Казакстандын Ак-Төбө облусунда автобус күйүп кеткени тууралуу “Sputnik Казакстан” сайты кабар таркатты. Казакстандын өзгөчө кырдаалдар боюнча өкүлү Руслан Иманкуловдун маалыматына таянсак, 18-январь күнү саат 10:30да Ак-Төбө облусунун “Самара – Шымкент” жолунун 1068-чакырымында жайгашкан Калибай айылынан 10 чакырым алыстыкта автобус күйүп кеткен.
“Автобустун салонунда 55 жүргүнчү жана эки айдоочу болгон. Өрттөн аман калган беш адамга Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу бөлүмү тарабынан жардам көрсөтүлүүдө. Калган 52 киши кырсык болгон жайда курман болгон”,- деди Иманкулов.
Көп өтпөй Казакстан ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы телефон аркылуу курман болгондор Өзбекстан жарандары экенин тастыктады.
Туркистон:
إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ
“Албетте, биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз».” [Бакара 156]
Биз, Туркистон сайтынын кызматкерлери Алланын казасына ыйман келтирген абалда, Мээримдүү Аллахтан адал ырыскы табуу үмүтүндө ата-эне, аял жана перзенттерин таштап, эмгек мигранты катары сапар тартып, бирок бактысыз окуянын натыйжасында курман болгон Өзбекстандык диндештерибиздин күнөөлөрүн кечиришин, кылган солих амалдарын өздөрүнө шерик кылышын Алладан сурайбыз. Кырсыкта жаракат алгандарды тез арада сакайып, жакындарынын жанына кайтышын тилейбиз.
Кыргызстанда иш алып барып жаткан Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүнүн атынан алардын үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакын досторуна терең көңүл айтып, таъзиябызды билдиребиз.
Аллах сиздерге сабыр берсин. Аллах сиздерди чырайлуу сабырыңыздардын артынан жакшылыктары менен сыйласын.
وَاصْبِرُواإِنَّاللَّهَمَعَالصَّابِرِينَ
“Сабыр-такаат кылгыла! Албетте, Аллах сабыр кылуучулар менен бирге!” [Анфаал -46]
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…