Москва Вашингтонду Россиядагы президенттик шайлоого аралашуудан эскертти!

Москва Вашингтонду Россиядагы президенттик шайлоого аралашуудан эскертти!

Россиянын тышкы иштер министрлиги Вашингтонду алдыдагы президенттик шайлоого ар кандай көрүнүштө аралашуудан эскертти. Бул тууралуу Россиянын Вашингтондогу элчиканасынын сайтында жарыяланды. Кабарда келишинче, АКШнын Россияга каратылган айыптоолору саясий мүнөзгө ээ.

Кабарда: “Россияда күтүлүп жаткан президенттик шайлоого аралашуу максатында АКШ расмийлери тарабынан Москвага каратылган айыптоолор жалган жана саясий айыптоолор болуп эсептелет. АКШнын Россиядагы шайлоого шектенүү менен карашынын да эч кандай мааниси жок”, – деп айтылат.

О.э. Россия тышкы иштер министрлиги, Вашингтондун “Россия жарандыгына ээ болгон ар кандай адамга шайлоодо талапкер катары катышууга мүмкүнчүлүк берүү” талабы Россиянын ички иштерине аралашуу болуп эсептелишин билдирди.

“АКШ бийлиги өз аймагында жашаган Россия жарандарынын добуш беришине тоскоолдук кылбайт деп үмүттөнөбүз”, – деп кошумча кылган министрлик.

Айта кетүүчү нерсе, Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын президенттикке талапкердигин каттоодон баш тарткандыгы үчүн Вашингтон Москваны адам укуктарын бузуп жаткандыкта жана эркиндиктерди чектеп жаткандыкта айыптаган эле.

turkistonkg

Recent Posts

Мужтахиддин сообу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…

19 hours ago

Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…

2 days ago

Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды

Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…

2 days ago

Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык

Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…

2 days ago

Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago