Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытай биргеликте Европага чейин темир жол курат
Өзбекстан, Кыргызстан жана Кытай биргеликте куруп жаткан темир жол жүктөрдү Чыгыш Европа жана Жакынкы Чыгышка чейин жеткирип бере турган эң кыска жол болот. Бул тууралуу Спутник сайты кабарлады.
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков: “Ташкенттеги үч өлкөнүн делегациялары катышкан жолугушууда делегация башчылары аталган долбоорду ишке ашырууга билек түрө киришип, так даталарын белгилешти. 2018-жылдын апрель айында кийинки жыйын болот. Ага чейин жолдун маршрутун толук түзүп бүтүшүбүз керек”, – деген.
Элчинин айтымында, өткөн жылдын август айында долбоордун техникалык-экономикалык негиздери иштелип чыккан, декабрь айында болсо финансылык маселелери чечилген.
Аталган долбоор ишке ашса, ал Кытайдан Чыгыш Европа жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине чейинки эң кыска жол болот. Жүктөрдү жеткирүү аралыгы 900 километрге, убактысы болсо 7-8 суткага кыскарат.
Туркистон:
Темир жолу, суу транспортунан кийинки орунда турган стратегиялык жактан өтө маанилүү жана өздүк баасы арзан багыт болуп эсептелет. СССРден мураска калган темир жол Орто Азиядан Россия аркылуу гана өтөт. Учурда КМШ өлкөлөрүн аралап өтүүчү темир жол Россиянын кызыкчылыктары үчүн өтө ыңгайлуу жана Европа союзуна өтүү мүмкүн болгон жападан-жалгыз жол болуп турат. Россия бул стратегиялык мааниге ээ транзиттик багыттан Орто Азия жана Казакстанга карата стратегиялык кызыкчылыгы жолунда пайдаланып келет.
Кытайга карата ачылышы күтүлүп жаткан жаңы темир жол долбоору Кытайдын Орто Азияга болгон таасирин күчөтөт. Экономикалык алакалар өнүгүшүнө шарт түзүп берет. Кытайга Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстан аркылуу газ жана нефть түтүктөрү жаткырылышы, түркмөн жана өзбек газдарынын салмактуу үлүшү Кытайга өтүп жатканы Россиянын кызыкчылыктары бул өлкөлөрдө алсырап бара жаткандыгын көрсөтүп турат. Бирок, “Улуу жибек жолу” долбоору сыяктуу айрым долбоорлор Батыш системасы же Россия тарабынан токтотуп коюлат.
Бул долбоорлордун дээрлик бардыгында Орто Азия мамлекеттеринин кызыкчылыктары бар. Бирок, биздин кызыкчылыктарыбызга дүйнөлүк куфр системасы тескери позициядан туруп карайт. Башкача айтканда, колонизатордук көзү менен, экономикалык, саясий жана башка эркиндиктерибизди тосуу керек деген көз караш менен карайт. Кээде алар өз колониясын бирер тармакта көзөмөлдөй албай калганда да, бизди дүйнөдө таасир кубатына ээ болгон башка колонизатор мамлекеттин долбоорлоруна тапшырып коюшу мүмкүн. Бирок, эч качан өз кызыкчылыгыбызды өз мүмкүнчүлүк жана ыктыярыбыз менен эркин ишке ашыруубузга уруксат беришпейт. Себеби, ар кандай мамлекет өзүнүн экономикалык кызыкчылыгын өзү жүзөгө чыгарышы үчүн анын оор өнөржайы болушу керек. Өзүнүн оор өнөржайы болгон ар кандай мамлекет экономикалык колониядан кутула алат.
Демек, аталган темир жол долбоору Өзбекстан жана Кыргызстанга экономикалык кызыкчылык үчүн керек болсо, Кытай үчүн дагы кошумча стратегиялык жана саясий кызыкчылыктар үчүн да керектүү долбоор болушу мүмкүн. Россия үчүн болсо анын олжосуна башка колонизатор кол салып жаткандай абал болууда. Ошондуктан,аталган долбоорго Россия тосуктарды коюшу күтүлүүдө. Болгондо да бул тоскоолдуктарды эң ыңгайлуу жер болгон Кыргызстанда коюшу күтүлүүдө.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу27-декабрда башталат Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат. Бул тууралуу 20-декабрда президент…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…
Басма сөз баянаты Яхудий вужудунун ээн баштыгын жана Шам жерин бутага алган чабуулдарын исламий башкаруу…
Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…
Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…