Европа Союзу Россияга карата санкциялардын мөөнөтүн узартты
Европа Союзундагы өлкөлөрдүн жетекчилери Россияга карата киргизилген экономикалык санкцияларды 2018-жылдын ортосуна чейин узартуу боюнча токтом кабыл алышты. Бул тууралуу Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск “Twitter”деги баракчасында кабарлаган.
Кабарда келишинче, чектөөлөр энергетикалык, коргонуу жана каржылык секторлого тиешелүү.
Санкциялар узартылышы туурасында “Reuters” агенттигине Брюсселдеги чиновниктер менен дипломаттар анонимдүү түрдө кабарлашкан.
Франция президенти Эмманюэль Макрон менен Германиянын канцлери Ангела Меркель бейшемби күнү, Минск келишимдери бүгүнкү күнгө чейин аткарылбаганы себептүү санкциялар дагы жарым жылга узартылышы жөнүндө билдиришти.
Санкциялар акыркы жолу 2017-жылдын июнь айында 2018-жылдын январына чейин узартылган эле.
Санкция тизмесинде Россиянын эң ири компаниялары орун алган. Алардын Европа каржылык базарына кирүүсү чектелди.
Санкциялар “Роснефть”, “Газпромнефть”, “Транснефть” компаниялары, Сбербанк, ВТБ, “Газпромбанк”, “Внешэкономбанк” банктары о.э. Крымдагы компанияларга карата киргизилген.
Коргоо секторундагы компанияларынын курал-жарак экспортуна эмбарго киргизилди о.э. экинчи даражалуу товарлар жана Россияда аскерий багытта пайдалануу мүмкүн болгон технологиялардын экспортуна да тыюу салынды.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…