Эрдоган Трампты эскертти

Эрдоган Трампты эскертти

 Дональд Трамптын Израилдеги АКШ элчиканасын Куддуска (Иерусалим) көчүрүү жана Куддусту Израилдин борбору катары таануу жөнүндөгү билдирүүсү нааразылыктарга себеп болду. Трамптын бул билдирүүсүнө алгачкылардан болуп Түркия жана Палестина нааразылык билдирди.

Палестина Азаттык Уюму АКШнын бул чабуулу Ислам жана араб дүйнөсүнө каршы согуш жарыя кылууну түшүндүрө тургандыгын билдирди.

 “Адилет жана Өнүгүү” партиясынын жыйынында сөзгө чыккан Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган болсо Трамптын билдирүүсү Түркия менен Израилдин ортосундагы дипломатиялык алаканын бузулушуна себеп болушу мүмкүндүгүн билдирди. Эгерде Трамп бул сөзүнөн кайтпай турган болсо, Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитин чакырам деп коркутту.

“Трамп мырза! Куддус мусулмандардын кызыл сызыгы. Бул нерсе “Израиль” менен диломатиялык мамилебиз бузулушуна себеп болушу мүмкүн. Биз Американы дагы бир жолу эскертип жатабыз. Мындай кадам таштай албайсыңар. Эгерде мындай кадам ташталса, биз Стамбулда Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитин чакырабыз”, – деди Эрдоган.

А бирок, Эрдоган Ислам Кызматташтык Уюму АКШга карата кандай чара көрө тургандыгын айтпады. Себеби, аталган уюм пайда болгондон ушул күнгө чейин Ислам жана мусулмандардын кызыкчылыгы үчүн бир да иш кылган эмес. АКШ бир нече жылдардан бери Иракта жана Афганистанда кыргын салып келүүдө. Россиянын Сириядагы кыргындары токтобой жатат. Буга чейин Чеченстанда кандай гана иштерди кылбады. Борбордук Африкада, Араканда жана дүйнөдөгү бир нече мамлекеттерде мусулмандар азап тартып жатышат. Ал эми, Ислам Кызматташтык Уюму болсо сүкүт сактап келет.

Түркия президентинин катчысы Ибрахим Калын АКШнын билдирүүсү Ислам өкүмдөрүнө тескери келишин айтпастан,  тескерисинче, бул билдирүү БУУнун токтомдоруна тескери келишин айтты. Калындын айтымында, (кудум, Жакынкы Чыгышта тынчтык өкүм сүрүп жаткандай) Трамптын билдирүүсү ал жердеги тынчтык жараянына зыян жеткирет имиш.

Калын: “Бул Куддустун диний жана тарыхий макамына, эл аралык келишимдерге жана БУУнун  токтомдоруна бүтүндөй тескери келет. Мындай кадам Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын жокко чыгарат о.э. жаңы каршылык жана кагышууларга себеп болот. АКШ бийлиги мындай катага жол бербейт деп үмүттөнөбүз. Куддус жана Харам-и шарифтин макамын сактоо өтө маанилүү”, – деди.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

22 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago