Сирия оппозициясы: Асад бийликтен кетиши керек

Сирия оппозициясы: Асад бийликтен кетиши керек

  Сирия президенти Башар Асад мамлакатте өткөөл мезгил башталганга чейин отставкага кетиши керек. Бул тууралуу Сирия оппозициясынын өкүлдөрү Эр-Рияддагы жолугушуунун жыйынтыгында кабыл алган билдирүүдө айтылат. Аталган билдирүүдө келишинче, дал ушул талап аткарылса гана, туруктуулук жана коопсуздук негизинде саясий жараян башталышы мүмкүн.

  Сирия оппозициясынын өкүлдөрү Саудия расмийлеринин чакыруусу менен Эр-Риядда чогулушту. Тараптар БУУнун колдоосу астында  Женевада болуп өтүүчү сүйлөшүүлөрдө Асад маселесинде бирдей пикир калыптандыруунун үстүндө иштеп жатышат. 28-ноябрда Сирия бийлиги менен оппозиция ортосундагы кезектеги жолушугуу болуп өтөт. Аны БУУнун Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура уюштурууда.

  Сирия оппозициясынын көптөгөн өкүлдөрү болочок президент маселеси шайлоодо чечилиши керектигин баса белгилешүүдө. Көпчүлүк болсо, Асадды аскерий кылмышкер катары көрө тургандыгын айтып, мындан кийин президенттикке шайланбашы кеерктигин баса белгилешет.

  Россия, Түркия жана Иран Женевадагы жолугушуу менен бир катарда Сирия калктары Конгрессин уюштурууга аракет кылууда. 22-ноябрда аталган үч мамлекеттин жетекчилери Сочиде жолугушуп, бул тууралуу келишимге кол коюшту. Россия менен Иран Сириянын учурдагы президентин колдоп-кубаттайт. Түркия болсо айрым оппозициялык топтор тарапта экенин айтып келет.

turkistonkg

Recent Posts

Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда

Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…

1 day ago

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

3 days ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

7 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

2 weeks ago