Трамп менен Путин Борбор Азиядагы абалды да талкуулашты

Трамп менен Путин Борбор Азиядагы абалды да талкуулашты

 Ак үйдүн маалымат кызматы кабарлагандай, АКШ жана РФ президенттери Дональд Трамп менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда террорго каршы күрөшүү, Сирия, Украина жана Түндүк Корея маселелери боюнча кызматташууну талкуулашкан.

 Ак үйдүн маалыматына таянсак, телефон аркылуу сүйлөшүү бир сааттан көбүрөөк убакытка созулган.

 “Президенттер 11-ноябрда Азия-Тынч Океаны экономикалык кызматташтыгы саммитинде берилген ортоктош билдирүүнү колдой тургандыктарын тастыкташты. О.э. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин №2254-резолюциясы ишке ашырылышы керектигин, БУУнун колдоосу астындагы Женева жараяны колдоого алынышы маанилүү экендигин баса белгилешти. Бул нерсе Сириядагы жарандык согушка тынч жол менен чечим табууда, гуманитардык кризиске чек коюуда, сириялык качкындар өз үйлөрүнө кайтып келүүсүндө, бир бүтүн Сирия туруктуулугун камсыздоодо керек”, – деп айтылат кабарда.

 О.э. кабарда: “Президенттер Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азияда терроризмге каршы биргеликте күрөшүү маанилүү экендигин баса белгилешти жана “Ислам мамлекети”, “Ал-Каида”, “Талибан” жана башка террордук уюмдар менен күрөшүү боюнча келечектеги кызматташтыктын жолдорун үйрөнүп чыгууга ыраазылык беришти”, – деп айтылат.

 Ак үйдүн кабарында: “Президент Трамп жана президент Путин Украинада узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүүнү, Түндүк Кореяга эл аралык басымду улантуу керектигин да талкуулашкан”, – деп айталат.

 АКШ президенти Дональд Трамп кесиптеши Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүн “ажайып” жана “бекем”  сүйлөшүү деп атаган.

Туркистон:

АКШ Россия менен биригип жашыруун түрдө бузуку союз түзүшкөн эле! Алар биргеликте Сирияны урандыга айлантышты! Бүгүнкү күндө бул жашыруун биримдигин ашкере кылууга токтом кылышкандай, бири-бири менен ачык диалог жүргүзө башташты.

Бирок, Россиянын Сириядагы аскерий аракеттерин АКШ жетиштүү деңгээлде сыйлаган жок. Ал согушка кетип жаткан аскерий чыгымдарды – Путин режиминин кызыкчылыктары үчүн жумшалып жаткан орус калкынын байлыктары деп айтууга болот. Себеби, Шамда  жүрүп жаткан идеологиялык согушта Россиянын эч кандай кызыкчылыгы жок. Путин бул согушта Асаддын колдоочусу жана коргоочусу ролунда аракеттенип жатат. Бирок, Путиндин өзү деле айткандай, Асад АКШнын малайы.

Путин бул согуш аркылуу, Россиядагы өзүнүн ийгиликсиз жетекчилиги себептүү жүз берип жаткан кризистик абалды жашырмакчы болууда! Ал Россияны мурункудай дүйнөдөгү жетекчи өлкө катары көрсөтмөкчү болууда! Бирок, “ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” дегендей, экономикалык кризистер, мамлекеттин саясий жана экономикалык абалы бул жасалма диктатордун акыйкатын ачып жиберүүдө!

 Бул күрөштө Россия АКШнын аскерий машинасы катары иш алып барууда! АКШ Россияга карата киргизилген бир да санкцияны жокко чыгарбады. Ошого карабастан, Россия АКШга иттей кызмат кылууда. Акыркы кездерде Россиянын Сириядагы согуштан баш тартышы тууралуу сөздөр чыга баштаган эле. АКШ Асадды Путин менен жолугуштурду, андан соң Трамптын өзү аны менен телефон аркылуу сүйлөштү. Демек, Россиянын аскерий кубатынан пайдалануу долбоору дагы уланат. Сирияда эле эмес, Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азияга да көчүшү мүмкүн деген ишаралар болууда!

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

3 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

4 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

4 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

4 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

5 days ago