Атамбаев президенттик кызматтагы акыркы сапарына жөнөп кетти
Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Россияга президенттик кызматтагы акыркы сапарын ишке ашырат. Ал РФда VI Санкт-Петербург эл аралык маданий форумунун салтанаттуу ачылышына катышат.
Кабарларда келишинче, Атамбаев Россияга президент Владимир Путиндин чакыруусу менен жөнөп кеткен.
Кыргызстан президенти сапардын алкагында форумдун салтанаттуу ачылышына катышат о.э. РФ президенти Владимир Путин менен жолугушат.
Бул сапар Атамбаев үчүн президенттик кызматтагы акыркы сапары болот. Эске сала кетсек, 24-ноябрда жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы болуп өтөт.
Туркистон:
Атамбаев улуттук кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын жаңы элитасына ондогон жылдарга багыт бергендей сүйлөдү. Казакстан президенти тууралуу сөз кылып жатып, жаңы бийликке “мен эч кимдин алдында чөгөлөбөйм,силер да чөгөлөбөгүлө” деген мааниде буйрук бергендей болду. Бирок, Кыргызстан ЕАЭБден чыкпастыгын баса белгиледи.
Атамбаев президенттиктен кеткени менен бийлик тизгинин колунда кармап калмакчы болууда. Ал үчүн Россиянын колдоосу керек. Назарбаев болсо, тескерисинче, Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин, анын кыргыз элитасына болгон таасирин жок кылмакчы болууда. Демек, Атамбаевдин Путинге – жеке өзүнүн кызыкчылыгы үчүн – Кыргызстандын бирер маанилүү кызыкчылыгын тартуу кылышы күтүлүүдө!
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…
Басма сөз баянаты Яхудий вужудунун ээн баштыгын жана Шам жерин бутага алган чабуулдарын исламий башкаруу…
Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…
Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…