“Мусулман болсо террорчу, мусулман болбосо рухий кесел”
Кечээ күнү АКШнын Техас штатындагы чиркөөдөгү кол салуудан 30 адам жарадар болуп, 27 адам өлдү. Чабуул кылган адам өлтүрүлдү. Териштирүүнүн натыйжалары боюнча, чабуул кылган адам Техастын тургуну 26 жаштагы америкалык Девин Патрик Келли болуп чыкты. Тыянак белгилүү, ал террорчу эмес, рухий оорулуу. Себеби, ал – мейли сакалы бар болсо да – мусулман эмес, анын үстүнө ал ак түстүү америкалык.
АКШ президенти Дональд Трамп Японияда туруп, эч кандай териштирүүнүн натыйжаларына таянбастан, чиркөөгө чабуул кылган адамдын – ал ок атуучу курал менен 26 адамды өлтүрүп, 30 адамды жарадар кылган болсо да – террорчу эместиги тууралуу билдирүү берди.
“Мамлекетибизде рухий саламаттык маселеси бар, бул курал проблемасы эмес”, – деди Японияда сөз сүйлөгөн Трамп.
О.э. Трамп өзүнүн Твиттердеги баракчасында: “Теңир Техастын Сазерленд Спрингс шаарчасындагы адамдар менен бирге болсун. Федералдык тергөө бюросу жана полиция окуя болгон жерде турат. Мен кырдаалды Япониядан көзөмөлдөп турам”, – деди.
Буга чейин АКШнын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарындагы фестивалда 59 адам өлүп, 527 адам жарадар болгон куралдуу чабуул тууралуу да кудум ушундай тыянак чыгарылган эле. Ошол чабуул АКШ тарыхындагы эң көп адамдын өлүмүнө себеп болгон чабуул болсо да, АКШ аны “террордук акт эмес” деп жарыя кылган эле. Себеби, аны бир мусулман эмес, Стивен Паддок аттуу ак түстүү америкалык ишке ашырган эле.
31-октябрда Манхэттенде Өзбекстандын жараны Сайфулло Саипов башкарган жүк машина велосипедчилер үчүн курулган тилкеге чыгып, бир нече адамды тебелеп кетишинин натыйжасында 8 адам өлдү. Бул окуя болсо, арадан эч канча убакыт өтпөстөн “террордук акт” деп жарыяланды. Ал тургай, АКШ президенти эч кандай териштирүүсүз эле Саиповго өлүм жазасын берүүнү талап кылды. Бардык массалык маалымат каражаттары бул окуяны “коркунучтуу террордук чабуул” деп жар сала башташты.
Бирок, Техастагы чиркөөгө болгон чабуул тууралуу мындай чуу көтөрүшпөдү.
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…