Путиндин өкүлү Сирия оппозициясын коркутту
18-ноябрь күнү Россиянын Сочи шаарында сириялыктар ортосунда “Улуттук диалог конференциясы” деген аталышта жолугушуу болуп өтөт. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путиндин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев Астанада болуп өткөн Сирия боюнча жолугушуунун 7-айлампасынан кийин уюштурулган маалымат жыйынында билдирди.
Лаврентъев Сочи конференциясында улуттук биримдик жана убактылуу өкмөт тууралуу талкуу болушун билдирип, “айрыкча конституциялык реформалар жана парламенттик шайлоо өтө маанилүү деп ойлойбуз” деди. БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура менен да жолугушкандыгын билдирген Лаврентъев “Мистура да конституциялык реформалар жана шайлоо маселесине өзгөчө көңүл бурушубузду айткан эле” деди.
РФ тышкы иштер министрлиги Сочиде болуп өтүүчү “Улуттук диалог” конференциясына чакырылган уюм жана топтордун тизмесин жарыялады. Диалог негизинен Сирия оппозициясынын өкүлдөрү менен Сирия режими өкүлдөрүнүн ортосунда болуп өтөт.
Бирок, Россиянын “Рейтерс” маалымат агенттиги Сирия оппозициялык жогорку комитетинин мүчөсү Мухаммад Аллушка таянып кабар беришинче, Сирия оппозициясынын белгилүү жетекчилери “Улуттук диалог” конференциясына катышпастыгын билдиришкен. Мунун артынан Лаврентьев аларды коркуткан мааниде билдирүү берди.
Лаврентьев эгерде Сирия оппозициясы “Улуттук диалог” конференциясына катышпай турган болсо, “өтө чоң коркунуч” астында каларын баса белгилеп, аларды аталган конференцияда мурунку шарттарын койбостукка чакырды.
“Сирия оппозициясы менен иштөөнү улантабыз. Оппозиция конференцияга катышпаса өтө чоң кооп-коркунуч астында жана саясий жараяндын сыртында калып кетет. О.э. мурунку шарттарын коюшса, муну менен аларга сунулган (тарапкер) колдорду кайтарган болушат. Биз андай болушун каалабайбыз”, – деди Лаврентьев.
Ал эми, Сирия режиминин өкүлдөрү Сочиде өтө турган конференцияга катыша тургандыгын билдиришти. Астанада Сирия делегациясына жетекчилик кылган Башар ал-Жаъфари Сирия режими “улуттук диалог” конференциясына катышууга даяр экендигин билдирди.
“Улуттук диалог конференциясы – бул биз жана досубуз орустар ортосундагы туруктуу диалог жана ылайыкташтыруунун натыйжасы. Биз мындай конференцияга катышууда көбүрөөк мүмкүнчүлүк бар экендигин көрдүк”, – деди Жаъфари.
Ал кошумчалап: “Биз Улуттук диалог конференциясына катышууга даярбыз. Айрыкча, Сирия армиясы илгерилеп, террорчулар жеңилип жаткандан кийин, биз буга даярбыз”, – деди.
Туркистон:
Россия бүтүндөй адамзат алдында, ошонун ичинде Ислам үммөтү алдында Сирия мусулмандарына шарт коюп, коркутууда! Ал Сирияны дээрлик талкалап бүттү! Эми аларды кыянатка ыраазы болууга мажбурлап жатат! Аскерий аракеттердин артынан жогорудагы сыяктуу динге тескери келе турган келишим жана талаптарды сунуштап жатышат. Ыраазы болушпаса, кыргынды улантуу менен дагы кайрадан коркутууларын улантышууда! Демек, куфр дүйнөсү орус учактарына атайын эркиндик берип, мусулмандардын үйлөрүн кыйратып, жаш балдарды жана карапайым калкты кыргын кылып, анын артынан Сирия мусулмандарынан куфрга ыраазы болууну, канкорлорду досум деп жарыя кылууну талап кылышууда!
Бул Ислам үммөтүнүн проблемасы! Россия Сирияны эмес, Ислам үммөтүнүн бир бөлүгүн коркутууда! Бул кыргындар мужахиддерге же куфр атамасы болгон “террорчулар”га каратылган эмес! Тескерисинче, куфр дүйнөсү Ислам жана мусулмандарга, алардын диний, мабдаий, идеологиялык пикирий жетекчилигине каршы согушууда! Мына ушул түшүнүктөр гана үммөттү жеңишке алып барат!
Дүйнөлүк куфр системасы, үммөт мына ушул кубатын сезип калышынын алдын алуу максатында ортобузга жасалма чек араларды пайда кылды! Андан соң зээндерибизде да ушул чек аралар бар болуп турушуна канааттануу пайда кылды! Натыйжада биз мусулмандар үммөт деген биримдикти жоготтук! Ар бирибиз өзүбүзчө куфр белгилеп берген аймактын проблемалары менен убара болуп калдык! Натыйжада куфр дүйнөсү ар бирибизди өз-өзүнчө кордой бштады! Башкаларыбыз сүкүт сактадык, же андан да жаманыраагы, өз аймагыбызды коргомокчу болуп куфрга жардам бере баштадык!
Куфр колонизаторлору ар бир мамлекетчелерде ушул куфрга ыктаган жана өз аймагын коргой турган саясий чөйрөлөрдү пайда кылып, аларды бекем кармап турат! Сирияда ошондой саясий чөйрө бузулуп, куфрга тескери мухит исламий алакаларды талап кылуу менен куфрдан жардам алуудан, аны менен келишүүдөн баш тарта турган исламий идеология негизиндеги жаңы саясий чөйрө пайда болуп барууда. Мына ушул саясий чөйрө куфр дүйнөсүнүн тынчын алууда! жаңы исламий саясий чөйрө куфр пайда кылган кыянатчы жетекчи топторду кабыл албай жатат! Орустун үрөйүн учуруп, дагы кыргын кылам деп коркутууга үндөп жаткан нерсе мына ушул идеолгиялык абал!
Демек, биз үммөт өкүлдөрү Сириядагы проблеманы өз проблемабыз деп түшүнбөсөк, Ислам жана мусулмандардын кордугу бүтпөйт! Дүйнөлүк куфр уюмуна дүйнөлүк исламий үммөт гана каршы тура алат! Сирияны дүйнөлүк куфр системасына таштап коюп, анан жеңишти күтүп кадыржам отуруу арам!
Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…