Гутерреш Саудиянын терроризмге (Исламга) каршы аракеттерин жогору баалады

Гутерреш Саудиянын терроризмге (Исламга) каршы аракеттерин жогору баалады

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутеррес Саудиянын терроризмге (Исламга) каршы күрөштөгү иш-аракеттерин мактап, анын эл аралык уюмдар стратегиясын колдоп-кубаттады. Гутеррес БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө  Саудия бийлигине карата мактоолорду жаадырды.

 “Саудиянын борбору Эр-Рияддагы терроризмге каршы күрөшүү муътадилдик борбору дүйнөдө жетекчи рол ойнойт. Анын максаты терроризмге жана террорчуларга каршы күрөшүү үчүн стратегиялык иш-аракетти ылайыкташтыруу жана эң негизгиси мүчө мамлекеттердин ыйгарым-укуктарын күчөтүү болду”, – деди Гутеррес.

“Коопсуздук проблемалары тынымсыз өзгөрүп барууда. Террорчу уюмдарга каршы алардын жаштарды өзүнө тартуу аракеттерине тоскоолдук кылуу жана каржылык жолдорун кесүү аркылуу күрөшүү зарыл”, – деп кошумчалады БУУнун башкы катчысы.

Гутеррес социалдык мүмкүнчүлүктөр жетишпестиги жана демократиялык жараяндын жоктугу о.э. эркиндиктердин чектелиши “террорчу”лар үчүн жаштарды өздөрүнө тартууга шарт түзө тургандыгын айтты. Анын айтымында, Саудияда түзүлгөн борбор “экстремизм” жана “терроризм”ге (Исламга) каршы күрөшүү үчүн коргонуу багытын сунуштаган.

“Биздин максатыбыз бардык кылмышкерлерди адилеттүүлүк каршысына алып чыгуу жана аларды жоопкерчиликке тартуу о.э. дагы көптөгөн адамдар алардын таасирине түшүп калуусунун  алдын алуу”, – деди Гутеррес.

О.э. ал сентябрь айындагы жыйынды да эске салып өттү. Анда бүт дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жетекчилери терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү үчүн болгон күчтөрдү бириктирүү зарыл экендигин баса белгилешкен.

turkistonkg

Recent Posts

Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда

Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…

21 hours ago

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

3 days ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

7 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

2 weeks ago