Новиков: Чек арадагы кырдаал сооданы тымызын чектөө
Кыргызстандын экономика министри Артём Новиков кыргыз-казак чек арасындагы абалды “сооданы тымызын чектөө” деп атады. Анын айтымында, министрлик чек арадагы проблеманы чечүүдө жардам сурап Евразия экономикалык комиссиясына арыз менен кайрылган.
Новиков 27-октябрдагы маалымат жыйынында кыргыз-казак чек арасы аркылуу товарлар тоскоолдуксуз өтүүсү маселеси качан чечилерин билбестигин айтты.
“Биз мындай абалга биринчи жолу дуушар болуп жатабыз. Бул жерде “сооданы тымызын чектөө” сөзүн колдонуу орундуу”, – деп айтты министр.
Новиков Евразия экономикалык комиссиясы Кыргызстандын арызын карап чыгуунун так датасын белгилей электигин билдирди.
“Кырдаал жөнгө салынышынан үмүттөнөбүз. Эгерде проблема чечилбесе, анда ЕАЭБден чыгуу маселеси саясий деңгээлде кабыл алынат”, – деп айткан Новиков.
Министрдин билдиришинче, жүк ташуучулар чек арадагы абал себептүү зыян тартып жатышат.
Туркистон:
Новиков кыргыз-казак чек арасындагы проблемаларды “экономикалык кызыкчылык талашуу” катары сыпаттоодо. Негизи, бул проблема – адамдар арасындагы мамилеге тиешелүү маселе болгону үчүн, эки президенттин келишпестигинен келип чыгып,натыйжада жарандарга атайылап зыян жеткирилип жатканы үчүн о.э. эл аралык саясий күчтөргө арызданып жатканы үчүн – саясий проблема деп бааланат. Т.а. саясий проблема экономикалык басым аркылуу ишке ашырылып жатат.
ЕАЭБ өзүнүн мүчөсү болгон эки өлкөнүн ортосундагы проблеманы чечип бере албады. Себеби, бул нерсе эки өлкө ортосундагы проблема эмес эле. Т.а. эки президенттин тирешүүсүнөн келип чыккан админстративдик басым болууда. Ошондуктан, Россия ЕАЭБдин атынан бул проблеманын жөнгө сала албайт. Проблеманын чечими Назарбаевдин эл аралык саясаттагы аброюна байланыштуу болуп, Кыргызстан менен Казакстандын жарандары анын текебердигинин курмандыгына айланып калышты.
Кыргызстан президенти болсо өзүнүн эл аралык саясий майдандагы ордун туура эмес белгилеп алды. Ал жылуу мамилелер расмиятчылык экендигин, чыныгы саясий аброй анын артында турган мамлекеттин күч-кубатына жана стратегиялык маанисине байланыштуу экендигин унутуп койду. Себеби, эл аралык саясат жана дүйнөлүк система бир гана кызыкчылык үстүнө курулган. Путин сыяктуу ири өлкө башчыларынын жылуу мамилеси, болгону расмиятчылык болуп эсептелет.
Эми Кыргызстан кечээ эле сындап жаткан Батышка кайрылып, Казакстандын басымынан арызданууда. Бул болсо, Россия менен Кыргызстандын мамилесине жарака кетирет. Россияда миллиондогон мигранттар Кыргызстандын Ички дүң продукциясын өстүрүп, валюта дефицити проблемасын чечип келет. Аларга Россия тараптан берилген ар бир сокку Кыргызстанда революция коркунучун күчөтө берет.
Кыргызстан проблемасы эл аралык саясаттын адилетсиздигине о.э. дүйнөлүк башкаруу системасынын негизи туура эместигине байланыштуу. Бул болсо, дүйнөлүк системанын бузуктугуна ишара кылат. Дүйнөлүк система эки же үч стандарт негизинде иш алып барышына ачык-айкын далил болуп турат.
Кыргызстан премьер-министринин ар бир аракети ийгиликсиз аяктай берет. Муну премьер-министрдин өзү да билет. Бирок, эмнедир кылыш керек деген мааниде расмиятчылык үчүн гана ошол эл аралык уюмдарга арыздануу менен саясий популисттик аракеттерин уланта берет. Бул чек аралар жана алар себептүү жүз берип жаткан проблемалар, куфр дүйнөлүк системасынын кызыкчылыгына кызмат кылат. Башкача айтканда, бул чек аралар исламий өлкөлөрдүн ортосунда кескиндиктерди пайда кылууда негизги курал болуп кызмат кылат.
Демек, ислам өлкөлөрү ортосунда чек аралар бар болуп турушунун өзү проблема. Себеби, бул чек аралар колонизаторлор тарабынан сызып берилген жана алардын гана кызыкчылыгына кызмат кылат! Ошондуктан, бул проблеманы чечүү үчүн аларга арыздануунун өзү туура эмес!!!
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…