Стамбулда өзбекстандык мигрант кармалды

Стамбулда өзбекстандык мигрант кармалды

Стамбулда өткөрүлгөн ИШИМге каршы күрөш операциясынын алкагында Өзбекстандын жараны Ислам Бойхужаев кармалды. Аны менен бирге жубайы жана бир баласы да камакка алынган. Бул тууралуу Түркияда ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү “Түркстандыктар” коому кабарлады.

 “Стамбулдун Эсенюрт районунда жашап жаткан Өзбекстандын жараны Ислам Бойхужаев, аялы жана баласы менен биргеликте кечээ күнү ИШИМге каршы жүргүзүлгөн операциянын алкагында камакка алынды. Бул үй-бүлө биздин коомдун мүчөсү болуп эсептелет. Ал эч кандай топко мүчө эместигине жана бирер кылмышка аралашпагандыгына биз кепил болобуз. Мындай операцияларда атайылап коомубуздун бейкүнөө мүчөлөрү бутага алынып жаткандыгына көзүбүз жетип турат. Бул зулумдар эч кимге пайда алып келбейт, тескерисинче мамлекетибизге, айрыкча “терроризмге каршы күрөш” долбооруна зыянын тийгизүүдө”, – деп айтылат “Түркстандыктар” коому тараткан билдирүүдө.

Учурда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев расмий сапар менен Түркияда жүрөт. Мирзиёевдин Түркияга сапары учурунда Түркия коопсуздук күчтөрүнүн мындай операцияны өткөрүшү көңүл бурууга арзыйт.

Кабарларда келишинче, ИШИМге каршы күрөш операциясы түн жарымында ишке ашырылып, коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери бир эле учурда 17 дарекке бастырып киришкен. Операцияда ИШИМ уюмуна мүчө болгондукта айыпталып, 62 адам кармалган. Алардан 58 адам чет өлкөнүн жарандары. Камакка алынган 58 чет өлкөлүктү депортация кылуу боюнча иш башталгандыгы айтылууда. Камакка алынган адамдардын кайсы улуттан экендиги тууралуу толук маалымат берилбей жатат.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

1 day ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

5 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

6 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

6 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

7 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

7 days ago