Тажикстан имамдары Россияга барышы мүмкүн
Тажикстандык имамдар экстремизмге каршы күрөшүү үчүн Россияга барышы мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын “Интерфакс” агенттиги кабарлады. Кабарда келишинче, Тажикстанда дин иштери, үрп-адат жана каада-салттар боюнча иш жүргүзүүчү комитет имамдардын бир тобун Россияга жөнөтүү маселесин карап чыгууда.
“Интерфакс” маалымат агенттигине интервью берген диний мекеменин башчысы Хусайн Шокирзода бул демилге өкмөттүн буйругуна ылайык пландаштырылып жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн көрсөтмөсү менен Россияга барган имамдар мигранттардын таалим тарбиясы менен алектенет.
“Бул иш Тажикстан өкмөтүнүн тапшырмасы менен ишке ашырылууда. Биз маселени талкуулап жатабыз. Учурда имамдардан бир топту Россияга жөнөтүү пландаштырылууда. Мындан көздөлгөн максат, ал жердеги мигиранттарды тарбиялоо, аларга туура жол көрсөтүү жана алар терроризмге азыгырылып кетпестиги үчүн зарыл болгон иштерди аткаруу”,- деди Хусайн Шокирзода.
Буга чейин Москванын муфтийи жана Россия мусулмары диний форумунун башчысы Альбир Крганов журналисттерге берген интервьюсунда РФда жашаган мигранттардын радикалдашуу коркунучунан эскерткен эле. О.э. Тажикстан, Түркмөнстан жана Афганистан чек араларында жаңы пайда болгон, миңдеген мүчөсү бар “Хуросон террордук” уюмуна караштуу адамдардын коркунучунан да эскерткен эле.
Туркистон:
Россиядагы КМШ өлкөлөрүнөн барган мигранттардын саны боюнча Тажикстан Өзбекстандан кийинки орунда т.а. экинчи орунда турат. РФ миграция кызматынын статистикалык маалыматтары боюнча, учурда Россияда 2 миллионго жакын тажикстандык мигрант бар. Алардын 75%ы эркектер.
Акыркы эсептөөлөр боюнча Тажикстандын 8.8 миллион жараны бар болуп, алардын 5/2 бөлүгү мамлекеттен тышкарыда. Бул болсо, тажик улутунун жаш жана кубаттуу бөлүгү мамлекеттен тышкарыда экендигин о.э. анын көпчүлүгү Россияда экендигин түшүндүрөт. Тажикстандын Ички дүң продукциясынын (ИДП) 40 пайызы мигранттардын мойнуна түшүп жатат.
Демек, Тажикстан Россиядагы мигранттарына кайдыгер карай албайт. Ал тургай, Россияда – Э. Рахмондун тили менен айтканда – “исламий радикализм” коркунучу күчөп кеткен күндө да аларды өз мекенине кайтара албайт. Анткени, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттери өз жарандарын жумуш менен камсыздай алышпайт. Буга эл аралык саясат жана дүйнөлүк куфр системасынын глобалдаштыруу саясатындагы адилетсиздиги себепкер. Ошого карабастан, аталган өлкөлөрдүн жетекчилиги дүйнөлүк куфр системасынын алдындагы исламдашуунун алдын алуу милдетинен баш тарта албай жатышат. Мигранттардын ыйманий мухити күчөп жатышы булардын тынчын алууда.
Кыргызстан да өзүнүн бир катар аалымдарын кудум ушул сыяктуу миссиялар менен бир нече жолу Россияга жөнөттү. Алар да улутчулдук негизине курулган, чектелген жана “салттуу ислам” деген аталыштагы багытка чакыруу долбоору менен даъват кылышты. Россия – Ислам жана мусулмандардын ашынган душманы болушуна карабастан – бул долбоорго кеңири жол ачып берүүдө. Себеби, дүйнөлүк куфр системасы өзүнүн демократия акыйдасына негизделген идеологиясы менен Ислам идеологиясына каршы күрөшө албай калды. Алар Ислам идеологиясын бир нече бөлүктөргө бөлүп жиберип, ушул бузук исламий робиталар менен мусулмандардын биримдигин бузмакчы болушууда. Алар Ислам аалымдарын улуттук жана мамлекеттик аалымдарга айландырышмакчы. Ошол аалымдар жардамында куфр менен келише турган муътадил, илманий, улутчулдукка негизделген мухит пайда кылмакчы болушууда.
Негизи, Ислам дини улутчулдукка чектелүүдөн жана ага чакыруудан, куфр менен шариятка тескери көрүнүштө келишүүдөн о.э. Исламды муътадил кылуу менен аны куфр башкаруу системасына ылайыкташтырып берүүдөн катуу кайтарат.
Россиядагы тажик, кыргыз жана өзбек мигранттардын ыйманий мухити, өз өлкөлөрүндөгү ыйманий мухиттен бир топ күчтүү! Тажик режиминин Ислам жана мусулмандарга каршы зулум жана күрөшү, дүйнөдөгү бардык куфр мамлекеттеринен ашып кетти. Демек, ал “Ислам аалымдарын” Россияга жөнөтүүдөн көздөгөн максаты, исламды реформа кылуу эмес, Рахмондун ички саясаттагы куфрга ыктаган позициясын мигранттар мухитинде да бекемдеп келүү.
Ислам аалымдарын Аллахка күнөөкөр боло турган иште махлукка моюн сунбастыкка чакырабыз!!! Албетте, бардыгыбыз Аллахка кайтабыз! Ошондуктан, Аллахтын рахматынан үмүт кылып, каарынан баанек сурап таква кылууга чакырабыз!
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…