Асад Сирияда “Коопсуз аймак түзүүнүн” пайдасын көрө баштады

Асад Сирияда “Коопсуз аймак түзүүнүн” пайдасын көрө баштады

АКШ башчылыгында о.э. Россия, Түркия жана Иран мамлекеттеринин кепилдиги астында өткөрүлгөн Астана жолугушуусунда, Сирияда “Коопсуз аймак түзүү” планы жарыя кылынгандан кийин Асад режими жандана баштады. Аталган чечимден кийин Асад күчтөрү бир нече аймактарды, ошону менен бирге Хомс жана Дейр аз-Зур аймагын ээлеп алды.

Акыркы кабарларга ылайык, Асад режими жана Иран хизбинин согушкерлери Сириянын түштүгүндөгү Иордания менен чектеш бардык аймактарды көзөмөлүнө алган. Натыйжада ошол аймакты көзөмөлдөп жаткан оппозициялык топтор 6500 км.кв. жерди колдон чыгарышкан.

Буга чейин оппозициялык Тахрир Шам тобу Дамасктын айланасындагы Абу Дали аймагын Асад күчтөрүнөн азат кылгандыгы кабарланган эле.

Хизб ут-Тахрирдин борбордук басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Усман Баххош аталган окуяга комментаррий берип: “Аскер илиминде ушундай бир эреже бар; бирер жерде жеңишке жетүү маанилүү эмес, эң маанилүүсү согушта жеңишке жетишүү. Ошондуктан, Идлиб маселесинде Астана, Москва жана Женева келишимдерин кабыл алган Түркияга караштуу топтун Абу Дали аймагын куткарышы эч кандай мааниге ээ эмес”, – деген.

Чындыгында, Россия менен Түркия биргеликте сунуштап жаткан “Коопсуз аймак түзүү” планынан көздөлгөн максат, Халабдагы (Алеппо) сыяктуу эле оппозициялык күчтөрдү алсыратып, Идлибдин кулашын камсыздоо, ошондон кийин шаарды илманий Асад режиминин колуна тапшыруу экендиги жашыруун сыр болбой калды. Сирия боюнча көптөгөн адистер да Астана жолугушууларында түзүлгөн “Коопсуз аймак түзүү” планы Сирия согушунда негизинен Асад режимине шарттарды түзүп жаткандыгын  билдиришүүдө.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

1 day ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

4 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

6 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

6 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

6 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

6 days ago