Россия өз аймагында АКШ ЖМКларынын ишмердүүлүгүн чектеши мүмкүн

Россия өз аймагында АКШ ЖМКларынын ишмердүүлүгүн чектеши мүмкүн

АКШ тарабынан Россия ЖМКларына карата “болуп көрбөгөндөй жана себепсиз басым” өткөрүлүшүнө жооп иретинде, Россияда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан америкалык журналисттерге карата “кудум ушундай” чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттигине өкмөттүн өкүлү билдирген.

Ал: “Ушул чектөө Россияда ишмердүүлүгүн жүрүгүзүп жаткан бардык америкалык журналисттерге тиешелүү болушу мүмкүн”,- деди.

АКШ демократиялык партиясынын өкүлү Дэвид Сисиллине “Russia Today” телеканалын “чет өлкөлүк агент” катары каттоого алууну сунуштаган эле. Андан тышкары ФБР “Sputnik” маалымат агенттигинин мурдагы кызматкери Эндрю Файнбергди суракка алган.

Россия тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова: “Россия ЖМКларына карата коюлган ар бир кадамга дал өзүндөй жооп беребиз”,- деди.

Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун билдиришинче, Кремль россиялык журналисттин ФБР суракка алышынан тынчсызданып жатат жана бул абал АКШда цензура жана ЖМКлар ишмердүүлүгүн чектөөдө олуттуу проблемалар бар экендигин көрсөтөт.

Песковдун айтымында, Россияда чет элдик журналисттер цензура аркылуу же кабарлар мазмунуна карай куугунтукталбайт.

“Чет өлкөлүк ЖМКларга биздин ЖМКлар сыяктуу эле толук укуктар берилген. АКШдагы абал болсо, бизди тынчсыздандырууда”, – деди Песков.

“Russia Today” телеканалынын жетекчиси Маргарита Симоньян болсо ушул чаралар каналдын ишмердүүлүгүндө белгилүү бир чектөөлөргө алып барып, акыры канал жабылып калышы мүмкүн экендигин билдирди.

Симоньян: “Бул болсо эч бир тарап үчүн пайдалуу болбойт”, – деди.

Туркистон:  

Россияда 2018-жылдын 18-мартында президенттик шайлоо болуп өтөт. Бул жолку шайлоо Путиндин режими үчүн өтө ыңгайсыз абалдарда келе жатат. Т.а. мамлекеттин экономикалык жактан алсыздыгы, эл аралык саясаттагы тышкы дүйнө менен үзүлүп бара жаткан кризистик абал о.э. ички саясаттагы нааразылык менен коштолууда.

АКШ Россияны эл аралык саясий майдандан сүрүп чыгарып барууда. Аны өзүнө көз каранды, саясий жана экономикалык жактан колонияга айландырып барууда. Россия энергетикалык сырььёлорго таянган алсыз экономикасы менен, ядролук куралы бар болгон өтө чоң колонияга айланып барууда.

О.э. ал өзүндөгү оор жана жеңил өнөржайын дээрлик жокко чыгарып, башка өлкөлөрдүн өнөржай товарлары үчүн өтө чоң базарга айланып болду. Натыйжада, орус калкынын жашоо деңгээли төмөндөп барууда. Бул болсо, жарандардын бийликке нааразылыгы, айрыкча ушул кризистик абалга себепкер болгон Путиндин режимине нааразылыгы күчөшүнө шарт түзөт. Ошондуктан, режим шайлоонун алдында ыңгайлуу учурду аңдып турган батышчыл маалымат түзүмүн алсыратып коймокчу болууда.

turkistonkg

Recent Posts

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

11 hours ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

1 day ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

1 day ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

1 day ago

«Яхудий жана насронийлер – алардын динине кирмейинче – эч качан сенден ыраазы болушпайт»

Басма сөз баянаты ﴿وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡ﴾ «Яхудий жана насронийлер…

1 day ago

Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп эсептелет

Басма сөз баянаты Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп…

1 day ago