Путин: Атамбаев убадасында турат жана аны ишке ашыруу үчүн акырына чейин барат

Путин: Атамбаев убадасында турат жана аны ишке ашыруу үчүн акырына чейин барат

 Россия президенти Владимир Путин кыргызстандык журналист Сыягүл Караманга интервью берип, анда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук алакалар жөнүндө жана Кыргызстанды жаркын келечек күтүп турганы тууралуу сөз кылды.

 Путин: “Эгерде биз кыргыз калкынын жөндөмүн, эмгекчилдигин жана кыргыз жеринин мүмкүнчүлүктөрүн, минералдык ресурстарын эсепке алсак, Кыргызстанда кызыктуу жана жаркын келечек бар”, – деди.

 Анын айтымында, Кыргызстан жана Россияны жалпы тарых, маданият байланыштырып турат.

 О.э.: “Бирок, бизди бириктире турган нерселер булар эле эмес. Көптөгөн туугандык, жекече, достук алкалар бар. Кыргызстандын айыл чарба продукцияларынын импорту 2,5 эсеге көбөйдү ”, – деди.

 Интервьюнун негизги бөлүгү президент Алмазбек Атамбаев тууралуу болду.

 “Кыргызстан президенти таланттуу, сезим-туйгуларга бай адам. Ал бир сөздүү адам. Аны менен кээде келишүү кыйын болот, бирок эгерде келишип калса, ал келишимди аткаруу үчүн аягына чейин барат. Мен да ушундай кылууга аракет кыламын. Балким, анын кылып жаткан иштери баарына эле жага бербейт чыгар. Бирок, бардыгы ага өтө олуттуу адамдай мамиледе болот. Анын сөзү ишине дал келиши себептүү ушундай болот. Менин оюмча, Кыргызстан мындан утушка ээ болот, себеби, мына ошондо мамлекетке олуттуу өнөктөш катары каралат ”,- деп айткан Путин.

Туркистон:

Путин Кыргызстанда бул жолу революция кылбай туруп президент алмаштырмакчы болууда! Себеби, бардык талапкерлер анын таасири астында. Проблема Атамбаевдин өзүн сактап калууда болуп жатат. Кызык жери, Атамбаевди өзүнүн мурдагы үзөңгүлөштөрү болгон кыргыз элитасынан жана кыргыз калкынын бир топ нааразы болгон тобунан о.э. оппозиционерлерден сактап калмакчы болууда!

Бирок, Атамбаевди чындыгында Путин сактап кала алат. Президенттикке талапкерлер арасынан сахнада Бабанов жана СДПК партиясынан Жээнбеков гана калды. Калгандары алардын айланасына биригип жатат. Демек, саясий аренада башка олуттуу кубат жана проблема жок. Эки талапкер тең Россиянын фатвасын күтүп турат. Ошондуктан, Путин гана Атамбаевди кол тийбестик менен камсыздай алат жана ал гана тандем түзүп бере алат!

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

3 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

4 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

4 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

4 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

5 days ago