БУУнун Коопсуздук Кеңеши Аракан кыргынын дагы бир жолу катуу каралады
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Бирмадагы аракандык мусулмандарга каршы уюштурулган зомбулуктарды талкуулоо үчүн дагы бир жыйын өткөрдү. А бирок, бул жолку жыйын маалымат каражаттарын катыштырбастан, жабык эшиктер артында болуп өттү. Сентябрь айынан баштап БУУнун Коопсуздук Кеңешине төрагалык кыла баштаган Эфиопиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Текеда Алему жыйындан соң журналисттерге маалымат берди.
Бирма өкмөтүн мазлумдарга гуманитардык жардам көрсөтүүдө БУУ менен жана башка гуманитардык уюмдар менен кызматташууга чакырган Алему: “БУУнун Коопсуздук Кеңеши Бирма коопсуздук күчтөрү тынч жарандарга каршы күч колдонгонунан тынчсызданууда. Коопсуздук Кеңеши тынч жарандарга каршы чабуулдарды каралайт. Коопсуздук Кеңеши Аракандагы зомбулуктарды тез арада токтотууга жана тынч жарандарды коргоого чакырат”, – деди.
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутеррес да БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясынын алдында уюштурулган маалымат жыйынында Бирмадагы Аракандык мусулмандарга каршы зомбулуктар тууралуу сөз кылды. Ал аракандык мусулмандарга каршы ишке ашырылган зомбулуктарды “кабыл алынгыс иш” деп атап, Бирма бийлигин аскерий операцияларды токтотууга, зомбулуктарга чек коюуга жана гуманитардык жардамдарга уруксат берүүгө чакыруу менен чектелди.
Туркистон:
Ислам өлкөлөрүнүн башчылары Аракан кыргыны тууралуу сөз кылган учурда бул маселенин чечимин БУУга сунуштоо менен чектелишүүдө. Негизи, БУУ Аракан мусулмандарына карата ишке ашырылып жаткан кылмыштардан кабардар. Ал өзүнүн Аракан тууралуу берген билдирүүлөрүнүн биринде “дүйнөнүн эң бир мазлум калкы – Аракан мусулмандары” деген эле. А бирок ушундай болушуна карабастан, “болгону, тынчсыздануу билдирүү”, “катуу каралоо” менен гана чектелүүдө. Мунун себеби эмнеде?
БУУга эки жүзгө жакын мамлекет мүчө. А бирок, БУУ алардан болгону туруктуу беш мүчөсүнүн т.а. АКШ, Россия, Англия, Кытай жана Франция мамлекеттеринин кызыкчылыктарын гана коргойт, айрыкча булардын арасынан АКШнын кызыкчылыгы биринчи орунда турат. Аталган беш мамлекеттин бири БУУ кабыл ала турган бирер токтомго ВЕТО коё турган болсо, калган жүздөн ашуун мамлекеттин кыпындай да таасири калбайт. Кызык жери, дүйнөнүн кайсы жеринде кан төгүлүп жаткан болсо, анын артында мына ушул беш мамлекеттин бири турган болот.
Демек, БУУга кайрылуу аталган беш мамлекетке, айрыкча АКШга кайрылуу дегенди түшүндүрөт. Акыйкатта болсо, бул зулумдарды ишке ашырып жаткан мамлекеттин башчысына “тынчтыкты сактоо боюнча Нобель сыйлыгын” АКШнын өзү тапшырган. Ушундай болгон соң, БУУга кайрылуу жана ал жерден каралоочу токтомдорду чыгартуу мусулмандардын проблемасына чечим болобу?
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…