Казакстан Сирияга аскерлерин жөнөтүүгө даяр

Казакстан Сирияга аскерлерин жөнөтүүгө даяр

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, БУУ чечим чыгарса Сирияга аскер жөнөтө ала тургандыгын билдирди.

 Буга чейин Казакстан тышкы иштер министрлиги Сирияга аскерлерди жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөр болбогону жана мамлекеттин бул жааттагы позициясы өзгөрбөстүгү тууралуу билдирген эле.

 Назарбаев: “Эгерде БУУнун айрым күчтөрү Сирияга аскер жөнөтүү чечимин чыгарса, биз уюмдун мүчөсү катары ал жерге аскер жөнөтө алабыз”,- деди.

 Казакстан конституциясына ылайык, Казакстан аскерлерин согуш жүрүп жаткан жерлерге жөнөтүү парламенттин ыраазылыгы аркылуу гана  ишке ашат.

 13-сентябрда Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн 6-айлампасы башталган эле.

Туркистон:

Казакстан аскерин Сирияга алып кирүүгө ыраазы болору менен өтө чоң эл аралык тузакка түшөт.

Куфр дүйнөсү бул мамлекеттин бир ууч алсыз аскерине муктаж болуп калган жок! Алар бул мамлекеттердин – дүйнөлүк куфр мамлекеттердин Шамга болгон баскынына – шерик экендигин иш жүзүндө көрсөтүп коймокчу болушууда. Максаты, Казакстанда мусулмандардын туйгусун козгоп, бул региондо “исламий согуш” аракеттерине шарт түзүп берүү.

Казакстан армиясы, ал тургай, өз чегарасын коргоого да кудуреттүү эмес. Мындан тышкары, өлкөдө өтө чоң экономикалык проблемалар бар. Президенттин жогорудагы долбоорго кол коюшу, өз мамлекети үчүн өтө чоң кыянат жана өтө чоң тарыхий ката болушу мүмкүн. Россиянын Сириядагы кандуу жүрүшүнө шерик кылып коё турган бул аскерий келишим, эки өлкөнү ар дайым коо-коркунучта жашай турган абалга дуушар кылып коёт. Бул болсо, Путиндин Борбор Азия үчүн даярдап жаткан пландарына туура келет. Россия үчүн Борбор Азия мамлекеттеринин аскерий жардамы эмес, тескерисинче алардын куфрга ыктаган расмий маанидеги аралашуусу жана алар менен аскерий жактан кызматташып жатканы маанилүү.

Кечээ жакында эле Казакстан парламенти исламий террорчуларды жарандыктан чыгаруу көздөлгөн мыйзамды тастыктады. Демек, Казакстан ички саясатта Ислам жана мусулмандарга каршы репрессивдик аракеттерин күчөтүүгө мажбур болот. Себеби, Сирияга аскер алып кирүү өлкөдөгү исламий мухитте өтө чоң нааразылыктарды пайда кылышы мүмкүн. Куфр дүйнөсүнүн бул долбоордон күтүп жаткан негизги максаты да, кудум ушул исламий нааразылык абалынан пайдаланып калуу!  

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

4 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

7 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago