Аракан үчүн топтолгон жардамдар салтанаттуу түрдө канкор Бирма өкмөтүнө тапшырылды!
Бирма өкмөтүнүн БУУ жана башка эл аралык гуманитардык уюмдарды Аракандын түндүгүндөгү аймактаргакиргизбей жатканы кабарланган эле. Түркия президенти Режеп Таййип Эрдогандын Бирманын өлкө башчысы Сан Су Чин менен акыркы жолугушуусунан кийин, биринчи тышкы гуманитардык уюм катары “Түркия эл аралык кызматташтык жана өнүгүү агенттигинин” киришине уруксат берилди. Бирок, мусулмандардан топтолгон гуманитардык жардамдар ушул кыргындарды ишке ашырып жаткан Бирма бийлигине тапшырылды. Бирма бийлиги бул жардамдарды өз колу менен өлтүрүп жаткан мусулмандарга кандай жеткирери белгисиз бойдон калууда.
Түркия премьер-министринин орунбасары Хакан Чавушоглунун айтымында, бул жардамдар зарыл болгон жерлерге ушул эле аракандык мусулмандарды кыргын кылып жаткан Бирма армиясынын аскерий вертолёттору менен жеткирилет. Бул жардамдар 100 миң үй-бүлөгө болжолдонгон эле.
Буга чейин Газа үчүн топтолгон жардамдарды мазлумдарга жеткирүүдө да кудум ушундай абал жүз берген. “Түркия эл аралык кызматташтык жана өнүгүү агенттиги” жана “Кызыл Жарым Ай” уюму жөнөтүлгөн жардамдарды бир нече жолу Израилдин Ашдод портуна тапшырган эле.
Туркистон:
Бүт дүйнөдөгү мусулмандар катары эле Түркиядагы мусулмандар жана көптөгөн мамлекеттик эмес уюмдар да Бирма бийлиги кыргын кылып жаткан аракандык мусулмандарга кайдыгер карашпады. Алар массалык кыргынга каршы бутка турушту жана аракандык боордоштору үчүн колунан келген жардамды аяшпады. Мазлум мусулмандар үчүн колунан келген жардамын аябаган бардык мусулмандардан Аллах Таала ыраазы болсун. Алар үчүн дуба кылган мусулмандардын дубаларын Аллах кабыл кылсын.
Түркия бийлиги да аракандык мусулмандарга жардам чогултуу жана аларды мазлумдарга жеткирүү үчүн бир нече сооптуу иштерди кылды. Бирок, мамлекет – кайрымдуулук уюму эмес – саясий вужуд экендигин унутпашыбыз керек. Анын ишмердүүлүгү кайрымдуулук уюмдарынын ишмердүүлүгүнөн таптакыр башкача. Туура, муктаж мусулмандарга материалдык жардам жеткирүү зарыл. Түркия бул жаатта бир нече жакшы иштерди кылды. А бирок, ошону менен чектелип калуу ал жердеги зулумдарды жок кылбайт. Мисалы, миңдеген тонна азык-түлүк жөнөтүлгөнү менен, Араканда кыргын жана куугунтуктар токтой элек.
Дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун мусулмандар зулумга дуушар болуп, кыргын кылынары менен, дароо жардам берүү кампаниясы башталат. Бул өтө жакшы иш, а бирок мамлекет саясий вужуд катары саясий аракеттерге киришүүсү керек. Демек, эгерде Түркия бийлиги чындап эле Аракандагы зулумга чек коймокчу болсо, анда ультиматум коюу, басым өткөрүү саястын колдонуп, айланадагы Индонезия жана Малайзия сыяктуу башка мамлекеттерден да ушул нерсени талап кылышы керек. Анын артында аны колдоп-кубаттап туруучу Үммөт бар. Ислам Үммөтүндө боордоштору үчүн кайгыруу сезими бар. Реалдуу жашоодо да социалдык тармактарда да буга күбө болуп жатабыз. Демек, ушундай кадамдарды таштоо үчүн Түркия бийлигинин алдында эч кандай тосук жок. Ал тургай, анын армия жөнөтүү мүмкүнчүлүгү да бар. Эгерде бийлик бул ишти аткарбаса, анда бийликти тергеп-тескөө жана андан бул иштерди талап кылуу ар бир мусулманга важиб болот. “Учурда бул иштер эл аралык саясатка туура келбейт” деген кеп-сөздөр да айтылышы мүмкүн, а бирок, мусулман жетекчи куфр мамлекеттери белгилеген эл аралык саясатка эмес, Аллахтын буйруктарына ылайык иш кылышы керек.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…