Атамбаев шайлоодон кийинки башаламандыктан кооптонууда
Алмазбек Атамбаев 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого шылтап өлкөдө башаламандык уюштурууга жол бербестигин билдирди.
Атамбаев: “Эмне үчүн мындай аракет болуп жатат? Кандайдыр шылтоо менен 15-октябрдан кийин өлкөдө жагдайды туруксуздаштырууну каалагандар бар. Мен эскертип коёюн, мен 1-декабрга чейин ушул мамлекеттин президентимин. Өлкөдө башаламандык кылууну каалагандарды катаал жазага тартууга менде убакыт жетиштүү. Мен оппозицияда жалгыз жүргөн кезде да кудайдан башка эч кимден корккон эмесмин. Азыр болсо мени Кыргызстандын эли колдоп турат…” – деди.
Белгилүү болгондой, Атамбаевдин президенттик мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1- декабрында аяктайт жана конституцияга ылайык , ал кайрадан президенттикке талапкердигин коё албайт.
Туркистон:
Атамбаевдин тынчсыздануусуна негиз бар. Ал бийликти өз таасири астында сактап калуу үчүн админстративдик ресурска жана күч түзүмдөрүнө таянуу менен өтө чоң каталарды кетирди. Путин “сага жардам беремин” деген учурда Атамбаев ар тараптуу жардам келишин түшүнүп алды. Ал бүгүнкү күндө Россиянын сакафий, идеологиялык жана экономикалык колония кылуу кубаты дээрлик калбагандыгын түшүнө албады. Натыйжада, Россия коопсуздук күчтөрү ички иштерибизге кирип келди. Ал тургай, Кыргызстандагы элита өкүлдөрүн да ФСБ башчылыгындагы УКМК аркылуу коркутуу иштери жүрүп жатат. Себеби, Кыргызстанда бүгүнкү күндө мурункудай Россияга идеологиялык жактан ээрчип жаткан саясий элита жок. Ошондуктан, ар кандай мамлекеттин саясий элитасын күч менен кармап туруу, кырдаалды убактылуу жана жалаң гана авторитардык режим менен кармап туруу мүмкүнчүлүгүн гана берет.
Россия коопсуздук күчтөрү башчылыгында жүрүп жаткан “коркутуу менен кырдаалды кармап калуу” операциясындагы жийиркеничтүү көрүнүштөрдөн калк алдында актануу максатында, идеологиялык күрөш сценарийин ойлоп табышмакчы болушууда. Ал үчүн аларга кандайдыр бир коркунучтуу, жардыруучу күчтөр керек. Алардын атынан элдин кызыкчылыгына материалдык жана моралдык зыяндар жеткирилиши керек!
Учурда дүйнөдө демократиялык идеологияга каршы исламий идеологиядан башка Мабдаъ (система) жок! Ошондуктан, бул коопсуздук түзүмдөрү да Ислам жана мусулмандарды коркунучтуу кылып көрсөтүүчү операциялардын сценарийлерин түзө башташты! Маалымат каражаттары аркылуу маалыматтык чабуулдарды күчөтүштү! Артур Медетбеков сыяктуу дежур эксперттер дагы кайрадан сахнанын алдыңкы катарына чыгарылды! Себеби, булар абакта жаткан жарандарды жасалма сахна уюштуруу менен атып салышууда! Ошондуктан, алардын калк кызыкчылыгын коргоочулар болуп көрүнүүгө аракет кылышы табигый көрүнүш.
Россия Украинадагы кырдаалды Янукович аркылуу көпкө кармап тура албаганына күбө болгонбуз. Бул өтө алсыз жана ишенимсиз системалык режим. Бул режим мамлекетти көп убакыт аскерий күч менен кармап турууну талап кылат. Россия болсо, бизди – Крым сыяктуу – ал тургай,коопсуздук кызматтары аркылуу да көпкө колдоп тура албайт. Ошондуктан, “Атамбаевдин көргөнүнөн, көрө элеги көп” деп айтсак туура болот!
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…