АКШ Афганистанга кошумча 4 миң аскер жиберет

АКШ Афганистанга кошумча 4 миң аскер жиберет

 АКШ президенти Дональд Трамп Афганистанга дагы 4 миң аскерий кызматкер жөнөтүү туурасындагы жарлыкка кол койду.

 Трамп Афганистандагы кырдаалды аскерий жол менен жөнгө салууга аракет кылып жаткан Американын үчүнчү жетекчиси болот.

Дональд Трамп ушуга байланыштуу АКШ калкына кайрылды.

 РИА Новостинин билдиришинче, кайрылууда Трамп Американын Афганистандагы аскерлеринин ыйгарым-укуктарын кеңейтүү терроризмге каршы күрөштө маанилүү экендигин айткан.

 Трамп: “Биз Афганистанда зомбулук жана башаламандыктар уругун сээп жаткан террорчулар жана кылмыштуу топторго сокку берүү үчүн АКШ куралдуу күчтөрүнүн ыйгарым-укуктарын кеңейтебиз”, – деген.

 Анын айтымында, Америка кошуундарын Афганистандан алып чыгуу боштук пайда кылып, ал боштуктан террорчулар пайдаланат.

 О.э. ал Пакистанды террорчуларга башбаанек берип жаткандыкта айыптаган.

 Трамп: “Пакистан тартипсиздик, зомбулук жана террор агенттерине тез-тез башбаанек берүүдө”,- деди.

Туркистон: 

Трамп “биз эми бул өлкөлөргө демократия экспорт кылууну токтотобуз” деди.

Демек, АКШ “демократия идеологиясы негизиндеги күрөш ыкмасынан баш тартабыз” демекчи болууда. Аныгыраак кылып айтканда, идеологиялык күрөштө Ислам идеологиясынан жеңилгендигин моюнга алууда!

Аскерий баскынчылык болсо, колония кылуунун эң алсыз жана акыркы ыкмасы болуп эсептелет. Идеологиясын алып кире албаган мамлекеттин башка мамлекетти аскерий кубаты менен басып турушу – кудум минаны буту менен басып тургандай – анын айласын кетире берет. Мындай абалга, тарыхта Афганистанды басып турган бир нече баскынчылар мисалында күбө болгонбуз.

Куфр идеологиялары кулап, жоголуп барууда! Куфр дүйнөсү муну аскерий кубаты менен баскынчылык кылуу аркылуу жаап-жашырууга аракет кылып жатат. Ошондуктан, Америкадагы жетекчи топ президенттикке Трамп сыяктуу саясатта кадыр-баркы болбогон адамды алып келди. Эми АКШ админстрациясы, кудум Трамп сыяктуу уятсыз, жалганчы, бузуку, эки жүздүү жана туруксуз жүзүн дүйнөгө көрсөтмөкчү болууда. Анын бул саясаты ийгиликсиз чыкса, оңой гана Трампты президенттиктен алып, башкасын шайлоо менен мамлекеттик саясатты өзгөртүп жиберүүнү көздөп жатышат.  Илгери кудум ушундай саясат менен кичүү Бушту президент кылышкан эле. Ал да аскерий кубат жардамында Ислам жана мусулмандарга карыш кыргындарды уюштуруу менен тарыхтын кара тизмесинен орун алды. АКШ Трамп аркылуу дагы кайрадан Афганистандагы кырдаалды курчутууну көздөп жатат.

Максаты, Түндүк Кореяны аракетке келтирүү менен Кытайдын чыгыш тарабындагы аскерий базаларын күчөтүп алган болсо, ал эми Афганистанда кырдаалды курчутуу менен Кытайдын батыш тарабындагы аскерий базаларын күчөтүп алмакчы болууда.

turkistonkg

Recent Posts

Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда

Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…

1 day ago

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

3 days ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

7 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

2 weeks ago