Ливандык шиа аалымы: Иран АКШ менен бирге
Ливан Исламий Кеңешинин жетекчиси, шиа мазхабына таандык жетекчи Мухаммад Али ал-Хусайни Ирандын аракеттери региондогу географияны өзгөртүүгө жана жаңы карта түзүүгө қаратылгандыгын билдирди. Хусайнинин билдиришинче, Иран ар бир аракетинде АКШ менен бирге.
Хусайний Ирандын АКШ менен болгон алакасы тууралуу берген билдирүүсүндө: “Иран аскерий жактан региондо АКШнын каалоосун ишке ашырууда. Ирак-Сирия чегарасындагы Таниф регионунда АКШнын атайын күчтөрү жайгаштырылды”, “АКШ Афганистанга кирген кезде да Иран анын жанында эле. Иракта да ошондой болду. Бүгүнкү күндө да ошол эле көрүнүш кайталанууда. Мисалы, Иран генералы Касим Сулайман көзөмөл кылып жаткан армияны АКШ террорчу катары баалайт, а бирок Мосулда дал ошол Касим Сулаймын кол астындагы кошуунга жардам берип жатат”, – деди.
Андан тышкары, Хусайни “хизбулла”нын башчысы Хасан Насрулла сыяктуу Ирандын диний жетекчиси Аятуллы Хаменеинин кол астындагы адамдарды да чыккынчылыкта айыптады.
Хусайни: “Мен алардын бардыгын чыккынчы катары көрөмүн. Булардын жанында Ирак жана Сирияда Ирандын долбоорлорун колдоп-кубаттап келе жаткан суннийлер да бар”, “Шиалар эки бөлүктөн турат. Бир бөлүгү Валаяти-фикхтин (Иранда он эки имамдын өкүлдөрү болуп эсептелген топтун) көрсөтмөсү менен жүрөт жана Ирандын долбоорлорун колдоп-кубаттайт. Экинчи бөлүктөгүлөр болсо буга каршы. Мен ошол экинчи бөлүктөгү шиалардын биримин”, – деди.