Өзбекстан Европа Союзу менен алакасын күчөтүүдө
2017-жылдын 17-июлунда “Өзбекстан – Европа Союзу” кызматташтык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Брюсселге барган Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Европа Союзу комиссиясынын эл аралык кызматташтык жана өнүгүү боюнча башкы директоратынын жетекчиси Стефано Мансервиси жана Европа тышкы саясат кызматынын баш катчысы Хелга Шмидт менен жолугушту.
14-июлда Ташкент шаарында болуп өткөн жолугушуунун уландысы катары, тараптардын кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө даярдыгын эсепке алган абалда, Өзбекстан менен Европа Союзу ортосундагы алкаларды дагы да бекемдөөнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Абдулазиз Камилов жана Стефано Мансервиси Өзбекстан менен Европа Союзу ортосундагы “Багбанчылыкты өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу туурасындагы финансылык келишимге кол коюшту.
Кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирүүчү документке ылайык, Өзбекстандын айыл жана суу чарба министрлигинин алдындагы илимий-изилдөө институттарынын материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана бекемдөө үчүн Евросоюз тарабынан 21,5 млн евро өлчөмүндөгү грант бөлүнөт.
Туркистон:
Европа Союзу өлкөлөрү акыркы он жылдыктан бери Орто Азиянын табигый багбанчылык жана дыйканчылык системасын жоготуп барууда. Жашылча-жемиштер алда качан эле Европанын урук өндүрүүчү түзүмүнө байланып, бул өлкөлөрдө урук өндүрүү тармагы дээрлик токтоп калды. Дыйкандар тышкы өлкөлөрдөн келип жаткан ар түрдүү генетикалык жана башка өзгөртүүлөр менен даярдалган уруктарга көнүп калды. Өзбекстанда болсо акыркы он жылдыктан бери багбанчылык да Европа көчөттөрүнө алмаштырылууда. Бул көчөттөр өзүнүн убактылуу мүмкүнчүлүгү менен кылымдардан бери келе жаткан табигый жактан таза о.э. ден соолукка пайдалуу болгон жашылча-жемиш, мөмөлүү дарактарды жоготуп барууда. Бул нерсе, албетте билимдүү жана адис багбандардын көз алдында жана көпчүлүктүн нааразылыгынын коштоосунда болуп жатканы менен, мамлекеттин саясаты жана келишимдери негизинде мажбур жүрүп жаткан долбоор болуп эсептелет.
Багбанчылык тармагын да башка тармактар сыяктуу эле, дүйнөлүк башкаруу системасы глобалдаштырып жатат. Евросоюздун аталган тармакка миллиондогон инвестиция жаткырып жатканынын артында өтө чоң экономикалык кызыкчылыктар бар. Алар бизди өздөрүнүн уруктарына үйрөтүп, мөмөлүү дарактары менен бактарыбызды ээлеп алган соң, дыйканчылык жана багбанчылык тармагыбыз бүтүндөй алардын технологиясы жана минералдык угуттарына о.э. дагы башка керектүү нерселерине байланып калат. Андан тышкары, Россия сыяктуу өтө чоң базарлар, Европа жашылча жана мөмө-жемиштериндеги гени өзгөртүлгөн продукцияларга караганда Орто Азиянын табигый таза продукцияларын жогору баалашат. Европа багбанчылык тармагын өзгөртүү үчүн кылып жаткан аракеттеринде бир нече экономикалык кызыкчылыктарды жана саясий максаттарды көздөп жатат.