Кыргызстан менен Өзбекстандын ИИМдери кызматташтыкты бекемдейт

393
0

Кыргызстан менен Өзбекстандын ИИМдери кызматташтыкты бекемдейт

 “Sputnik” сайтынын кабарына таянсак, Өзбекстандын ички иштер министринин орун басары полковник Акромхон Бобохонов Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары, генерал-майор Курсан Асанов менен жолугушту.

Бул сапар Өзбекстан ички иштер органдарында ишке ашырылып жаткан реформаларды үйрөнүү жана маалымат-коммуникация технологияларын системалаштыруу боюнча тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду.

Жолугушууда А. Бобохонов Өзбекстандын ички иштер органдарында жүрүп жаткан реформалар, маалымат-коммуникация технологияларын системалаштыруу боюнча маалымат берген. К. Асанов да Кыргызстандын ички иштер министрлигинде жүрүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди. Тараптар ушул багытта эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана тажрыйба алмашуу туурасында пикир алмашты.

Жолугушуу учурунда К. Асановду милициянын кварталдардагы таяныч пункттарынын ишмердүүлүгү кызыктырды. Кыргызстандын делегациясы Ташкент шаарындагы ички иштер бөлүмдөрүнүн таяныч пункттарында түзүлгөн шарттар менен жакындан таанышты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here