Эмомали Рахмон жарандарды хижаб кийбөөгө жана сакал койбоого чакырды
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон көпчүлүгү мусулман болгон тажикстандыктарды хижаб кийбөөгө жана сакал койбоого чакырды. Бу тууралуу “Азаттык” радиосу кабарлады.
11-июль күнү Рахмон хижаб жана кара түстөгү аялдар кийими тажик элинин салтына каршы келерин¸ ал эми узун сакал болсо сөзсүз эле динчилдиктин белгиси эместигин айтты.
Тажикстандыктарды “Аллахты жүрөк менен сүйүүгө” чакырган Рахмон¸ мусулмандарды жаратканга берилгендикти тышкы атрибуттар менен көргөзбөөгө чакырды.
О.э. тажикстандыктар “тажиктердин таза маданиятын сактап”, интернет аркылуу жайылып жаткан “башка маданияттарга жана салттарга каршы турушу” керектигин кошумчалады.
8¸5 миллион калкы бар Тажикстанда кыздардын окуу жайларга жоолук оронуп баруусуна¸ окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынган. Тажикстан бийлиги өткөн айларда – Ирак жана Сириядагы куралдуу топторго кошулуп кетишинин алдын алуу максатында – чет өлкөдөгү медреселерде окуп жаткан миңдеген тажикстандык жаштарды мекенине мажбурлап кайтарган.
Туркистон:
Борбор Азия өлкөлөрүнүн диктатор президенттери АКШ байрак кылып берген “терроризмге каршы күрөш” шылтоосунда нукура Ислам динине жана калыс мусулмандарга каршы күрөшүүдө. Өзбекстан канкору Каримов да 1999-жыл, 16-февраль жардыруусун уюштургандан кийин массалык түрдө Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн баштаган эле. Ал да терроризмге каршы күрөш шылтоосунда коомдогу Исламий көрүнүш жана баалуулуктарды жок кылды. Эркектердин сакалына, ак топусуна жана аялдардын хижабына каршы күрөш башталды. Мектеп жана колледж окуучуларынын мечитке баруусуна о.э. диний билим алуусуна тыюу салынды.
Тажикстан тогуту Эмомали Рахмон болсо терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү шылтоосунда, ал тургай жаңы төрөлгөн балдарга Исламий ат коюуга тыюу салды.
Чындыгында, Тажикстан президенти да өзүнө берилген убактылуу күч-кубат жана бийлик себептүү адашууга кетип, өзүнүн ким экендигин, кайдан келгендигин жана кайда барышын унутуп, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн баштап жиберди. Ал эми өзүн кандай аянычтуу натыйжа күтүп тургандыгын болсо унутуп койду.
“Ким акыйкат жолду анык билгенден кийин пайгамбарга тескери иш кылса жана момундардын жолунан башка жолго ээрчип кетсе, Биз аны кеткен жагына коё беребиз. Андан кийин тозокко киргизебиз. Ал кандай гана жаман жай!”. (4:115).
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…
Басма сөз баянаты Яхудий вужудунун ээн баштыгын жана Шам жерин бутага алган чабуулдарын исламий башкаруу…
Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…
Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…