Рожерс: Батыш системасы толугу менен кулайт

388
0

  Рожерс: Батыш системасы толугу менен кулайт

Дүйнөлүк базардын эң белгилүү инвестору, миллиардер Жим Рожерс, дүйнөнүн алдыңкы кабар агенттиктеринин бири “Business Insider”ге берген интервьюсунда жакынкы жылдары Батыш системасы толугу менен кулайт деп билдирди. Легендарлуу финансисттин пикиринде, ушул жылдын акырында же кийинки жылда дүйнөлүк базарларда болуп көрбөгөндөй чоң кризистер күтүлөт. Мунун натыйжасы, Батыш системасынын кулашына алып келет.

“Америка Кошмо Штаттарындагы айрым баалуу кагаздар кооз көбүкчөлөргө айланып баратат. Мунун акыбети түзүмдүн кулашына алып келет. Мамлекеттердин кризистерин көрөсүз. Исландия сыяктуу мамлекеттер мурунку сапар буга окшош кризиске учураган. Бирок, бул кризистин натыйжасында Батыш системасы кулайт. Бул сиз турмушта көргөн эң чоң кризис жана кулоо болуп калат. 2007-жылы Исландия банкрот болду. Баары таң калып, а түгүл, “алардын базары калдыбы?” деп сурагандар да чыкты. Андан соң Ирландия жана Беар Стернс кулады. Буларды Леман Бразерс да ээрчиди. Айлануу ар дайым ушундай болгон, күтпөгөн тараптан келет”,- деди Рожерс.

Дүйнө мамлекеттеринин, өзгөчө АКШнын карызы эч качан мынчалык көп өлчөмдө болбогонуна көңүл бурган Рожерс, “2008-жылы кризис жүз бергенде Кытайдын колунда мындай жаман күндөр үчүн сактап койгон үлкөн өлчөмдө ашыкча запасы болгон. Бул оор күндөр келди жана алар кайрадан акча сарптоону баштады. Буга кошумча, учурда Кытайдын да карызы бар. АКШ федералдык резервинин балансы болсо 2008-жылга салыштырмалуу беш эсе көп”, деп кошумчалады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here