Атамбаев: Россия менен Кыргызстан ар дайым бирге болушу керек

350
0

Атамбаев: Россия менен Кыргызстан ар дайым бирге болушу керек

        Россияга беш күндүк расмий иш-сапар менен барган Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев, өзүнүн президенттик доорунда, негизги жетишкендиктердин бири Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамиленин жаңы тепкичке көтөрүлгөнү экенин айтып өттү.

        Ал, президенттик кызматта дагы бир нече ай тураарын билдирип, “Мен бул кызматта дагы бир нече ай калам. Кыргызстанда жаңы президент болот. Бирок, сизди ишендирип кетейин, Кыргызстан өзү тапкан жолдон четке чыкпайт. Өз ишимдин алгачкы жыйынтыктарын чыгарып жатып, президенттик мөөнөтүмдө эң негизги жетишкендиктердин бири – Россия менен болгон алакалардын стратегиялык, достук, бир туугандык жактан жогорку даражага көтөрүлгөнүн айтып өтмөкчүмүн”,- деди Россия президенти менен болгон жолугушууда.

        Атамбаев, “Биз Кыргызстанда, Россия биздин түпкү мекенибиз, биздин түпкү тегибиз экенин билебиз. Албетте, биз ар дайым бирге болушубуз керек. Биз ата-бабаларыбыздын ишин улантышыбыз керек”,- деп кошумчалады.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here