Казакстан Кыргызстанга 100 миллион долларлык жардам көрсөтөт
“24.kg” сайтынын кабарлашынча, “Казакстан менен Кыргызстан республикалары ортосунда жардам көрсөтүү жана андан пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча протоколдун ратификациясы тууралуу” мыйзам долбооруна ылайык, Казакстан Кыргызстанды ЕАЭБге киргени үчүн 100 миллион доллар жардам көрсөтөт.
“Жардам бир нече транс аркылуу сунушталат. Ар бир абалда техникалык жардам боюнча протоколго кол коюлат жана ратификацияланат. Иш-чаранын тизмесине Кыргызстандын ЕАЭСке кошулушуна байланыштуу “жол карталары” киргизилет. Жардам акчалай, жабдыктар, товар жана кызматтар аркылуу көрсөтүлөт. Траншты ишке ашыруу жана андан пайдалануу көзөмөлгө алынат”,- деди Казакстан финансы министри Бакыт Султанов. Ал, Кыргызстан жардамдан пайдалануу жана сунушталган документтер ишеничтүү болушуна жоопкер деп кошумчалады.
Дагы бир мыйзам долбоору менен Кыргызстанга конкреттүү техникалык иш-чаралардын тизмесин (каражаттар сметасын) макулдашууда жеңилдик үчүн өзгөртүүлөр киргизилет.
Мындан тышкары, ЕАЭС интеграция шарттарына ылайык, экономикалык кызматташтыкты иштеп чыгуу тууралуу келишимге оңдоп-түзөөлөр киргизилди. Ага ылайык, техникалык өзгөчөлүккө ээ иш-чаралардын тизмеси, тагыраагы, каражаттар сметасы иштеп чыгылды. Султановдун ырасташынча, транш суммасы 7 миллион 526 миң 789 долларды түзөт жана акчалай сунушталат.