Кыргызстанда теракт кылууга даярданган адам кармалды

407
0

Кыргызстанда теракт кылууга даярданган адам кармалды

         Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат кызматы, эл аралык террордук уюмга байланышы болгон жана өзүн жардырууга даярданып жаткан адамды кармаганын кабарлады:

“Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери террорго каршы иш-чаранын алкагында теракт уюштурууга даярданып жаткан эл аралык торрордук уюмдун мүчөсү М.А.ны кармашты. Ал террордук уюмдун жетекчилери айткан көргөзмө менен адамдар көп жыйналган жерде өзүн жардыруусу зарыл болгон”,- деп айтылат кабарда.

         Атайын кызматтын маалыматында, ал адам “теракт кылуу үчүн мина жардыруу жана атайын идеологоиялык даярдыктан өткөн”. Ал колго түшкөн учурда жардыргыч заттарды кураштырып жаткан. Анын үйүнөн жардыргыч заттардын бөлүкчөлөрү, экстремисттик адабият жана курал-жарак табылган.

 Туркистон:

Кыргызстан УКМКсы Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ)нын атайын кординаторлору тарабынан башкарылышы бүгүнкү күндө эч кимге сыр болбой калды. Бул тууралуу, убактылуу өкмөттүн мүчөсү жана Ыссык-Көл облусунун экс губернатору Эмилбек Каптагаев да айтып чыккан. Ал: “УКМКнын ар бир тармагында бирден орус ФСБ кординатору отурат”,- деген.

Аянычтуусу, кыргыз УКМК кызматкерлери өз мамлекетинин коопсуздугу жана кызыкчылыгы үчүн көз карандысыз иш кылуу жөндөмүн жоготуп, Россия талаптарын ишке ашыруучу органга айланып калды. Ошондуктан, бүгүнкү күндө Кыргызстанда бардык стратегиялык жана тактикалык иштер Орусиянын кординаторлугу менен иштелип чыгылууда.

Кече күнү интернет тармагы аркылуу таркатылган Сирияда согушуп жүргөн адамдын “тообо кылып жаткан видеосу”, тагыраагы, “апасына жасаган кайрылуусу”, бүгүн болсо өзүн жардырууга даярданып жаткан жарандын кармалышы Россия коопсуздук кызматкерлери тарабынан пландаштырылган иштер болуп эсептелет. Бул иштер Путин негиз салган “өз калкын жардырып жиберүү жана бул жардыруу ишине мусулмандарды айыпкер көрсөтүү, калкты өз айланасында ага жалынып жашоого мажбур кылуу” стратегиясы негизинде алып барылууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here