Трамп: Биздин карыздарыбызды алар төлөшөт

Трамп: Биздин карыздарыбызды алар төлөшөт

Саудия баштаган бир нече өлкө Катар менен дипломатиялык алакаларын үзгөнү кабарланган. Бул окуянын аркасынан АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо кампаниясы учурунда сүйлөгөн сөзү күндүн темасына айланды. Трамп шайлоо алдындагы билдирүүлөрүндө АКШнын тышкы карыздарын Булуң мамлекеттерине төлөттүрө турганын айткан.

Булуң мамлекеттери алдыда бутка тура албай, кезеги менен бирме-бир кулай турганын билдирген Дональд Трамп, шайлоо кампаниясы учурунда төмөнкүдөй кайрылуу жасаган: “Булуң мамлекеттерине жол тартам. Ишенип койгула, алар эми бутка тура алышпайт. Булуң мамлекеттери ээлик кылып турган нерсе акча гана. Биздин 19 триллион доллар тегерегиндеги карызыбызды аларга төлөттүрөм. Муну биз төлөбөйбүз, алар төлөшөт. Бул карызды Булуң мамлекеттерине төлөттүрөбүз. Ушуну унутпагыла, биз болбосок Булуң мамлекеттери жок болуп кетет. Ошондуктан, карыздарыбызды Булуң мамлекеттери төлөйт. Каршы болгонун жок кылабыз. Биз болбосок алар эч ким эмес”.

АКШ болбосо Булуң мамлекеттери өз бүтүндүгүн сактап кала албашын айткан АКШ президенти, Эр Риядга кылган иш-сапарынан көп өтпөй Саудия Катар менен дипломатиялык алакаларын үзүүгө чечим чыгарды. Саудия бул чечимди АКШ менен кеңешип чыгарганы айтылды.

Трамп Катар кризиси тууралуу твиттер баракчасында “Саудияга кылынган сапар пайдалуу болгонун көрүү абдан кубандырат. Корол жана 50 мамлекеттик кызматкер менен жолуктум. Алар экстремизмди каржылоого каршы катуу аракет кылышаарын айтышкан. Бардык көрсөткүчтөр Катарга ишара кылынган. Балким бул терроризм коркунучунун башталышы” деген билдирүү жасаган.

Дональд Трамп шайлоо кампаниясында айткан сөзүндөй эле Булуң мамлекеттеринен Саудияга гана барып, аны менен 500 миллиард долларлык соода келишимине кол коюлду. Буга кошумча, Саудия АКШга бир триллион доллар инвестиция жаткырууга убада берди.

Аймактагы АКШнын эң ири аскерий базасы жайгашкан Катар мамлекети, АКШнын дипломатиялык кызыкчылыгы үчүн чоң мааниге ээ болушуна карабай, мамлекетте кризис күчөп барышы көңүл бурдурууда. Кризис артынан Катар Тышкы иштер министри Мухаммад ибн Абдурахман Аль Сани Булуң мамлекеттери менен эмес, АКШ менен болгон алака жакшы маанайда жана тыгыз улана берээрин билдирди.

Ушуну да айтып өтүү керек, Эл аралык валюта кору жана Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан берилген маалыматта, Жакынкы Чыгышта Катар мамлекети калк башына карата улуттук дүң продукция боюнча биринчи орунда турат. Тагыраагы, 2017-жылдагы эсепте, Катардын 2016-жылкы улуттук дүң продукциясы жан башына 129 726 долларды түзгөн.

turkistonkg

Recent Posts

Юрган Нобель сунуштаган интеграция планы: бул ассимиляцияга чакыруубу?

Басма сөз баянаты Юрган Нобель сунуштаган интеграция планы: бул ассимиляцияга чакыруубу? Жакында Голландия премьер-министри Дик…

6 minutes ago

Амирлик (биринчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик  (биринчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

14 minutes ago

Кыргызстан бийлиги өлкөдө Исламга каршы кысымды күчөтмөкчү

Кыргызстан бийлиги өлкөдө Исламга каршы кысымды күчөтмөкчү Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү диний абалга көзөмөлдү күчөтүү максатында…

1 day ago

Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!

Басма сөз баянаты Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!  Оо, Шам…

2 days ago

Шам тогуту кулатылды… Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө этият болгула

Шам тогуту кулатылды... Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө…

2 days ago

Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам, Ислам түзүмү, башкаруусу жана мамлекети керек

Басма сөз баянаты Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам,…

2 days ago