Путин: ИШИМ Борбор Азияда туруксуздук чыгаруу планын түзүүдө
“Sputnik” сайтынын кабарлашынча, Россия президенти Владимир Путин “ИШИМ” уюму Борбор Азияда жана Россия аймагында туруксуздук чыгаруу планын даярдап жатканын маалымдады.
Путин Астанада болуп өткөн ШКУ саммитинде сүйлөгөн сөзүндө, Петербургдагы теракттардан кийин алып барылган тергөө иштеринде ШКУга мүчө мамлекеттерде ИШИМдин жашыруун топтору иш алып барып жатканы маалым болгонун айтып өттү.
Ал: “Биздеги маалыматтарга караганда, “ИШИМ” Борбор Азия жана Россияда туруксуздук чыгаруу үчүн план даярдоодо. ШКУнун атайын кызматтары, өзгөчө, аймактагы антитеррор түзүмү өз ара кызматаштыкты бекемдөөсү зарыл”,- деди.
Туркистон:
“РИА Новости” агенттиги таркаткан кабарда, Россия коргоо министри Сергей Шойгу Астанадагы ШКУ саммитинде, Афганистандан келип жаткан коркунучту алдын алуу үчүн Тажикстан менен Кыргызстандагы аскерий базаларын жаңы курал-жарактар менен күчтөндүрө турганын билдирген.
Жогорудагы Путиндин баянаты да, Россиянын ЖККУга, айрыкча Борбор Азияга карата аскерий колония кылуу саясатына далил болуп берет. Анын Санк-Петербургдагы окуяга байлап сүйлөшүнөн, негизги этибар Орто Азияга каратылып жатканын түшүнүү мүмкүн.
Путиндин “ИШИМ” уюму тууралуу маалыматтары, атайын көбүртүп көрсөтүлүп жаткан жалган коркунучтан башка нерсе эмес. Себеби, бул уюм бир мамлекетти, а түгүл, кичинекей өлкөнү да изден чыгарып жибере турган кубатка ээ эмес. “ИШИМ”дин кубаты, куфрдун атайын кызматтары анын атынан аймакта иш алып баруусу үчүн гана керек. Кудум илгери “Аль каида” атынан алып барылганы сыяктуу, дүйнөнүн чар тарабында болуп жаткан жардыруу иштери “ИШИМ”дин атынан алып барылууда. Колонизатор мамлекеттер, “ИШИМ” атынан жардырууларды уюштуруп, бул уюмду өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланышууда.
Россия эл аралык саясат тарабынан атайын пайда кылып берилген “ИШИМ” коркунучунан өзүнүн Борбор Азияны аскерий колония кылуу жүрүшүндө пайдаланмакчы. Ал азырынча маалыматтык согуш алып барууда. Бирок, маалымат согушунда ийгиликке жетээри менен маддий ишке өтөт. Мындан тышкары, Россиянын өз элчиканалары аркылуу уюштуруп жаткан жардыруу иштерин бир нече Европа мамлекеттери да, Түркия да токтото албады. Демек, Кыргызстан сыяктуу алсыз жана кубатсыз мамлекеттер, Россиянын маалымат пропагандаларына жана жогорудагыдай расмий баянаттары аркылуу берип жаткан саясий басымдарына каршы күчтүү маалымат күрөшүн алып барышы керек. Мындан башка чарабыз да жок! Биз алардын мындай өтө коркунучтуу баянаттарына жооп берип, алар даярдап жаткан жардыруу иштерин исламий күчтөр эч качан ишке ашырбай турганын билдирип, иштин акыйкатын ашкере кылып барышыбыз керек. Бул жолдо бекем туруу менен акыйкаттан тайбоо зарыл! Тескери абалда алар аймакта өтө кооптуу жагдай пайда кылышмакчы!
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…