АКШ “Сирия демократиялык күчтөрүнө” курал-жарак жиберүүнү баштады

399
0

АКШ “Сирия демократиялык күчтөрүнө” курал-жарак жиберүүнү баштады

АКШ өзүнүн эң жакын стратегиялык өнөктөшү болгон Түркия тарабынан террорчулар тизмесине киргизилген “Сирия демократиялык күчтөрүнө” курал-жарак жиберүүнү баштады. Бул тууралуу АКШ коргоо министрлиги (Пентагон) кабар таркатты. Пентагондун билдиришинче, Ракка операциясына катышуусу пландаштырылган Сириядагы Күрт күчтөрүнө курал-жарактарды жана аскерий техникаларды жиберүү  иши кече башталган.

Пентагондун маалымат катчысы майор Адриан Галлавай “Сирия демократиялык күчтөрүнө” жеңил куралдар жана аскерий техникалар жибериле баштаганын тастыктады. Бирок, Галлавай куралдардын түрлөрүн жана аскерий техникалардын саны тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты. Мындан мурун Пентагон тарабынан берилген баянатта жеңил куралдар, бомба жүктөлгөн ок өткөрбөгөн техникалар жана маалымат жабдыктары жибериле турганы айтылган.

АКШнын ИШИМге каршы күрөш боюнча атайын өкүлү Бретт Макгерк Сирияда Ракка операциясы жакынкы күндөрдө башталышын жана АКШ күчтөрү да “Сирия демократиялык күчтөрү” менен бирге согушка катышуусун билдирди.

“Биз бул жерде да “Сирия демократиялык күчтөрү” менен бирге иш алып баруудабыз. Ракка менен биздин ортобузда эки чакырым аралык бар. Жакынкы күндөрдө аскерий операцияны баштайбыз. Анык бир күндү айта албайм. Бирок, өтө жакынкы күндөрдө баштайбыз”, деди Макгерк.

АКШ “Сирия демократиялык күчтөрүн” ИШИМге каршы согушта катышуусун сунуштап, аларга аскерий жардам көрсөтүп жатканын актоого урунууда. Бул багытта жакын өнөктөшү деп каралган Түркиянын каршы пикирин эске албады. Түркия президенти Режеб Таййиб Эрдоган “Сирия демократиялык күчтөрүн” террорчу күчтөр деп сыпаттап, АКШнын бул күчтөрдү курал-жарак менен камсыздашы Түркия-Америка алакаларына туура келбей турганын билдирген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here