Казакстан парламенти жазанын жаңы түрүн макулдады

Казакстан парламенти жазанын жаңы түрүн макулдады

“РИА Новости”нин кабар беришинче, Казакстан Мажилисинин (парламенттин төмөнкү палатасы) депутаттары мыйзамдарга киргизилген өзгөрүүлөрдү биринчи окууда макулдады. Ошону менен айрым мыйзамдар жана кодекстер конституциялык нормаларга ылайыкташтырылды. Кошумча кылынган жазанын түрү катары жарандыктан чыгаруу белгиленген.
“Жарандыктан чыгаруу көрүнүшүндөгү жаза түрү Кылмыш кодексинин 21-беренесинде каралган”,- деп билдирди Казакстандын юстиция министри Марат Бекетаев.
Анын айтымында, Кылмыш кодексинин 10-беренесинде келген 14 түрдөгү өтө оор террорчулук кылмышын ишке ашыргандарга алтернативдүү жаза катары жарандыктан чыгаруу сунушталууда. Мисалы, терроризм, террордук топту уюштуруу жана ага жетекчилик кылуу, анын ишмердүүлүгүнө катышуу ж.б.у.с…
Министрдин айтымында, конституциялык түзүмдүн бузулбастыгы негизги улуттук кызыкчылыктар түркүмүнө кирет. О.э. буга мамлекеттин көз карандысыздыгы, бүтүндүгү жана мамлекеттик башкаруунун президенттик формасы да кирет .
“Казакстандын улуттук жана өтө маанилүү кызыкчылыктарына зыян жеткириши мүмкүн болгон кылмыштарга Кылмыш кодексинин 11-беренесинде келген кылмыштын 16 түрү киргизилип, алардын арасында геноцид, жикчилдик иш-аракети, экстремисттик топту түзүү же аны башкаруу, же болбосо анын ишмердүүлүгүнө аралашуу сыяктуулар бар”, – деди Бекетаев.
Аталган мыйзам долбоору аркылуу бардыгы болуп 7 кодекс жана 46 мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолор киргизилет.

turkistonkg

Recent Posts

2025-жылдын 3-марты – Халифалыктын кыйрашына 101 жыл толду

Басма сөз баянаты 2025-жылдын 3-марты – Халифалыктын кыйрашына 101 жыл толду Ушул күнгө байланыштуу, Хизб…

20 hours ago

Мээримдүүлүк – жакшы кулктардан

Мээримдүүлүк – жакшы кулктардан Момундардын эң жакшы кулктарынын бири – бул мээримдүүлүк. Бирок момундардын кимге…

22 hours ago

Эл аралык мыйзамдын калптары жана эл аралык соттун эки жүздүүлүгү

Басма сөз баянаты Эл аралык мыйзамдын калптары жана эл аралык соттун эки жүздүүлүгү Эл аралык…

2 days ago

Коомдогу негизги оорулар

بسم الله الرحمن الرحيم ПИКИР – баа жеткис БАЙЛЫК (3) Коомдогу негизги оорулар Коомдогу оорулардын…

2 days ago

Менин үммөттүмдүн бир тайпасы…

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Менин үммөттүмдүн бир тайпасы... Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

Өзбекстан бийлиги таравих намазына барган өспүрүмдөрдү cуракка алууда!

Өзбекстан бийлиги таравих намазына барган өспүрүмдөрдү cуракка алууда! Өзбекстанда берекелүү Рамазан айы кирип келиши менен…

3 days ago