Путин: АКШ аралашмайынча маселе чечилбейт
Россия президенти Владимир Путин Сочи шаарында Германия канцлери Ангела Меркель менен жолугушкандан кийин маалымат жыйынын өткөрдү. Маалымат жыйынында Сирия маселесине токтолгон Путин Хан-Шейхундагы химиялык чабуулду уюштургандар жазаланышы керектигин билдирди. Бир топ эксперттер ал чабуулду Асад режими ишке ашыргандыгын фактылар менен далилдеген болсо да, Путин иликтөө иштери калыс эксперттер тарабынан улантылышы керектигин баса белгиледи.
“Биз химиялык курал колдонулгандыгын катуу каралайбыз. Идлибде химиялык курал колдонгондор кармалып, жазага тартылышы керек. Бирок, бул нерсе калыс тергөө менен ишке ашырылышы керек”, – деди Россия президенти.
Россия президенти Сирия проблемасын чечүү үчүн ок атууну токтотуу жана Сириядагы саясий күчтөр менен алака орнотуу сыяктуу бир нече аракеттер болуп жаткандыгын билдирип, бирок, бул жаатта (парда артында турган) АКШ аралашпаса, маселе чечилбестигин баса белгиледи.
“Алгач тынчтык келишимин ишке ашырышыбыз керек. Астана сүйлөшүүлөрүнүн бир бөлүгү катары, Иран жана Түркиядагы өнөктөштөрүбүз менен региондо тынчтыкты камсыздоо үчүн аракет кылып жатабыз. Бул иш Женева жараяны алкагында ишке ашат”, “Албетте, Америка болбосо бул проблеманы натыйжалуу көрүнүштө чечүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, биз америкалык өнөктөштөрүбүз менен диалогду улантып жатабыз. Бул назик тармакта баскычма-баскыч иш алып барышыбыз керек”, – деди Путин.
О.э. Россия башка өлкөлөрдүн саясатына аралашпастыгын билдирген Путин, башкаларды Россиянын саясатына аралашып жаткандыкта айыптады.
“Биз эч качан башка мамлекеттердин саясий жашоосуна да, саясий жараянына да аралашпайбыз. Биз Россиянын саясий жашоосуна да бирөөлөр аралашуусун каалабайбыз. Өкүнүчтүүсү, мунун тескерисине күбө болуп жатабыз. Көптөгөн жылдар бою Россиянын ички саясий жараянына аралашууга аракет кылып келишти”, – деди.
Путин Россия башка мамлекеттердин саясатына аралашпастыгын сөз кылып жатып, орус армиясы Асад режимин колдоп-кубаттоо үчүн Сирияга киргендиги жана Исламды талап кылып жаткан Сирия калкынын үстүнө бомбаларды жаадырып жаткандыгы тууралуу бир ооз да айтпады.
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…
Басма сөз баянаты ﴿وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡ﴾ «Яхудий жана насронийлер…
Басма сөз баянаты Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп…
Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…