“Sputnik” сайтынын кабарына таянсак, Стокгольм Тынчтык маселесин изилдөө институту дүйнөдөгү мамлекеттер аскерий максаттарга канча чыгым жумшап жаткандыгын эсептеп чыккан. Институттун билдиришинче, Дональд Трамп президент болгондон кийин АКШнын аскердик чыгымдары ого бетер көбөйгөн.
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө жумшалып жаткан аскердик чыгымдардын 36 %ы АКШга, 13 %ы Кытай га жана 4,1 %ы Россияга туура келет. Эксперттердин билдиришинче, АКШ 2018-жылы “Бардыгы фронт үчүн, бардыгы жеңиш үчүн” деген ураандын астында жашайт. Башкача айтканда, Америкада аскердик чыгымдар кескин түрдө көбөйүп, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жана билим берүү тармактарындагы чыгымдар азаят.
Дональд Трамп 2018-жыл үчүн Конгресстен аскердик чыгымдарга 639 миллиард доллар сураган. Бул цифра 2017-жылдагыга салыштырганда 52 миллиардга көп. Пентагон аны колдоп-кубаттоодо. Алардын билдиришинче, “Россиянын канаттуу ракеталарына каршы АКШнын коргонуусу жок” имиш.
Стокгольм институтунун кабарында келгендей, дүйнөдөгү нефть экспорттоочу мамлекеттер өздөрүнүн аскердик чыгымдарын кыскартууда. Саудия (-30%), Венесуэла(-56%), Азербайжан (-36%). Отчётто, Казакстан да аскерий чыгымдарын кыскарткандыгы айтылган.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…