Кыргызстанда КМШ аймагында жардыруу амалиятын аткармакчы болгон “террорист” кармалганы дааба кылынды

Кыргызстанда КМШ аймагында жардыруу амалиятын аткармакчы болгон “террорист” кармалганы дааба кылынды

УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлашынча, 20-апрелде, 1994-жылы туулган С.Т аттуу Ош областынын тургуну кармалды.

“Ал 2013-жылы террорчу топтор катарына кошулуп, Сирияга жөнөтүлгөнү аныкталды. Сирияда ал аскердик операцияларда, туткундарды массалык түрдө өлтүрүүдө катышканы белгилүү болду”, – деп айтылат УКМК кабарында.

Кабарда келишинче, С.Т өткөн жылдын февраль айында кошумча даярдыктан өткөндөн кийин КМШ аймагында жеңиш майрамын майрамдап жаткан күндөрү террордук чабуулдарды уюштуруу тапшырмасын алган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагына жайгаштырылып, анын үстүнөн кылмыш иши козголду.

Туркистон: Россияда мамлекеттик кризис башталып, Путин жана режими саясий кыйын кырдаалга карай барууда. Путин күтүлгөн кырдаалдан кутулуу үчүн, бардык КМШ мамлекеттерин кызматташтыкка чакырып, жалпы-ортоктош ички коопсуздук түзүмүн түзүүгө чакырды. Бул үчүн – Сириядан кайтып келе жаткан мужахиддер баарыбыз үчүн коркунуч туудуруп жатат – деген абалды пайда кылышыбыз керек деп уктуруп барууда. Мындан тышкары, КМШ мамлекеттеринин кайсы биринде жардыруу болсо, баары андан өз коопсуздугун дагы да бекемдеп алууда жана ички керексиз күчтөрдөн тазаланып алууда бирдей пайдалана ала турган чөйрөгө ээ болушмакчы.

Кыргыз өкмөтү эң биринчилерден болуп, жогорудагыдай өз жарандарын курбандыкка чалуу менен “үлгү” көрсөтүүдө. Алгач, Путинчилер жасалма жардырууда Акбаржон Жалиловду курбандыкка чалышкан эле. Кийинчерээк жалалабаддык А. Азимов клиникада дарыланып жаткан жеринен Кыргызстан УКМК кызматкерлери уурдап кетип, Россиянын ФСБсына тапшырып жиберишти. Бул тууралуу кабарлар массалык маалымат каражаттарында кеңири таркалды. Кабарларга караганда, Акрам Азимов ден-соолугуна байланыштуу операция болуп, Ош шаарында дарыланып жаткан. 15-апрель күнү,операциядан кийинки оор абалына карабастан, аны УКМК кызматкерлери алып кеткен. Ал эми 17-апрелде болсо, Азимов Москва айланасындагы автобекеттердин биринен Россия ФСБ кызматкерлери тарабынан кайрадан “колго түшүрүлдү”. Ушундайча, Кыргызстан бийлиги путинчилердин ыфлас иштерине мамлекетти кең ачып берип, алар менен кызматташууга шашып, желип-жүгүрүүдө. Арты-артынан өз жарандарын курбандыкка чалып, алардын ата-энелерин зар какшатып, куфр кызыкчылыктары жолунда өз карамагындагылар адилетсиздик жана зулум кылууда.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago