Санк-Петербургда жардыруу болду
Россиянын Санк-Петербург шаарынын метросунда жардыруу болду. Жардыруудан кеминде 10 адам өлгөндүгү тастыкталды. Бул тууралуу шаар башчысынын маалымат катчысы Андрей Кибитов маалымдады.
Россиянын Терроризмге каршы улуттук комитети кабарлагандай, жергиликтүү саат боюнча 14:40та шаардагы “Технологический институт” жана “Сенная плошадь” метро станцияларынын ортосундагы поездде жардыруу болгон
Жардырууда 50 адам жараат алган. Айрым кабарларда келишинче, жараат алгандардын арасында жаш балдар да бар.
Учурда Санкт-Петербургдагы бардык метро станциялары жабылган.
Бул жардыруулар расмий түрдө теракт катары бааланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү Александр Куренной “Россия 24” телеканалынын эфиринде билдирди.
Туркистон:
Путин 1999-жылы президенттикке келе жатып, Россия бойлоп ондогон террордук операцияларды уюштурган эле. Путин террордук операциялар менен жарандарды алаксытып, өзү президент болуп алды. Андан соң, Чеченстанга согуш ачуу менен орус элитасын саясаттан четтетип, алардын ордуна бандиттер командасын бийликке алып келе баштады. Путиндин бул иш-аракеттерин ошол кездеги эл аралык саясат макулдаган эле.Себеби, Путин саясат жана экономика тармагында өтө алсыз саясий жетекчи эле. Ал Россияны, экономиканы улутташтыруу саясаты аркылуу кыйроого жетектей баштады. Бүгүнкү күнгө келип, улутташтыруу саясаты Путиндин зыянына иштей баштады. Эл аралык саясатта Путиндин бүгүнкүдөй абалга түшүүсүн көптөгөн жылдардан бери күтүп турушту. ПутинРоссияны, ондогон жылдар аракет кылса да, мурунку ордуна кайтара албай турган даражада экономикалык жана саясий туңгуюкка кептеп койду.
Эми Путиндин режими дагы кайрадан террордук операцияларды баштап жаткан болушу мүмкүн. Дагы кайрадан ушундай жол менен элди алаксытып, митингчилерге каршы репрессивдик аракеттерди кылуу үчүн шарт жана мүмкүнчүлүктөрдү жаратып алмакчы болот. Исламий коркунучтарды пайда кылуу менен балким Дагестан мусулмандарынын нааразылык аракеттерине исламий түс берип, коррупцияга каршы акцияларды исламий нааразы мухит менен аралаштырып жиберүүгө аракет кылышы мүмкүн. Ислам жана мусулмандардын ашынган думаны болгон Путинден жакшылык күтүп болбойт. Бирок, бул жолу анын мындай ыкмасына жарандары ишенбейт. Ошондуктан, бул террордук операция, калкын текшерип көрүү үчүн, тажрыйба өткөрүү максатында уюштурулган операция болду.