Карапайым калктын жоготууларына карабастан, Пентагон чабуул кылуу ыкмасын өзгөртпөйт

Карапайым калктын жоготууларына карабастан, Пентагон чабуул кылуу ыкмасын өзгөртпөйт

Расмий маалыматтарга ылайык, Мосулдун батыш бөлүгүндө ишке ашырылган авиа соккулардан эң кеминде 307 карапайым жаран өлүп, 273 жаран жарадар болгон. Бул тууралуу билдирген БУУ, ИШИМге (ИГИШ) каршы согушуп жаткан АКШ башчылыгындагы коалицияны чабуул ыкмасын кайрадан карап чыгууга чакырды.

Бирок, АКШ коргоо министрлиги (Пентагон) авиа соккулар Мосулдун батышында карапайым калктын өлүмүнө себеп болуп жаткандыгын четке кагып, ИШИМге каршы күрөшттө согуштук эрежелерди жеңилдетпестигин билдирди.

АКШ башкы командачылыгынын маалымат өкүлү полковник Жон Томас журналисттерге берген интервьюсунда согуштук аракеттер калк жыш жайгашкан аймактарда жүрүп жаткандыгына карабастан, АКШ армиясы ИШИМге каршы чабуул кылуу ыкмасын өзгөртпөй тургандыгын билдирди.

“АКШ борбордук командачылыгынын башчысы генерал Жозеф Вотел биз колдонуп жаткан ыкманы өзгөртүүнү талкуу кылбайт. Операцияларыбыз жакшы жүрүп жатат. Бул операцияларыбызды улантарыбызды баса белгилеймин”, – деди Жон Томас.

АКШ коргоо министри Жеймс Мэттис да, болуп өткөн иштерге карабастан, АКШнын чабуулдарын колдойп-кубаттай тургандыгын билдирди. Жеймс Мэттис коалициялык күчтөр  Мосулдун батышында ишке ашырган чабуулдун натыйжасында карапайым калк өлтүрүлүшү туурасындагы суроолорго жооп берип жатып, аларды АКШ самолёттору бомбалап жаткандыгын моюнга алуудан баш тартты. Мэттистин айтымында, АКШ дүйнөдөгү бардык аскерий операцияларында адамгерчиликти эсепке алат.

“Дүйнөдө карапайым калкты бизге караганда көбүрөөк эсепке алышы далилденген бир да аскерий күч жок. Биз ал тургай душманыбыз адамдардан тирүү калкан катары пайдаланып, жаш балдар жана аялдардын артына жашынган согуштарда да адамгерчиликти эсепке алабыз”, – деди Мэттис.

Ал дагы кошумчалап: “Биз ар дайым милдетибизди адамдык көрүнүштө аткаруу үчүн жана бейкүнөө адамдар арасында жоготууларды азайтуу үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз. Душмандарыбыз болсо андай кылышпайт”, – деди.

А бирок кээ бир кабарларда келишинче, АКШнын авиа соккулары натыйжасында 24 сааттын ичинде 500 адам өлтүрүлгөн. Күбөлөр жана Ирак расмийлери да өткөн аптада ИШИМ бутага алынгандыгы айтылган чабуулда бир топ жерлер урандыга айлангандыгын билдирди. Урандылар астында болсо 200дөй  карапайым адам калып кеткен. Алардын сөөктөрүн таап чыгуу азыркыга чейин уланууда.

Эл аралык амнистия уюму да АКШ башчылыгында ишке ашырылып жаткан чабуулдарда көптөгөн карапайым адамдар өлүп жаткандыгын билдирип, бул өлүмдөр согуштук кылмыш болуп эсептеле тургандыгын эскертти. Уюмдун билдиришинче, 17-мартта уюштурулган бир эле чабуулда 150дөй карапйым жаран өлгөн.

О.э. соңку кабарларга ылайык, акыркы авиа соккуларда көпчүлүгү аялдар жана жаш балдардан турган 263 адам өлгөн. АКШ аскерий самолёттору ооруканалардын бирин бомбалаганы себептүү ондогон карапайым адамдар өлгөн.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

1 day ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

4 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

6 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

6 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

6 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

6 days ago