Роухани: Иран менен Россия стратегиялык кызматташтыктын астанасында турат

Роухани: Иран менен Россия стратегиялык кызматташтыктын астанасында турат

Ирандын президенти Хасан Роухани Россияга болгон сапарында “Иран менен Россия стратегиялык кызматташтыктын астанасында турат” деген билдирүү берди. Бул тууралуу “Sputnik” сайты кабарлаган.

Хасан Роухани Кремлде Владимир Путин менен жолугушкандан кийин берген билдирүүсүндө: “Мамлекеттерибиз ортосундагы алакалар, экономикалык көз караштан, соода алакалары жана туризм өнүгүшү жагынан эки тараптуу мамилелерде өсүш болгондугун көрсөтүүдө. Акыркы айларда кабыл алынган токтомдор экономикалык, маданий, илим тармагындагы алакаларда ар тараптуу өнүгүү жолунда экендигибизди, стратегиялык мамилелер тарапка илгерилеп бара жатканыбызды көрсөтүүдө”, – деди  .

Жолугушуу учурунда тараптар түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча 16 документке кол коюшкан.

Айрыкча, “Росатом” мамлекеттик корпорациясы жана Иран атомдук энергия уюму менен ядролук заттарды ташуу жаатында өнөктөштүк меморандумуна кол коюлду. О.э. отун-энергетика комплекси боюнча “Газпром” жана Иран улуттук нефть компаниясы ортосунда газ тармагында кызматташуу боюнча өнөктөштүк меморандумуна жана сыр сактоо келишимине, “Росгеология” жана Иран улуттук нефть компаниясы ортосунда өнөктөштүк меморандумуна, Россия жана Иран энергетика министрликтери ортосунда электр энергияны сатуу тармагында кызматташуу жөнүндөгү өнөктөштүк меморандумуна кол коюлду.

О.э. Россия темир жолдору жана “Иран Ислам Республикасы темир жолдору” ортосунда темир жолдорду электрлештирүү боюнча стратегиялык кызматташтык меморандумуна о.э. Гармсар – Инче Бурун темир жол бөлүгүн электрлештирүү жана Россия жабдыктары менен локомотивдерин жеткирип берүү боюнча келишимге кол коюшту

Бул документтерден тышкары, россиялык жана ирандык  туристтердин визасыз сапарлары тууралуу келишимге, эки мамлекеттин спорт министрликтери ортосунда дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндөгү меморандумга, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба тармактарында кызматташуу туурасындагы меморандумга кол коюлду.

Андан тышкары, Россиянын аккредитациялоо федералдык кызматы жана Ирандын аккредитациялоо улуттук борбору ортосунда өнөктөштүк меморандумуна, эки мамлекеттин тийиштүү министрликтери ортосунда байланыш жана маалымат технологиялары тармагында кызматташуу туурасындагы меморандумга о.э. “Росконгресс” фонду менен Иран соода-өнөржай палатасы ортосундагы кызматташтык туурасындагы келишимге кол коюлду.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago