Европа биримдиги: Кармалгандар бошотулсун

365
0

Европа биримдигиКармалгандар бошотулсун

Евробиримдик Россия бийлигин жекшемби күнү Россиянын бир нече шаарларында уруксатсыз өткөн митингде кармалгандарды “тездик менен бошотууга” чакырды.

Белгилүү болгондой, жекшемби күнү Москва жана башка шаарларда оппозиционер Алексей Навальный тарабынан уюштурулган уруксат берилбеген нааразылык акциялары болуп өткөн эле. Буга чейин Москва бийлиги шаардын борборунда 26-мартта митинг өткөрүүгө тыюу салып, Сокольники же Люблинодо өткөрүүнү сунуштаган эле. Бирок, оппозиция муну четке каккан.

Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков митингдер мыйзамсыз болгонун, анын уюштуруучулары элди мыйзамга каршы аракеттерге үндөгөнүн билдирди. Москвадагы нааразылык акциясында полиция миңден ашуун адамды кармаган. О.э. нааразылык акциясы учурунда  бир полициячы башынан жараат алган.

Европа  биримдиги Россия өкмөтүн элдин тынч чогулуу жана өз оюн эркин билдирүү укуктарын сактоого чакырды.  О.э. эл аралык милдеттенмелерди, анын ичинде Европа кеңеши жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун принциптерин аткарууга, адам укуктарын коргоого жана тынч демонстрацияда кармалгандарды бошотууга чакырды.

Евробиримдиктин Москвадагы өкүлчүлүгүн сайтында жарыя кылынган билдирүүдө, тартип коргоо органдары  жарандарга РФ конституциясында бекитилген негизги эркиндиктерин ишке ашырууга жолтоо болгону айтылат. Буга чейин АКШ Мамлекеттик департаменти да демонстранттардын кармалышын айыптап, аларды дароо бошотууну талап кылган эле.

Навальныйга 27-март күнү  “коомдук тартипти бузууга алып келген уруксат берилбеген митингдерди уюштуруу” айыбы  боюнча 20-миң рубль айып пул салынып, полиция кызматкерине баш ийбегени үчүн 15 суткага камалды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here