بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم
Суроо-жооб
Американын Палестина жана Иран маселелерине карата саясаты
Суроо: Өткөн 2017-жылы 5-февралдагы суроо-жообто, Сирия жаатында Түркия ролун күчөтүү жолу менен Халабды Сирия режимине тапшыртып берүүдө Обаманын жетишкен «ийгилигин» Трамп пайдаланары тууралуу ачык-айкын келди. Ошондой эле, Сирия жаатында Орусиянын ролун кыскартышы тууралуу дагы жана Британияга белгилүү бир өлчөмдө роль бериши тууралуу да баяндалды… Бирок эки көйгөй тууралуу сөз козголбоду. Трамп бул эки маселе боюнча «демдүү» билдирүүлөрдү бергенине карабастан, бул эки маселе тууралуу сөз болбоду. Америка президенти Трамп 2017-жылы 15-февралда жөөт өкмөт башы менен бирге берген пресс-конференциясында эки мамлекет ортосундагы (Жөөт-Палестина) «эки мамлекет» чечими мындан ары уланбастыгы тууралуу айтты. Америка бул чечимден баш тарттыбы? Ошондой эле, Трамп 2017-жылы 20-январда мансабына келгенден бери Иранга карата билдирүүлөрү катуу түс алды. Иран аймакта Америка кызыкчылыгын ишке ашырып берүү ролун ойноп бергенден кийин Иранга карата саясатын өзгөртмөкчү болуп жатабы?
Жооб: Аллахтын жардамы менен, бул эки маселе боюнча басымдуу көз карашты баяндап бериш үчүн төмөнкүлөргө токтолобуз:
Биринчинден, Палестина маселеси же алар атагандай «Ортоңку Чыгыш көйгөйү»:
- Америка президенти Трамп түз эфир аркылуу берген, кийин массалык маалымат каражаттары байма-бай чагылдырган билдирүү мындай: «Америка президенти Дональд Трамп Ортоңку Чыгыш боюнча Америка алып бара турган саясатты жаңы негизде алып барарын белгиледи. Ал «эки мамлекет» чечими Палестина жана Израиль көйгөйүн чечүүчү жалгыз жол эместигин айтты. Эгер бул чечим тынчтыкты кепилдей албай турган болсо, башка да ыхтыярлар бар экендигине көңүл бурдурду. Республикачыларданбы же демократтарданбы, айырмасы жок, мурунку Америка президенттери эки мамлекет чечимин алга сүрүп келишкендигине да токтолду». («Франция» сайты, 2017.02.16.) Ал айтты: «Эки мамлекет чечимин жана бир мамлекет чечимин карагыла… Эгер Израиль жана Палестина өздөрү ылайык көргөн чечим менен кубанычка жете алышса, мен да ал чечимге кубанычта боломун. Эки чечим тең мени ынандырат». («ал-Жазиира» сайты, 2017.02.16.). «Бир мамлекет» чечимин Америка биринчи жолу Трамптын тили менен оозго алды. Трамп анын кандай чечим экендигин ачыктабады. Жөөт мамлекетинин ичинде Палестинага өзгөчө макам берген чечимби? Же светтик мамлекет түзүп, жөөт админстрациясына Палестина шериктеш катыша турган чечимби? Бул чечим 1939-жылы Британия Ливан сыйгасында чыгарган «ак китепте» келген Британия сунушуна окшош. Маалым болгондой, «эки мамлекет» чечими 1959-жылы Америка президенти Эйзенхауердин учурунда Америка сунуштаган чечим. Бул чечим аркылуу Америка эл аралык коомчулук деген аталыш менен Британиянын «бир мамлекет» чечимине сокку урган эле. Кандай болгондо да, Американын бул билдирүүлөрү жана бул билдирүүлөрдүн жандооч далилдери терең идирек кылынса, Америка «эки мамлекет» чечиминен кайткан жок. Американын БУУ алдындагы өкүлү Никки Хили мындай деп айтты: «Биринчиден, бардыгынан мурда, биз «эки мамлекет» чечимин колдойбуз. Кимдир бирөө Америка эки мамлекет чечимин колдобойт десе, ал жаңылышат. Биз эки мамлекет чечимин колдойбуз. Бирок сандыктын тышкарысын да пикирлеп жатабыз. Бул эки тарапты тегерек столго отургузуу үчүн талап кылынган иш. Эки тараптын келишимге жетиши үчүн, биз буга мухтажбыз». («Reuters», 2017.02.16.). Ушул нерсе Трамп эки мамлекет чечиминен баш тартпагандыгын көргөзүп турат. Биз жогоруда айтып өткөн мезгилден бери, Америка бул эки мамлекет чечимин тандаган жана ал Америка саясаты болуп эсептелет. Болгону, Америка кысым өткөрүү үчүн ыкмаларды өзгөртүүнү каалап жатат. Анын БУУдагы өкүлү эки мамлекет чечимин колдой тургандыгын тастыктады. Бирок, сандыктан тышкарысын да пикирлеп жатышкандыктарын эстетип өттү. Же Жөөт жакка көбүрөөк тартуу үчүн, эки мамлекет чечимине карата оңдоолорду киргизүүнү каалап жатканына көңүл бурдурду. Американын БУУдагы элчиси сандыктын тышкарысын да пикирлеп жатышкандыктарын айтты. Тагыраагы, амалияттарды сандыкка салыштырды. Америка эки мамлекет чечимин ишке ашыруу үчүн, эки тараптын ишин сандыктын ичине жыйнап жаткандай түр көргөздү. Америка учурда эки мамлекет чечимине байланыштуу сүйлөшүүчүлөрдү, айрыкча, жөөт тарапты тартуу максатында, кээ бир иштерге алымча-кошумча кылып, ыкманы өзгөртүүнү каалап жатат. 2016.11.18. суроо-жообто Трамптын жеңишке жетишкенден кийинки Америка саясатынын негизги багыттары өзгөрбөсү, болгону, ыкмалар өзгөрөрү тууралуу айтып өткөнбүз. Анда мындай дегенбиз: «Трамптын учурунда, мурунку Америка президенти учурунда белгиленген негизги саясий көйгөйлөргө карата Америка саясатынын өзгөрүшү күтүлбөйт. Болгону, ыкмалар гана өзгөрүүсү күтүлөт. Америка саясаты андагы ар түрдүү башкаруу институттары тарбынан белгиленет. Бирок, алардын ыйгарым укуктары көбөйүп же азайып турат. Мисалы, президент жана анын админстрациясы, Пентагон, Конгресс, Улуттук коопсуздук кеңеши жана коопсуздук чөйрөлөрү. Мына ушулар ыкмалар өзгөрүүсү менен, ошол эле маалда, Американын саясий планы өзгөрбөстөн туруп ишке ашуусун сактап турганга маанилүү таасир өткөрүшөт… ».
- Палестина өкмөтү бул билдирүүлөрдөн улам шокко түшүп калды. Алардын ичинен жөөттөр менен узак убактан бери сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келе жаткан жана Палестинаны боштондукка чыгаруу комитетинин төрагасы Арикат мындай деди: «Биз эки мамлекет чечиминин ойрон болушун тамаша деп билбейбиз. Балким, бул жөөт тарапка да, Палестина тарапка да балээ» («Huffington Post», 2017.02.16.). Арикат дагы мындай деди: «Эки мамлекет чечимин алмаштыра турган чечим бул мусулмандарга, христиандарга жана жөөттөрдүн бардыгына бирдей карай турган демократиялуу бир мамлекет түзүү чечими». («ал-Жазиира», 2017.02.16.). Палестина өкмөтү жана анын куйруктары колонизатор кафир сунуштаган чечимден башка чечим билишпейт. Эгер Америка чечими болгон эки мамлекет чечими ишке ашпай калса, анда Британия сунуштаган илгерки чечимге кайтуу же жөөт бийлиги астындагы мамлекетчеге кайтуу чечиминен башка чечим билишпейт. Бул жерде Америка Палестина бийлигине жана анын куйруктарына өз планын тааныштырбагандыгы көрүнүп турат. Анткени, булардын Америка астында кыйматы жок. Себеби, Америка булардын анын планын кабыл алып, моюн сунуп чегинүүлөргө барарын билет. Ким өзүнүн 80% жеринен чегинүүлөргө барды, ким душманын коргоо максатында өз элине каршы согушту? Ал эч бир баага татыбай турган бийлик, балким ал, ким ага нан көргөзүп койсо, тилин салаңдатып анын артынан ээрчиген ит сыяктуу бийлик!
- Ал эми «Израилдин» позициясына келсек, «Израилдин» өкмөт башчысы Нетаньяху Америка президентин «Израилди» колдоого алгандыгы үчүн мактады. Бирок Трамп менен бирге берген пресс конферецияда эки мамлекет чечими долбоору тууралуу эч нерсе айтпады. Мындан көрүнүп тургандай, ал Трамптын билдирүүсүнө анчейин ыраазы эмес. Бул жерде Нетаньяху бир иштер талап кылып, бирок, ал иштерге жооб ала албагандай жана ыраазы болбогондой. Лекин ал иштерге киришпестикти ылайык көрдү. Анткени, жөөттөрдүн Трампка ишеним артып жаткан үмүтүнө доо кетип албаш үчүн ал иштерге киришпестикти макул көрдү. Көрүнүп тургандай, Нетаняьхунун талаптарына жооп болгон жок жана ал аны ачыкка чыгарууну каалабады. «Голлан көйгөйүн» козгогону тууралуу Нетаньяхудан суралганда, ал «ооба» деп жооб берди. Америка мамбашы ага кандай жооб кайтарганы тууралуу суралганда, Нетаньяху «аны айтпайм, менин талабым ага күтүүсүз болду» деди жана анын майда-баратын ачыктабады. («Reuters» арабия, 2017.02.16.). Трамп шайлоо кампаниясы учурунда Америка элчиканасын Тель-Авивден Кудуска көчүрүү тууралуу берген убадасы тууралуу сүйлөшүүлөрүндө да Нетаньяху ыраазы боло албады. Трамп дем алыш күнү мындай деди: «Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшүү жакшы маанайда өттү» – деди. Трамптын бул билдирүүсү – Ак үй Трамтын шайлоо кампаниясы учурунда Америка элчиканасын Тель-Авивден Кудуска көчүрүү тууралуу берген убадасын ишке ашыруу максатында өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн «биринчи этабы» экендигин – билдиргендин артынан эле болду. Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер мындай деди: «Бул теманы талкуулоодо алгачкы этаптабыз» дагы айтты: «Жакынкы аралыкта элчиликти көчүрүү тууралуу билдирүү деле жок. Бул кадам араб ааламын дүрбөлөңгө сала турган кадам» («Sky News» арабия, 2017.02.22.). Нетаньяху жөөт вужудуна кооп-коркунуч жаратып жаткан Исламга каршы күрөшүүгө басым жасоону ылайык көрдү. «Израиль өкмөт башчысы Нетаньяху Вашингтон менен биргеликте «Ислам экстремизмине» каршы күрөшүүгө жана аны жок кылууга даяр экендигин билдирди». («Халиж онлайн», 2017.02.15.). Алар Улуу Аллах тарабынан түшүрүлгөн Исламга каршы күрөшүү үчүн «Ислам экстремизмин» шылтоо катары беттерине кармап жатышат. Ислам бул Ислам, аны менен Үммөт эле эмес, бүткүл адамзат бакубат жашоого жетет. Ал акыйкат.
«Акыйкаттан башка адашуу гана бар, каякка карай баратасыңар деги?!» [10:32]
Экинчи: Иран темасы
Ооба, Трамп админстрациясы Иран менен болгон алаканы чыңалтып жатат. Бул ачык эле көрүнүп турат. Американын Иранга карата жаңы мындай коркутуу кысымынын алды-артын идирек кылыш үчүн, Американын Иранга карата саясатына, анын Трампка чейин жана андан кийин кандай түс алып жатканына назар салуу менен, анын кайтарапка бурулуп жатканы анык болот:
- Американын Трампка чейин Иранга карата жүргүзгөн саясаты:
- Америка Иракка каршы согушунда жана аны басып алуусунда Иранды өзүнө толугу менен кызмат кылдырды. Ирактын батыш жана түндүк провинцияларында Ирандын таасири жокко эсе эле, Америка бул провинциялардагы Иранга ыктаган жамааттарга каршы согуш алып барбады. Иран Америка менен Ирак жаатында бардык тараптан тил бириктирүүлөр аркылуу иш алып барды. Бул көзү сокур адамга да дайын. Ошондой эле, Йеменде да Иран хувсийлерди колдоду. Хувсийлер Американын эл аралык эммисарлары (мурунку Жамал бин Умар жана учурдагы Валаду Шайх) аркылуу Йемен өкмөтүндө отурукташып калууга аракет кылышты. Америка ТИМи Керри акыркы мөөнөттөрүндө «чоң шайтан Америкага өлүм» деген ураандарды көтөргөн Иран менен жыйын өткөргөнү сыяктуу эле, хувсийлерди чогулултуп жыйын өткөрдү. Иран Йеменде Америка кызыкчылыгын ишке ашыруу ролун ойнойт. Ал эми Сирияда болсо Иран өзү жана Хизбулла жамааты аркылуу айдан ачык эле Америка кызыкчылыгы үчүн роль ойноп жатат. Американын эл аралык коалициясы Сирия козголоңун бомбалоого алды. Ал тургай ИГИЛге эле чектелип калбай, көптөгөн топтордун жетекчилерин жок кылды. Ушунун баары терроризмге каршы күрөшүү шылтоосу астында кылынды. Америка ошол эле маалда террористик аскерий жамаат болгон Ирандын Хизбулла жамаатын бомбалабады. Ирандын Сириядагы ролу Америка саясатынын бир бөлүгү. Кийин 2015-жылы июль айында Америка эл аралык күчтөр менен биргеликте, Иран өзөктүк келишимин түздү, ага Обама кол койду. Америка муну менен, айрыкча «араб жазы» революцияларынан кийин, Иран аймакта анын кызыкчылыгын ишке ашырып бериши үчүн, Иранга карата киргизилген санкцияларды жеңилдетүүнү каалады. Американын бул саясатында – Иран нефтисин сатуу аркылуу Сирия, Йемен, Ливанда Америка талаптары ишке ашышын кепилдөөсү үчүн – Иранга нефтисин сатууга жол ачып берүү каралган. Ушундайча 1979-жылкы Иран революциясынан бери Американын Иранга карата билдирүүлөрү жана Ирандын Америкага карата «чоң шайтан» деген душмандык билдирүүлөрү шамал учурган камгакка окшоп калды. Ал эми иш жүзүндө, Америка менен Иран толук түрдө тил бириктирүү аркылуу иш алып барат. Бул саясат сөз үстүндө эмес, иш үстүндө кылынып жатат.
- Обама админстрациясы – өзүнөн мурдагы Америка админстрацияларына салыштырмалуу – Иран революциясынан кийин, Иранды курчап турган аймактарга Ирандын колун көбүрөөк создурган админстрация болуп калды. Ал тургай Сирия, Йемен, Ливан жана Иракта «Ирандын ролу» деген аталыш да пайда болду. Америка Ирандын ролу үчүн анын оозун бош койо беришиндеги түрткүлөрдүн ичинде мурункулары жана кийинки жаңылары бар. Алар төмөнкүчө:
а) Мурунку түрткүлөргө келсек:
Америка Булуң мамлекетеринин нефти ресурстарына үстөмдүк кылганга чейин, бул аймакка кооп-коркунуч жаратуу милдетин Иранга жүктөө. Америка Булуң мамлекеттерине кадам койуп алуу үчүн, Иран ролунан пайдалануу түрткүсү болду. Бирок, Америка үчүн Иран ролу түрткүсүнөн бөлөк, Ирак Кувейтке 1990-жылы бастырып кирүүсү себебтүү, Америкага бул аймактагы мунай ресурстарына ээлик кылып калуу себебтери көбөйдү. Америка бул кагылышуудан пайдаланып, Булуң мамлекеттеринин көпчүлүгүндө өзүнүн аскерий базаларын жайгаштырып алды. Ошондуктан, Американын Булуң мамлекеттериндеги мунайга ээлик кылуу үчүн Иран коркунучун пайдалануусу убактылуу өчүп калды. Анткени, ага Америка мухтаж болбой калды.
2003-жылы кичүү Буштун учурунда жаңы неоконсерваторлордун бийликке келишинен кийин, Америка Ирандын ролу түрткүсүн пайдаланууну кайрадан жандантты. Бирок бул жолкусунда тайпачылыкты козгоо аркылуу пайдаланмакчы болду. Америка Сайкс –Пико чек араларын жаңыдан Америка планы негизинде, мамлекеттерди тайпачылык негизде бөлүүнү баштады. Америка Ортоңку Чыгыштын жаңы жол картасы тууралуу сүйлөй баштады. Американын кан менен жазылган Ортоңку Чыгыш жол картасы негизинде Иран жаңы чек араларды пайда кылуу максатында, тайпачылык жамааттарын колдоого ала баштады. Тайпачылык чек аралары Иракта айдан ачык көрүнө баштады. Кийин Йеменде, Сирияда, Саудияда, Бахрейнде, Ливанда, Ооганстанда жана Пакистанда көрүнө баштады. Кийин Иран «азчылыкты коргоо» ураанын көтөрө баштады. Тактап айтканда, Ирандын бул кадамы Америка кыйкырып жаткан азчылыкты коргоо саясаты негизинде болду. Мына ушундайча Ирандын ролу кескин түрдө пайда болду.
б) Ал эми жаңы пайда болгон түрткүгө келсек:
Ал «араб жазы». Америка араб жазы себебтүү жаңы кооп-коркунучка кептелди. Араб жазы толкундоолору Тунисте, Йеменде, Мисирде, Ливияда жана Сирияда күтүүсүздөн болду. Америка өз таасирине коркунуч жараткан бул элдик толкундоолор алдында өз таасирин сактап калууга даяр эмес болчу. Америка өз таасирин сактап калуу үчүн аскерлерин да ишке салуусу мүмкүн эмес эле, анткени, Америка коомчулугу Ирак мүшкүлүн баштан кечирип жаткан болчу. Ошондой эле, аймакта анын таасирин толук сактап калууга кудуреттүү жергиликтүү күч да жок болчу. Американын аймактагы Сирия жана Мисирдеги таасирдүү малайлары элдик тоолкундоолор алдында калган эле. Ошондуктан, Америка мындай өзгөчө кырдаалда жаңы түрткүнү тез арада бышып жетилтүү үчүн Иранга көбүрөөк таянууга мажбур болду. Иран айрыкча Сирия козголоңун басууга эт-бети менен кетти. Тороблис жана Сидондогу окуялардан кийин толкундоо жана козголоңдордун алдын алуу үчүн Ливандагы Хизбулла жамаатын күчтөдү. Йемен жана Бахрейнде Британия таасирине каршы Америка таасирин сактап калуу максатында, ал жактагы өзүнө ыктаган жамааттарды колдоосун күчтөдү. Ушунун баары козголоңдорго каршы кылынды. Американын бул жаңы түрткүсү Иранга карата тайпачылык негизде жаңы роль жаратып берди. Ирандын аткара турган бул ролу аймакка карата чоң кооп-коркунуч салды. Американын бул саясаты Америка жана Иран ортосунда ачыктан ачык жакындашууну пайда кылды. Өзөктүк келишиминен кийин, массалык маалымат каражаттары Америкадан Иранга тик учак менен Ирандын Америкадагы тоңдурулган акчасы жеткириле тургандыгы тууралуу айта башташты. Ошондой эле «Боинг» компаниясы менен соода келишимдери тууралуу да айтыла баштады. Америка жооптуулары Иран менен алаканы жеңилдетүү максатында, Европа банктары менен жыйын өткөрүштү. Бул банктардын Америка санкциялары коркунучан кооптонбостуктарын да билдиришти…
- 2015-жылы Британия малайы Абдулла өлгөндөн кийин, Салмандын Саудия бийлигине келиши менен Саудия Америка кучагына өттү. 2014-жылы Сиси Мисир бийлигине келди. Ушуну менен Америка аймактагы таасирин кайрадан чыңап алды. Америка үчүн Ирансыз эле аймактагы таасирин сактап калуу мүмкүнчүлүктөрү көбөйдү. Бул бир тараптан. Ал эми башка тараптан болсо, Америка Ирандын алсыздыгын байкады. Анткени, Иран өзү жана ага ыктаган бардык жамааттары аркылуу Сирия козголоңун изден чыгара албады. Америка Сирияга Орусияны тартууга өттү. Бирок Орусия Ирандын ордун баса албады. Болгону, Орусия Иранга таяныч эле болду. Ушунун баары Америка үчүн саясатындагы тактикаларын өзгөртүү боюнча пикирлөөгө жол ачты. Жалгыз эле Иранга сүйөнүү эффективдүү иш бербеди.
Обаманын мөөнөтү аяктарына аз калганда, Сирия козголоңунун ачкычтары Түркияга топтолду. Америка «Иран-Орусияны» оюндан алып салуу саясатын жана Түркияга Сирия козголоңунун ачкычтары топтолуусу аркылуу Сирия козголоңун изден чыгарып жиберүү саясатын ортоктош алып барууга өттү. Кийин Сирия оппозоциясын Эр-Риядда үйрөтүү үчүн Саудия ролун ишке салууга өттү.
Мына ушундайча Ирандын аймактагы ролу – Америка тарабынан атайын ишке салынган Америка саясаты. Американын Иранга карата роль берүү саясаты кырдаалга жараша бирде күчөп, бирда азайып турат. 1979-жылдан бери Америка «Ислам революциясы» аталышын берип, Иранды аймактагы мамлекеттерге каршы коркунуч катары пайдаланып келди. Кийин неоконсерваторлор бийликке келгенден кийин, бул коркунучту «тайпачылык негиздеги» коркунучка айландырды. Кийин араб жазы толкундоолору башталышы менен «аймактагы негизги ролду ойноочу» катары пайдаланды. Бирок кийин Мисир, Саудия сыяктуу өлкөлөрдө Америка малайлары бийликке келген соң жана Түркияны өз кызыкчылыгына толук иштете алуу мүмкүнчүлүгү жаралгандан кийин, Америка Иранга мухтаж болбогон абалда жаңыча роль берүүгө өттү.
Эске сала кете турган нерсе, Америка Иран жана Иранга окшогон башка малайларынын ролун өзү каалаган учурда кыскартып же күчөтүп койо берет. Ошондой эле, Иранга окшогон бул мамлекеттердин ролу чыныгы таасирге ээ эмес. Анткени, Америка бул ролдорду өз кызыкчылыгына жараша каалаган учурда берет жана каалаган учурда тартып алып койот. Мисалы, Иран өзүнүн урап калган инфраструктурасын оңдоштун ордуна, казынасындагы каражатын Сирия жаатындагы иш-чараларга жумшап жатат. Качан Америка Иранга мухтаждыгы бүткөндө, анын ролун тартып алып койорун Иран айдан ачык билет! Ошондой эле, Америка Йеменде Саудия ролун өстүрүп барууда. Американын мындай кылышы – малай Иранга Йемендеги өзүнө ыктаган жикчилдеринин алдында оңтойсуздук жаратты. Анткени, Саудия Йеменде өз тарапкерлерине түздөн-түз аскерий колдоо көргөзө баштады. Ошол эле маалда, Иран Саудиянын Йемен жаатында үстөмдүк ролун ойношуна моюн сунду. Иран хувсийлерге кичине кемелер менен курал жеткирип берүүгө гана чектелип калды. Кийин Түркиянын Сириядагы ролу да өз кызыл чегинен артка кетиши күтүлөт. Балким, анын билдирүүлөрү жана позициясы да өзгөрөт, анткени, Америка бул акимдерге көңүл бурбайт. Америка аларды кабагым кашым дебестен каалаган учурунда пайдаланат жана каалаган учурунда таштап койот. Тактап айтканда, Америка бул мамлекеттерге карата өз кызыкчылыгын ишке ашыруу максатында өзү каалаган учурда роль берип, иши бүткөндөн кийин ал ролду тартып алуусун уланта берет.
Американын Трамптын учурунда Иранга карата жүргүзө турган саясаты:
Америка бул жаатта аймактагы Ирандан бөлөк мамлекеттерге роль берүүсүн күчөтөт. Алар Түркия жана Саудия, Ирандын ролун кыскартат. Ушул негизде Трамп Ак үйгө келди. Америка мурунку саясий ыкмасынын негизинде Иран ролуна тийишпестен, аймакта үч мамлекет өздөрүнө берилген ролду Америка кызыкчылыгы үчүн аткарып кете берүүлөрү мүмкүн болчу. Бирок Трамп Иранды шантажга салуу аркылуу мафиялык жол менен экономикалык жактан пайдаланууну каалап жатат. Ошондуктан, ал Иран менен болгон алаканы чыңалтты. Твиттер аркылуу да чабуул кылды. Ал Иранды тероризмдин уясы деп сыфаттады. Америка жана анын союздаштарына коркунуч жаратат деди. Иран менен болгон алакада агрессия көргөзө баштады. Ирандын 2017-жылы 3-февралдагы ракета сыноосу үчүн анын 25 ишкерине карата санкция киргизди. Аны менен болгон өзөктүк келишимди туура эмес деп, андан Америка бир тараптуу чыгып кетери ыхтымалдуулугу менен да коркутту. Ошондуктан, зээндерге Трамп Иран менен болгон Америка саясаты жаатында чоң өзгөртүүлөргө барат го деген ой жаралып калды. Ошол себебтүү Трамтын Иран жаатында кандай саясат алып барарына төмөндө токтолуп өтөбүз:
- Республикачылардын алып бара турган саясаты өз күчүн жана зордукчулугун көргөзүүгө таянат. Бул саясат Трамптын тышкы саясатты алып баруусунда ачык көрүнүп турат. Алардын бири Иран жаатындагы алакасында.
- Ооба, бул жерде Америка Иран жаатында жаңы маселе негизинде иш алып бара баштады. Бул маселенин артында Трамп Американын көптөгөн экономикалык маселелерин чечүүнү убада кылган. Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн коопсуздугун Америка камсыз кылып жаткандыгы үчүн акы төлөөлөрүн Трамп алардан ачыктан ачык талаб кылды. Трамптын бул талабы Жапонияны, Кореяны, Европа өлкөлөрүн, жеңил-желпи жем болгон бай Булуң мамлекеттерин өз ичине алды. Жогоруда айтылып өткөндөй, Булуң аймагына карата Ирандын ролун жана коркунучун пайдаланууга болгон Американын мурунку жана жаңы түрткүсү олуттуу түс алды. Иранды шантаж кылуу аркылуу Булуң мамлекеттерине коркунуч жаратуу Обама мезгилинде эле башталган. Трамп болсо бул маселени экономикалык жаатта пайдаланууну каалап жатат. Трамп Иранга кысым кылуу аркылуу анын Булуң аймагындагы ролун чектеп, анын акысына мунайга бай Булуң мамлекеттеринен олчойгон салык алууну каалап жатат. Ирандын коркунучунан силерди коргоп жатам деген таризде, алардан салык алууну каалап жатат. Ошондуктан Американын бул кысымы алдында Иран өз ракетасын сыноодон өткөрдү. Ирандын бул кадамы Америка менен тил бириктирүү аркылуу болгондугу да чындыктан алыс эмес жана анын ракета сыноосу Американын Иранга карата кысым кылуу мезгилине туура келүүсү да ушуну түшүндүрүп турат. Тактап айтканда, Иран чындыгында эле Булуң мамлекеттерине коркунуч жаратып жаткандай түр жаратуу. Иран бул аракетинен өзү пайда таппайт, балким пайда табуучу – Иран коркунучунан коргоп жаткандыгы үчүн акы талап кылып жаткан Америка болуп саналат. Трамптын шайлоо камапаниясы учурунда берген билдирүүлөрү ушуну каңкуулап турат. «Жаңыча пикирлөөгө» ишара кылган Трамптын ал билдирүүлөрү төмөнкүчө:
- 08.19. «CNN» арабий маалымат агенттигинин маалыматында мындай делет: «Трамп Саудиядан аны жоголуп кетиштен сактап турган Америкага акы төлөшүн талап кылды». Ал айтты: «Саудия жакынкы аралыкта чоң туңгуюка кептелет жана биздин жардамыбызга мухтаж болот. Эгер биз болбогондо Саудия азыркыдай абалда калмак эмес».
- 08.19. «CNN» арабий маалымат агенттигинин маалыматында келет: Трамп айтты: «Жапонияны коргоп жатабыз, Германияны коргоп жатабыз, Түштүк Кореяны коргоп жатабыз, Саудияны коргоп жатабыз жана башка көптөгөн өлкөлөрдү коргоп жатабыз. Алар мунун акысына бизге эч нерсе төлөшпөйт. Бирок алар мунун акысына бизге акы төлөөлөрү зарыл, анткени биз аларга эбегейсиз кызмат көргөзүп, ресурстарыбыздан кол жууп жатабыз. Менин айткан нерселеримдин бардыгынын чындыгы бар, эгер алар өз үлүштөрүн адилеттүүлүк менен төлөшпөсө… анда алар өздөрүн өздөрү коргоого мажбур болушат же биздин жардамыбызга мухтаж болушат. Биз 20 триллион карызы бар мамлекетпиз, алар бизге жардам берүүлөрү милдет». Трамп дагы: «Соода келишимдери тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө кудуреттүү» экендигин баса белгиледи. Ал «Сиз Жапония жана Саудия менен сүйлөшүүгө кудуреттүү болушуңуз керек» деген суроого комментарий берип мындай деди: «Силер биз Саудияны коргогондугубуз үчүн ал акы төлөп жатат деп ойлоп жатасыңарбы? Биз аларды коргойбуз, бирок алар бизге эч нерсе төлөшпөйт».
- 01.26. «ал-Жазиира» сайтында мындай келген: «Америка президенти Американын 2003-жылы Иракка киргендигине жана аны кийин Иранга тапшыргандыгына ишаара кылып «Америка Иракка кирип катачылык кылды» деди. Америка Ирактан чыгып кетпестен, анын нефтисине көзөмөл кылып кала бериши туура болмогуна да ишара кылды. 2017.01.24. «Reuters» арабия сайты «Трамп Американын борбордук чалгындоо кызматы жооптууларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө «Америка 2003-жылкы согуштун чыгымдарын жабуу үчүн, Ирак нефтисин колго алуусу туура болмок» экендигине ишара кылды» деп жазды.
- Ушулардын бардыгы Трапмтын келишим түүзүүгө болгон умтулуусу канчалык деңгээлде экендигин көргөзүп турат. Тактап айтканда, Ирандын коркунучунан коргогондугу үчүн анын акысына акы төлөө шартын коюп келишим түзүү каалоосу. Башкача айтканда, бул мамлекеттердин акимдери өз бийликтерин сактап турушу үчүн Америкага акы төлөөлөрү керек. Америка бул акимдердин берген акылары үчүн алардын бийлигин сактап турмакчы. Трамптын мафия жолу аркылуу каражаттарды тартуу каалоосун көптөгөн далилдер тастыктап турат. Трамп Американын өлкөлөрдөн олчойгон салыктарды жыйнап алышын көтөрүп жаткан жалгыз америкалык эмес. Америка конгресси 2016-жылы «Хуста» мыйзам долбоорун кабыл алды. Тактап айтканда, ал Обама бийлиги учурунда кабыл алынды. Бул мыйзамдын негизинде «тероризм» амалияттарына тиешеси бар деген жүйө менен Саудия жана Булуң мамлекеттеринин акчаларын камап койуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Анткени Америка экономикалык кыйын кырдаалды башынан кечирип жатат. Ал бюджетин бардык тарбынан кыскартууга мажбур болду. Анын эбегейсиз карызы, ошондой эле, Кытайдын экономикалык жактан өсүп чыгуусу ага оңтойсуздук жаратты. Ал дайыма чоң чечимди издеп келет. Кичүү Буш Американын экономикалык кыйынчылыгын Иракты басып алып анын мунайын пайдалануу менен чечмекчи болду. Бирок Ирактын каршылыгы аны бул нерседен тосуп койду. Ирак согушуна 3 трилион доллар жумшады. Обама Американын экономикасына акча тартуу үчүн Британиянын салык баш калкасы аралдарына сокку урду. Кийин «хуста» мыйзамы аркылуу «тероризмди» каржылайт деген жүйө менен, акчаларды өзүндө камап калып пайдаланууга өттү. Азыр болсо Трамп өлкөлөрдү коргоп жатабыз деген жүйө менен алардан олчойгон салыктарды алуу аркылуу Американын экономикалык кыйынчылыгын чечүүнү көздөөдө. Трамп сегиз жыл аралыгында Американын 20 триллиондук карыз көйгөйүн чечем деп олчойгон убадаларга чөмүлүп алган!
- Трамптын Американы «кайрадан улуулугуна кайтарам» деген урааны Американын түздөн-түз кийлигишүүлөрдү кылышын талап кылат. Обама алып барган бирөөлөрдүн артына туруп иш кылуу саясатын толук жойот. Тактап айтканда, бирөөлөрдүн артынан иш кылбай, өзү түздөн-түз иш алып барат. Ошондой эле, Трамп админстрациясы Сирияда Орусиянын ролун кыскартып, Американын өзү түздөн-түз иш алып барышын камсыздоо үчүн Сирияда коопсуздук аймак түзүүнү баштады. Ошондой эле, Ирандын Сириядагы аткарып жаткан эбегейсиз ролун да башка ролго алмаштырууну карай баштады. Ошондуктан, Трамптын админстрациясы экономикалык максатына жеткенден кийин, Ирандын ролун кыскартуу үстүндө катуу пикир жүргүзүп жатат. Америка Иранга Түркия жана Саудиянын ролун толуктоочу гана бир роль берүүнү караштырып жатат. Тактап айтканда, Иранга Сирияда өзгөчө роль ойноо берилбейт. Балким, ага биринчи кезекте Түркиянын, андан кийин Саудиянын ролун толуктап туруучу гана бир роль берилет. Ирандын ролу Америка кызыкчылыгына кызмат кыла берет.
- Мына ушундайча Американын Ирандын ролун өзгөртүүдөгү билдирүүлөрүнүн көбү иш жүзүндө эмес, сөз жүзүндө гана калат. Учурдагы Вашингтондон Иранга карата айтылып жаткан билдирүүлөрдүн көпчүлүк бөлүгү сөз жүзүндө гана калат. Мисалы, «Иран президенти Хасан Рухааний Иран революциясынын 38 жылдыгын белгилөө жыйынында сүйлөгөн сөзүндө: «Ирандыктар Америка санкциялары үчүн ага татыктуу жооб берет жана америкалыктар өкүнөт» – деди. Руханий ирандыктардын революцияны эстеп бүт өлкө боюнча чогулгандыктары улуттук биримдиктин кубатын көргөзөрүн жана бул чогулуу Ак үй жетекчилеринин берген ката билдирүүлөрүнө каршы ачык жооб болоруна ишара кылды. («Россия сегодня», 2017.02.10.). Америка президенти Трамп буга жооб катары «сак бол» деди. «Америка президенти Трамп жума күнү Ирандын президенти Руханийдин «кайсы бир шахс ирандыктарга коркунуч жаратса, ал өкүнөт» деген билдирүүсүнө каршы жооб катары «сак бол, өзүңө жакшы болот» деди. («Reuters», 2017.02.10.). Буга окшогон билдирүүлөр Америка-Иран өзөктүк келишиминдеги күрөш алкагына кирет. Ал эми чыныгы абалда болсо, Америка планын аткаруу үчүн Иран аны менен бүтүндөй жардамдашуу алкагында иш алып барат. Mогерини 9-февралда Трамп админстрациясынын жооптуулары менен жоолугушуусунан кийин, журналисттерге берген маегинде: «Бул жолугушуу алкагында мен алардын Иран менен болгон өзөктүк келишимди толук аткарууга ынтызар экендиктеринен хабардар болдум» деди. («Россия сегодня», 2017.02.10.). Ал эми Американын Иранга карата киргизген жаңы санкциялары өтө эле тар чөйрөдө болду. Американын билдирүүлөрү Ирандын ролун кайрадан карап чыгууга каратылган болсо дагы, Америка аны өз саясатына ылайык караштырат. Иранды кандай кылып экономикалык жана саясий жактан Американын жогорку кызыкчылыктарына кызмат кылдырууну караштырат. Ирандын ролун кайра карап чыгуу жалгыз Трампка эле тийиштүү эмес. Балким демократтар кандидаты Хилари Клинтонго да тийиштүү. Ал шайлоо кампаниясы учурунда Ирандын ролун кайра карап чыгууга чакырык салган. Ал Иранга карата «ишеним жана ишке ашыруу» саясатын «туура эмес саясат» деп сыфаттады. Ал бул саясаттын ордуна Иранга карата «ишеним жок» саясат алып бармагын белгиледи. Өзөктүк келишим боюнча бирер нерсе бузулса, Иранга карата кайрадан санкцияларды киргизерин убада кылды. Балким өзөктүк келишим бузулса, Иранга каршы аскерий күчтү да колдонорун убада кылган. («Шаркул авсад», 2016.03.22.). Тактап айтканда, Трамптын Иран ролун кайрадан карап чыгуу саясаты Американын мамлекеттик саясаты болуп саналат. Бирок жогоруда айтып өткөнүбүздөй, Ирандын ролу экономикалык жана саясий жактан Америка кызыкчылыгына кызмат кыла тургандай кылып кайра карап чыгуу каралган.
Корунтулап айтканда, эске сала кетчү нерсе, Америка бузуку «баалуулуктары» жана чириген цивилизациясынын натыйжасында ичинен урап бара жатат. Ошондой болсо да, ал мусулман өлкөлөрүндө каалагандай шапар тээп жатат жана өздөрүн акимдербиз дегендер анын кызыкчылыгын ишке ашырууда ат салышып жатышат! Өкүндүрө турган нерсе, мусулман өлкөлөрү колонизатор каапырлардын пландарын ишке ашыра турган майданга айлангандыгы. Мунун бир гана себеби бар, муну биз дайыма кайталап айтып келебиз, ал себеб: аны менен коргонулуп, анын артында туруп жихад кылына турган туура жолдогу Халифалыктын жоктугу. Абу Хурайра Gдан риваят кылынат, Пайгамбар A айтты:
«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ، يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ، وَيُتَّقَى بِهِ»
«Имам – калкан, анын артында туруп согуш кылынат жана аны менен коргонулат». (Муслим риваяты). Аллахты жана Анын Расулун сүйгөн ар бир мусулманга бул маселе тагдыр чечүүчү маселе болушу керек. Халифалыкты тикелөө жолунда Аллах үчүн ыхлас менен амал кылуусу милдет. Мына ошондо Пайгамбар Aдын хадисинде кушкабар берген башарат жүзөгө чыгат. Ахмад жана Таяласий риваяты: Пайгамбар A айтты:
«…ثُمَّ تَكُونُ جَبْرِيَّةً، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
«… кийин залим падышалык болот, ал Аллах каалганча болот жана Аллах аны каалаганда көтөрөт. Кийин Пайгамбарлык жолундагы Халифалык болот…». Мына ошондо мусулмандар өз улуулуктарына кайтат. Колонизатор каапырлар кор болгон абалда мусулман өлкөлөрүнөн чыгып кетет, эгер аларга чыгып кете турган жер калган болсо.
«Ыйман келтиргендерди билиш үчүн жана алардан шахиддерди тандап алуу үчүн бул күндөрдү биз адамдар арасында айландырып турабыз. Аллах заалимдерди сүйбөйт» [3:140]
26–жумадул-аввал, 1438-х.
23–февраль, 2017–м.